whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларСаясат жана коом"Түндүк" системасын колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашты

«Түндүк» системасын колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашты

Узап бараткан жылы «Түндүк» системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

«2024-жылы тиркемеге 15 жаңы кызмат кошулду. Бүгүнкү күндө ар бир киргизилген кызмат жакшы иштеп жатат. Эң негизги кызматтардын бири жарандарыбыз жашаган жери боюнча каттоосун онлайн текшере алышат. Мындан сырткары, үч санариптик документтерди чыгардык. Азыркы учурда «Түндүк» системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул абдан жакшы көрсөткүч”,-деди ал.

Маалыматка ылайык, Tunduk тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга шарт түзүлдү. Эми жарандар никени каттатуу жана бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү боюнча күбөлүктү, ошондой эле өлгөндүгү боюнча маалымкатты аралыктан ала алышат.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар