whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.07.2025
28.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИлон Маск Күндүн кеңейиши Жерди жашоого жараксыз кыларын кайрадан айтты

Илон Маск Күндүн кеңейиши Жерди жашоого жараксыз кыларын кайрадан айтты

Америкалык ишкер Илон Маск 500 миллион жыл ичинде Күндүн азыркы кеңейүү ылдамдыгынан улам Жер планетасы жараксыз болуп каларын айткан. Бул тууралуу РИА новости жазды.
«Күндүн кеңейиши азыркы убакыттын 10 пайызынан кийин Жерди жашоого жараксыз кылып коюшу мүмкүн», — деген Маск.
Ал Күн беш миллиард жылдан кийин жарыларын эске салып, Марс адамзаттын аман калышына эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп калышы ыктымал экенин белгилеген.
Маск мындан мурун дагы, тагыраагы, сентябрда адамзат жылдыздар аралык каттамдарды өздөштүрө албаса, келечекте Күндүн кеңейишинен же Жердин астероид менен кагылышынан улам планета жок болуп кетиши мүмкүн экенин айткан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар