Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Медер БЕКТУРГАНОВ:“Кредитимди жабам деп аргасыз Стамбулга келгем”

Бул жолу көп жылдардан бери Түркиянын Стамбул шаарында жашап, ишкерлик менен алектенип жүргөн мекендешибиз менен баарлаштык. Бүгүнкү ийгилигине жетүү үчүн канчалаган кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жана ал сыноолордун баары аны курчутканын баяндап берди. Маектешимдин суранычы менен анын аты-жөнүн өзгөрттүк. 

Стамбулга кредит төлөө үчүн келгем

– 2013-жылы 18 жаштагы иним класс-таш балдарынын шыкагы менен эч ойдо жок жерден үйлөнөм деп чыкты. Кеч күз болчу. Эки машина менен кызды алып келе жатышып, иним досунун машинасы менен чет элдик туристтердин машинасын сүзүп алат. Кудай жалгап оор жаракат алган эч ким болбогону менен эки тараптын тең машинасын төлөп беришибиз керек болуп калды. Элден намыстанып мал сатып, процентке акча алып, той өткөрдүк. Машиналарын тургузуп бериш үчүн аргасыздан үйүбүздү күрөөгө коюп кредит алдык. Атам мал чарбасы менен алектенип, апам үй кожойкеси болгондуктан биздин туруктуу кирешебиз деле жок болчу. Мен студент болчумун. Айла жок кредитти төлөш үчүн 2-курстан окуумду таштап чет өлкөгө иштегени кетмей болдум. Москвага кетем деп жүрүп, одноклассники сайтынан Түркиядагы классташ балам менен сүйлөшүп калдым. Ал жакта деңизге чыгып балык кармап иштээрин, жакшы акча табарын айтып бергенде Түркияга кетем деп чечтим. Ал мага түрк номерин жазып берди. Мен билет алып, кайсы күнү учарымды жазып койдум. Азыр ойлосом жүрөгүм тоо экен, түркчө бир сөз билбей, жаныма 1000 сомго жетпеген акча салып алып Стамбулга учуп кеттим.

«Тосуп алам» деген классташымдын телефону өчүк…

– Аэропорттон тосуп алам деген классташ баламды күтүп 3-4 сааттай олтурдум. Түрк номерин сатып алайын десем аябай кымбат экен. Орусча чала-бучук түшүнгөн бир кароолчудан өтүнүп жатып, кагазга жазып алган классташымдын номерине чалсам өчүк деп туруп алды. Деңдароо болуп туруп калдым. Кеч кирип баратканда айла жок көчөгө чыктым. Билет алып, Сабиха Гөкчен аэропортунан шаарды көздөй жөнөдүм. Эмне кыларымды билбей деңиздин жээгиндеги паркка барып олтурдум. Эртеден бери наар албаганым менен суудан бөлөк эч нерсе жүрөккө баспай койду. Ушинтип эле талаада калат турбаймынбы деп аябай ызаландым. Деңиз жээгинде эмне кыларымды билбей олтурсам бир велосипедчен кыргыз байке жаныма келип: “Кыргызсыңбы? Жана өтүп баратканда эле олтурдуң эле, жаңы келдиңби, бирөөнү күтүп олтурасыңбы?” – деп сурап калды. Бир тууган байкемди көргөндөй сүйүнүп, кадимкидей көзүмөн жаш тегеренди. Ал-жайымды түшүндүрсөм, телефонун берип, “классташыңа чалып көр” деди. Чалсак дагы эле өчүк. “Жүрү”, деп Нурбек байке анча алыс эмес жердеги өзү жашаган квартирага алып барды. Үч бөлмөлүү квартирада жалпы 13 кыргыз турушат экен. Мени жалаң балдар жаткан комнатага киргизди. Нурбек байке ошол квартираны жооптуу болуп алып, кыргыздарды киргизип, тартипти карап жашайт экен. Бактыма ушул байкени жибергенине Кудайга аябай ыраазы болдум.

Тил билбей же жумуш таппай…

– Же бир кесиптин ээси болбогондон кийин, же түркчө билбегенден кийин мага жумуштун табылышы аябай кыйын болду. Акыры чогуу жашаган балдарга кошулуп  курулушка бардым. Жумуш абдан оор болчу. Бир объектиде бир топ өзбек балдар, 3 кыргыз бала, калгандары бүт түрктөр болчу. “Чекич (балка) алып кел” десе тепкич көтөрүп барам, же дагы башка нерсе сураса башка нерсе алып барып кээде шылдың, кээде уруш угуп жүрдүм. Түрктөр анын үстүнө түркчө билбегендерди жактыра беришпейт экен. Кечинде чогуу жашаган кыздардын сөздүгүн сурап алып сөз жаттап тил үйрөнө баштадым. Кыргыз тилине жакын болгондуктан түрк тили андай деле кыйын болгон жок. Жумуш оор болгондуктан аябай эле арыктап, абасына көнгүчө бир күн ооруп, бир күн соо болуп жүрдүм. Эки айдан ашык  иштегеним менен документ жасатып, квартира акысы, тамак-аш, баскан-турганымдан артпай айылга акча сала алган жокмун. Бул аралыкта үйдөгү чоң малдарды сатып кредит төгүп жатышты. Кайра Москвага кетсемби деп да ойлонуп жүрдүм. Башка жумуш караштырмай болдум.

Кийимчен уктап, кабаттап жамынып жатсак да үшүп…

– Ишемби күндөрү түрктөрдүн үйүндө кызматчы болуп же бала карап, кары кишилерди карап иштеген эжелер Нурбек байкенин квартирасына чогулуп, кыргыз тамактарын жасап, олтурганды адатка айлантышыптыр. Ошентип келген эжелердин бирөө Стамбулдун чет жагындагы бир цехте иштей турганын, ал жакка жумушчу керек экенин айтып калды. Эртеси эле ал эже менен ошол жакка бардым. Шаардын таптакыр эле чет жагында болгондуктан барып-келип иштегенге мүмкүн эмес болчу. Цехте шарты абдан начар, жылуу суу чыкпаган, аябай кир, жатакана деген эле аты бар бөлмөдө жатып иштей баштадым. Бирок, квартирага төлөбөй үнөмдөп, үйгө аз-аздан акча сала баштаганыма кубанып жаттым. Бычканды билгендер жакшы акча табарын билип, өзбек улутундагы байкенин жанынан чыкпай бычканды үйрөндүм. Кышында жатаканабыз абдан суук болгондуктан, жылыткыч сайып кийимчен уктап, кабаттап жамынып жатсак да үшүп калчубуз. Айла жок жакыныраак жерден тооктун уясындай болгон квартира таап чыктым. Менин милдетиме кирбеген жумуштардын баарын жасап, күнү-түнү иштей берчүмүн. Цехтин ээси менин эмгегимди баалап, айлыгымды көтөрүп, мага көп жумуштарды ишенип тапшыра баштады. Анын үстүнө орусча жакшы билгеним да артыкчылык болду. Товар жиберип, тапшырык бергендер менен сүйлөшүп, айтор, цехтеги бардык иштерди көзөмөлдөйм. Тапканымдан квартирага, тамак-ашка эле алып калып калганын баарын айылга кредитке салам. Ишенесизби, Стамбулга келгениме 1,5 жылдай болсо да шаарды кыдырып көрбөптүрмүн.

Эне сүтү оозунан кете элек кыргыз кыздарын аяп

– Ишемби күндү биз күткөндөй эч ким күтпөсө керек. Жөн эле өз ата-энеңдин үйүнө бараткандай көтөрүнүп алып жөнөп калабыз. Барсам мурда-кийин көрбөгөн аябай арык, кара торусунан келген, башын эч өйдө көтөрбөгөн узун чачтуу кыз келип калыптыр. Эжелер кайра-кайра чакыртып жатып да биз менен чогуу тамактанууга көндүрө албай коюшту. Кыздар тамак-ашты кыз жаткан бөлмөгө алып барып беришти. Нурбек байке бул кыз Самара деген 19 жаштагы кыз  экенин,  таежеси менен Стамбулга 1,5 жыл мурун келгенин, бир түрктүн үйүндө бала багуучу болуп иштегенин, акыркы 4 айдан бери айлыгын бербегенин, түрктүн аялы психикалык жактан оорулуу болгондуктан кызга басым жасаганын айтып кейип олтурду. Көрсө,  Нурбек байкеге Бишкектен бир таанышы байланышып, кыздын жагдайын  түшүндүргөнүн, андан соң Нурбек байке барып ал үй-бүлө менен урушуп, кыздын акчасын жарым-жартылай алып берип, 3-4 күн мурун квартирасына көчүрүп келгенин билдик. Келгенден бери таптакыр тамак жебей жатканын, өтө эле жазгак, коркок болуп калганын, түнү ыйлап чыгарын угуп жүрөгүбүз ооруду. Аңгыча бир эже одноклассникиден Самаранын Стамбулга жаңы келгендеги таптатынакай кезин көрсөтүп калды. Сүрөттөгү кыз Самара экенине ишенбейсиң. Тунжурап эле олтуруп калдык. Эне сүтү оозунан кете элек кыздарын эмнеге чет жакка иштегени жөнөтүшөт деп аябай кейидим. Биз эркек балдар кагылып-согулганыбыз эч нерсе эмес, бирок, жаш кыздардын чет жерде ыза болгону, ыйлаганы өтө кейиштүү нерсе. Нурбек байке Самарага билет алганын 3 күндөн кийин Кыргызстанга саларын айтты. Бул жакта 10 жылдан ашык жүрүп эмне деген гана тагдырларды көрбөдүм. Бирок, Самара карындашымдын аянычтуу элеси дагы деле көз алдымда турат.

Мурун бул жакта ынтымак аябай бекем болчу. Бири-бирине бир тууганына күйгөндөй күйүп, жумуш издешип, документин бүтүрүп берип аябай колдошчу. Азыр эми Стамбулда кыргыздар көп болгондуктанбы же элдин пейили өзгөрдүбү билбейм баягыдай ынтымак жок экени байкалат.

Баягы классташым менен кезигип…

– Бир жолу көзүм аллергия болуп ооруканага кайрылып калдым. Сыйпаган дары жазып бергени менен 1 аптадай өтсө да эч жыйынтык болбой башка ооруканага бардым. Ал жактан баягы мени чакырып коюп тосуп албаган классташымды кезиктирип калсам болобу. Көрсө, балык кармап жалаң сууда жүрүп, бөйрөктөрүнө суук тийгизип алып дарыланып жүрүптүр. Балык кармаганы деңизге чыгып кетсе канча бир убакытка чейин келишпейт экен. Шашылыш деңизге чыгып кетип менин катымды окубай калганын айтып, кечирим сурады. Таарынычым деле жок экенин айтып, коштошуп кете бердим.

Үч жыл дегенде кредит, карыздардан кутулдук

– Кредит, карыздардан 3 жыл дегенде кутулуп бүттүк. Үч жыл дегенде анан Кыргызстанга 15 күнгө барып келдим. Үйүбүздү алдырып ийген жокпуз деп кубанганыбыз менен ата-энемдин кадимкидей карый түшкөнүн көрүп ичим ачышты…

Бул убакыт аралыгында иним 2 балалуу болуп калган. Апам: “Жашың келди, эми үйлөнүшүң керек”, – деди. Бирок, кредит, карыз деп жүрүп кошуналардан бир топ артта калганыбызды көрдүм. Короо-жайды оңдоп, той өткөргөнгө акча чогултуп келишим керек экенин айтып кайра жол тарттым. Ал арада цехтеги жетекчим менен бирге Стамбулдагы Лалели деген райондон кийим саткан магазин ачтык. Кудайга шүгүр иштерим абдан жакшы жүрүшүп кетти. Өзүмө машина, Бишкектен квартира алдым. Бир жагынан иштен бошобой, бир жагынан документтеримде көйгөй болуп, Кыргызстанга бара албай жүрдүм. 2019-жылы ата-энелерибизди чакыртып, бул жактан таанышып, сүйлөшүп жүргөн кызым менен чакан той өткөрүп баш коштук. Учурда 4 жаштагы кызыбыз бар. Акыркы 2 жылдан бери Кыргызстанга биротоло кетип, Бишкектен кийим саткан магазин ачсак деп пландаганыбыз менен убакыт-сааты чыкпай жүрөт. Башка жерде канчалык жакшы болгону менен баары бир өзүңдүн мекениңе жетпейт эмеспи.

Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар