Суббота, 28 декабря, 2024
-9.9 C
Бишкек

ӨКМ: Пиротехникалык каражаттарды колдонууда төмөнкүлөрдү эске алыңыз!

Жаңы жылдык майрамда көпчүлүк үй-бүлөлөр пиротехникалык каражаттарды аттырышары бышык. ӨКМ бул каражаттарды колдонууда төмөнкүлөрдү эске алууңузду эскертет.

Пиротехникалык каражатты тандоодо:

— Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз.

— Сөзсүз түрдө жарактуулук мөөнөтүн текшерип, колдонуу эрежелери, сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз.

— Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышкан каражат жарылганда багытталган тарапка түз кетпей адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет.

— Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгүн жана сатууга уруксат кагазын сураңыз. Себеби, текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себеп болуп калышы толук ыктымал.

Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:

— Сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып же көмүп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат.

— Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек.

— Пиротехникалык каражатты колдонуу алдында кунт коюп, нускама менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуңуз.

— Тандалган жердин айланасын дыкаттык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде өрт коркунучу бар обьектилер: автоунаа токтоочу жай, жыгач сарайлар, гараждар, электр өткөрүүчү зымдар ж.б.у.с. болбошу керек.

— Билигин (фитиль) күйгүзүүдө колуңузду созуп от жандырыңыз да, алысыраак жака качыңыз.

— Көрүүчүлөр менен пиротехникалык каражаттын аралыгы көрсөтмөсүнө жараша сакталуу зарыл.

Тыюу салынат!

— Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуңуз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз.

— Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт.

— Пиротехниканы жабык жайларда бөлмөдө, кеңседе колдонууга уруксат берилгенин же  колдонууга тыюу салынганын айырмалай билиңиз. Бул нускамасында жазылуу болот.

— Балдардын өз алдынча пиротехникалык каражаттарды күйгүзүшүнө уруксат береңиз.

Свердлов району боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери капитаys Мураталы у Р.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар