Орустун алыскы айылында оокат кылган үй-бүлө

0
1092

Бүгүнкү биздин каарманыбыз  Россиянын Рязань облусунун Юрино  айылында жашаган жети баланын энеси, ийгиликтүү ишкер айым Айшакан Асанова. Айшакан жашаган аймак айыл деп аталганы менен ээн талаа. Болгону бир эле кошунасы бар. Ал дагы алысыраак жашайт. Көп балалуу үй-бүлөнү бул кароосуз калган айылга жашоонун кыйынчылыгы алып келген. Айшакан менен анын жолдошу Алик Мансуров өз окуяларын төмөндөгүчө баяндап беришти.

Кыргызстанда чоңоюп, Россиядан табыштык

Түгөйлөр Томскиде таанышкан. Алик жашылча сактоочу кампада иштеп жүргөндө Айшакан да ошол кампага жумушка орношуп калат. Жубайлар бири-бирин биринчи көргөндө эле жактыруу сезимдери пайда болуп, көп өтпөй үйлөнүшөт.

Томск шаарында жашап жүрүп Ильяз жана Шамил аттуу эки балалуу болгондон кийин Россиянын жарандыгын алып, Москвага жөнөшөт. Ал жактан Ислам аттуу үчүнчү уулду болушат. Бирок аларга Москвада жашоо кыйыныраак болду. Аликтин жумушка барып келүүсү алыс болгондуктан таң атпай үрүң-бараңда чыгып, кайра түн жарымында үйгө келет. Анын үстүнө Москвада батирлердин да ижарасы кымбат. Андыктан башка шаарга көчүүнү ойлонушат. Ал ортодо аларга өкмөт Юрино айылынан  энелик капиталга үй сатып алууну сунуштап калат. «Ал үйдө жашоого эч кандай шарт жок болчу. Бирок биз аны сатып алууну чечтик. Анткени ал учурда Москвадан тажап, каражаттан кыйналып кеттик. Анын үстүнө балдар менен бир жерге каттоого дагы турушубуз керек эле. Буга чейин баштан көп кыйынчылыкты өткөрдүк, бул үйдү деле оңдоп алабыз. Негизгиси башыбызды калкалай турган үйүбүз болот деп сатып алдык, – дейт Айшакан Асанова.

Бирок  аларга кароосуз калган эски үйдү калыбына келтирүү, алыскы айылда жумуш табуу кыйын болду. Ал арада төртүнчү уулу Эльдар төрөлөт. Балдары алардын айылынан бир нече километр алыс жайгашкан Каверин айылындагы мектепке бара баштайт. Классташтары аларды бат эле кабыл алып, башка өлкөдөн көчүп келген көп балалуу үй-бүлөдөн экенин билген мугалимдер аларга жардам бере башташат. Аларга коңшу айылдын эли кошулуп тамак-аш, кийим-кече жана башка керектүү буюмдарды алып келип бере башташат.  Жергиликтүү элдин меймандостугу, колдоосу,  жардамы аларга чоң дем-күч болду.

Өздөрүнүн айылындагы жалгыз коңшусу менен да достошуп,  киришип-чыгышып турушат. Ал эми жергиликтүү өкмөт Аликке айылда газ бөлүштүрүүчү станцияга иштөөнү сунуштайт. Анткени айылда дээрлик кары-картаңдар калгандыктан иштегенге киши жок эле. Атайын окутуп, Аликти жумушка алышат. Ал эми Айшакан да үйдө бир нерсе менен алек болоюн деп, огород тигип, кой, уй бага баштайт.

– Алгач абдан кыйын болду, – деп эскерет Айшакан.

– Суу жок, аны алыстагы кудуктан ташууга туура келчү. Күндүн суугуна, шамалга карабай кой жаям. Кичине балдар менен малды да карап, огородду да жайгарып таң аткандан күн батканга чейин тыным жок эле. Суу чыгарып  бергиле деп администрациядан көпкө сурандык. Бирок тогуз жыл дегенде барып суу киргиздик, – дейт Айшакан.

Бара-бара жашоо оңоло баштады. Ал арада  Ясмина менен Тахмина аттуу эгиз кыздуу болушат. Бир нече жылдан кийин  кичүү уулу Имран төрөлүп,  ошентип жети баланын ата-энеси болуп, очор-бачарлуу болушат. Албетте, бөтөн эл, бөтөн жерде жети баланы чоңойтуу оңойго турган жок. Кийинчерээк Юринден жакшыраак үй берилди. Балдары чоңоюп Айшакан жумушка чыгып иштөөнү ойлоно баштайт. Он жылдан ашык декреттик өргүүдө отуруп, бирок өзүнүн да кыял-максаты бар экенин, балдарын да жогорку окуу жайга окутуу үчүн каражат керектигин, жалгыз жолдошун карап отура берсе болбостугун ойлоно баштайт.

Андыктан айылга жакын жайгашкан шаарлардан иш караштырат.  Бирок “балдарың көп экен, алар ооруп калса жумуштан сурана бересиң” деп эч ким жумушка албайт. Мындан улам үйдөн отуруп иштей турган жумуш издей баштайт. Изденген адамда сөзсүз ийгилик болот дегендей, 2020-жылы Айшакандын Кыргызстандан курбусу келип калат. Ал курбусу косметика жана үй тазалоочу каражаттарын саткан Россиялык компаниянын товарларын онлайн сатып иштегендиктен Айшаканды чогуу иштөөгө чакырат. Ошентип Айшакан үйдөн онлайн сатуу жүргүзүп иштей баштайт.

Онлайн сатуу, маркетинг боюнча ар кандай курстарды окуп, ошондой эле ден соолук, сулуулук, өзүнө кантип туура кам көрүү жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө үйрөнө баштайт.  “Бул иштен мен ушунчалык шыктангандыктан, акыры издеп жүргөнүмдү тапканымды түшүндүм. Үйдө отуруп изденип, билим алып, жаңы нерселерди үйрөнүү менен бирге үй жумуштарына дагы жетишип, бул бизнес-тен жакшы кирешеге чыктым,” – дейт Айшакан.

Бирок Алик аялынын жумушун башында жактырбаганын айтат. «Мен анын тынымсыз иштеп, окуп жатканын байкадым. Мага бул жаккан жок, анткени чогуу азыраак
убакыт өткөрө баштадык. Бирок Айшакан бул иштин ал үчүн канчалык маанилүү экенине өжөрлүгү менен мени ынандырды. Андыктан  кийлигишкен жокмун, тос-коолдук да кылбадым. Анын ийгиликтерин, жетишкендигин көрүп сүйүндүм.

Мен өзүм да жумуштан кийин таксиде иштеп кошумча жумушка орноштум. Экөөбүздүн тапкан кирешебиз көбөйүп, бардыгына кенен-кесир жетип калды. Кыялдарбыз бар эле, ошолорду орундаттык.

– Мен өз бизнесимди таптым, – дейт Айшакан. – Үч жылдын ичинде менин айланамда жакшы адамдар көп болду. Мен бизнестен экинчи үй-бүлөмдү таптым деп айта алам. Бул жерде биз жумушта гана эмес, айрым жеке иштерде да бири-бирибизди колдойбуз. Башында насаатчылар мага бардык жагынан жардам беришчү, азыр мен башкаларга жардам бере турган деңгээлге жетип калдым.

Эсимде, бир ирет Россияда иштеп жүргөн бир кыз менен таанышып калдым. Ал кош бойлуу болуп калганын, бирок жигити таштап кеткенин, каржылык абалы оор болгондуктан, баланы эмне кылууну билбей жатканын айтты. Мен өзүмдүн көп балалуу экенимди, эч ким жашабаган ээн жерде жашап дагы ийгиликке жетип, өзүмдүн күндө каражат түшүп туруу-чу бизнесим бар экенин айтып, колдоо көргөздүм. Жардам берип турдум. Кийин ал кыз аман-эсен төрөп, иштеп, бутуна турду. Азыркы күнгө чейин ыраазычылыгын айтып келет, – дейт Айшакан.

Айшакан күндө эртең менен  төрттө ойгонуп, күндүк планын түзөт, эртең мененки тамакты даярдайт. Таңкы саат жетиде балдары туруп, мектепке даярдана башташат, кичүүсү бала бакчага барат. Күндүз ал үй жумуштары менен алектенет, ошол эле учурда өзүнүн онлайн бизнеси менен иш алып барып, социалдык тармактарда жарнамаларды чыгарат.

– Үйдө баары жакшы, –  дейт ал. – Балдар өз алдынча, үй жумуштары боюнча ар кимисинин өзүнүн милдеттери бар. Баса, эки жылдан бери кой бакпай жүрөм. Эртеден кечке чейин бардык убактым өзүмдүн бизнесим менен өтөт. Кечинде баарыбыз дасторконго чогулуп сүйлөшүп отурабыз. Эң негизгиси, мен өзүмдү таптым, өзүмдүн максатым, өзүмдүн кадыр-баркымды арттырдым жана эң башкысын – эгерде аял өз жашоосун өзгөрткүсү келсе, анын колунан баары келерин түшүндүм.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз