Президент Садыр Жапаров 27-декабрда бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында мамлекет башчысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.
Иш-чара саат 12:00дөн тартып УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөру айтылды.