whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүТемир жол куруунун бардык этаптарына 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт

Темир жол куруунун бардык этаптарына 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт

27-декабрда президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышынын аземинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөрүн айтты. 

Масштабдуу аймактык долбоордун негизинде курулушту баштоо аземи Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында өттү.

“Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ. Биринчиден аталган темир жолдун курулушу, өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары, биздин ролубуз бекемделет. Жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден аталган долбоору өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Мындан сырткары, темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт”, — деди президент.

Өлкө башчысынын айтымында, бул өлкөнүн социалдык жана экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. Ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жөн гана транспорттук коридор эмес, маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар