8-ноябрда эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган “Үй-бүлөлүк фермердик чарбаларды өнүктүрүүнүн 10 жылдыгы” деген долбоордун алкагында климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жайыттарды туура пайдалануу жана жакшыртуу боюнча “Кыргыз Жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы менен жайыт комитеттеринин катышуусунда семинар болуп өттү.
“Кыргыз Жайытынын” башкы директору А.Эгембердиев жыйынды ачып жатып, жайыт мыйзамы кабыл алынгандан бери “Кыргыз Жайыты” системалуу иш алып барып жаткандыгын, бирок убакыт менен талаптын өзгөргөнүнө жараша, мыйзамдарга да өзгөрүүлөр кирип, жайыт, жер боюнча мыйзамдар биригип, Жер Кодекси иштелип чыккандыгын жана бул мыйзам жактырылса, 1-январдан тартып күчүнө кирерин айтты. Аны менен катар ал Жер Кодексинде Жайыт пайдалануучулар бирикмеси болгону менен жайыт комитетинин жоктугун жана алардын функциялары айыл өкмөттөрүнө өткөндүгүн белгиледи.
Ал жакында Ош облусунда семинарда айрым айыл өкмөт башчылар жайыт жаатында көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин айтып, өзүңөр эле иштегиле деген сунуштарын айтышканын, ошондуктан Жайыт департаменти менен биргеликте жаңы шартта кандай укуктар жана кандай функциялардын негизинде иш алып бара тургандыгын чечели деген максатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн белгилеп, Жайыт департаменти дагы реформа болорун кошумчалады.
Ошондой эле жайыттардын сапаты климаттан көз каранды экендигине, эгер жыл кургакчыл болсо, канчалык аракеттенгенге карабай, жайыттардын кунары качарына жана климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга эле эмес, дүйнө элдерине да таасирин тийгизип, ар кайсы өлкөлөрдө сел, өрт, суу ташкыны ж.б. табигый кырсыктардын болуп жаткандыгына токтолду.
А.Эгембердиев: “Жакында эле Баку шаарында климаттын өзгөрүшү боюнча бир нече мамлекет башчыларынын катышуу-сунда форум болду. Ага Президентибиз Садыр Жапаров да катышып, айрыкча тоолуу өлкөлөрдү колдоо багытында экологияны жакшыртууда дүйнөлүк карыздарды ошонун эсебинен кечүү маселесин көтөрдү. Ушул эле багытта Сауд Аравиясынын борбору Эр-Рияд шаарында дүйнөнүн 200гө жакын мамлекети катышкан форум болгону жатат. “Кыргыз Жайыты” ассоциациясынан англис тилин билген бир кызматкерибиз барып, форумдун алкагында төрт жерде презентация жасап, ассоциациянын ишмердиги жөнүндө маалымат берет. Ошондой эле Борбор Азиядагы “Жайыт Альянсына” кирген Монголия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышат”, – деди.
Мындан тышкары ал климаттын өзгөрүшү менен булактар соолуп жаткандыгын баса белгилеп, Аксыга барганда малчылар бир капчыгайда 28 булак болсо, учурда анын 4сү эле калганын айткандыгын жана мындай көрүнүш республиканын бардык аймактарында кездешип жаткандыгына токтолду. Ошондой эле жайыттардагы чөптү койдун туягы талкалап жаткандыгын жана Союз кезинде бир короо кой 350 баштан ашпаса, азыр каражат табуунун амалында бир короодо 2000 баш койго чейин жетип жаткандыгын белгилеп, малчыларды алыскы жайыттарга чыгаруу керектигине жана суу жетпеген жайыттардын сапатын жакшыртуу максатында жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруп жаткандыгына токтолуп, дол-боорду эл аралык USTA International компаниясы каржы жагынан колдоп жаткандыгын кошумчалады.
USTA International команиясынын негиздөөчүсү Эркин МУРАТБЕКОВ: “Жасалма мөңгүлөр гранттык каражаттын эсебинен жасалат”
– Кыргызстанда USTA International компаниясын түздүк. Россиядан мыкты адистерди тандап келгем, учурда алар менен биргеликте Бишкек шаарында компаниянын ишмердигин жүргүзүп баштадык. Инвестиция тартуу жана инженерия боюнча он жылдык иш тажрыйбам бар. “Кыргыз Жайыты” менен 2024-жылдан тартып кызматташып баштадым. Биздин максат – жайыттардын экологиясын сактап калуу, жакшыртуу, инвестиция тартуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жасалма мөңгү менен бирге заманбап технологияларды айкалыштыруунун негизинде эко-туризмди уюштуруп, туристтик потенциалды жогорулатуу.
Жасалма мөңгүлөрдү интернеттен көрүп кызыгып калдым, анан “Кыргыз Жайыты” ассоциациясы менен кызматташып баштадым. Биз мөңгүлөрдү жасоодо нымдуулукту, температураны жана шамалдын ылдамдыгын көрсөтүп турган атайын приборлорду коелу деп жатабыз. Ал приборлордон алынган маалыматтарды сайтыбызга жүктөп турабыз. ӨКМ менен сүйлөшөсөк, алар да аймактардагы аба ырайы тууралуу маалыматтарды алып туруу үчүн жогоруда айтылган технологияга кызыкдар экендигин айтышты. Тоолуу аймактарда жасалма мөңгүлөргө коюлган приборлордон маалыматтарды алып, аларды коомчулукка жайылтууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Келе жаткан жылда Кыргызстандын аймагында 50 жасалма мөңгү жасасак, анын экөөнү пилоттук кылалы деп жатабыз. Инженерия тармагында он жыл аралыгында бир топ компаниялар менен кызматташтым. Биз менен кызматташкан компаниялардын өзүнүн программаларында инвестиция салуу жана гранттык акча каражаттарын туура колдонуу боюнча өзүнүн шарттары камтылган. Грант берүүчү катары: тышкы, ички инвесторлор жана мамлекеттик программалар катыша алат. Туристтик потенциалды жогорулатуу үчүн гремплинг аталышындагы 3 бурчтук формадагы үйлөрдү, эс алуу жайларын куруп жатышат. Анткени табигаты кооз жерде жаңычыл идея менен жасалган эс алуу жайларын интернет булактарынан чет өлкөлөрдүн жарандары көрүп, кызыгып жатышат.
Жасалма мөңгү долбоорунун алкагында гранттык каржы булактарын уюштурууда англиялык өкүл Луи Френч, “Кыргыз Жайыты” ассоциациясы жана USTA International компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду. 2025-жылы келишимдин негизинде гранттык негизде иш алып барабыз. Планыбызда 200 000 доллар грантты туура пайдалануу каралган. Учурда маалымат чогултуучу приборлор коюлуп, Бишкектеги кеңсебизде кызматкерибиз Алексей Скрябин мониторинг-анализ жүргүзүү боюнча иш алып барууда. Сайтыбызга мониторингдин натыйжасында алынган маалыматтарды жарыялап турабыз.
Нарын району, Жергетал айыл өкмөтү, Руслан АСАНАЛИЕВ:
“Мөңгүнүн айланасына камыш өсө баштады”
–“Кыргыз Жайыты” ассоциациясынын директору Абдымалик Эгембердиев жасалма мөңгү боюнча долбоорун айтып, мага кантип жасала тургандыгын түшүндүрдү. Мен колумдан келерин айттым. Тама участкасы менен тартып келген булактын ортосу 2, 5 чакырымды түзөт. Бул аймакта мурда суу тартыш эмес эле, кийин ал жердеги булактар соолуп, кургак сай болуп калган. Ал жерге жайылган мал суу издеп кийинки айылдын аймагына өтүп кетип, эки айылдын ортосунда чыр чыккан учурлар да болгон. Ошол жерге жасалма мөңгүнү жасадык. Иш алып барган жерде кемчилик болбой койбойт экен. Суу чыгарган труба жыгылып калбасын деп үч тарабынан трос менен тарттырган элек, ошол троско суу тоңо берип, тоңгон муздун салмагын көтөрө албай трос үзүлүп түштү. Үзүлгөндө суу чыгарган бийиктиги 21 метрлик трубабыз кошо кулап түштү. Аны 25-декабрда 3- 4 бала менен барып, кайрадан бийиктигин 11 метрлик кылып жасадык. Биринчи жылы мөңгүнүн суусу 1 км жерге чейин жетип эле жерге сиңип кетти. Кийинки жылы 2 км чейин агып, жылдан жылга жерде нымдуулук пайда болгондон кийин жасалма мөңгүнүн суусунун агымы узарды. Бүгүнкү күндө анын агымы 4 км чейин жетти. Мөңгүнүн айланасына чөптөр чыгып, жадагалса камыш өсө баштады. Жазында ал жерге бак отургузуу үчүн 3 гектарын короолоп чыктык. Жайытка баруучу жолду оңдоттум. Мындан тышкары айрым жайлоолордогу суу тартыш жерлерге бир тоодон экинчи тоого труба тарттырсак, кеминде 70-100 метр бийиктиктен суу чачырайт эле деген сунушумду айтып келе жатам.
Ч.Айтматов району, Шекер айыл өкмөтү, Анарбай ТАШТАНАЛИЕВ: “Жайыттардын жолун оңдоттум”
–2007-жылдан бери Абдымалик Эгембердиев менен иштешип келе жатам. Бул кишинин кеңешин угуп жүрүп үй-бүлөлүк айыл чарба кооперативин уюштуруп алдым. Айыл өкмөттөн 2 гектар жер алып, буудайдын үрөнүн сээп, дыйканчылык менен алектенип келе жатам. Жайыт боюнча да биздин аймакта чечиле турган маселелер бар. Административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөт башчысы чакырып, эки айыл өкмөт бирикти иштеп бер дегенинен учурда айыл өкмөттө жайыт адиси болуп иштеп жатам. Буга чейин айлыгы жок иштеп келсем, эми мамлекет айлык төлөп берип жатат. Узак жылдар бою каралбай калган жайыттардын 120 км жолун түздөтүп, 5 миң мал суу иче турган аштоолорду оңдоттум, бир чоң көпүрө салынды. Мындан тышкары ашар жолу менен Аташ-Чапкан ашуусунун жолун 2,5 метр ылдыйлатып, оңдоттук.
Айыл өкмөт бюджетке бекиттирип, бир жардамчыны кошуп берди. Айыл өкмөттөрдүн АТРдин негизинде бириккени жакшы болгонун көрүп жатабыз. Анткени мурда бир айыл өкмөттүн техникалык базасы жакшы, экинчи айыл өкмөттүкү начар болгондугуна байланыштуу жайыт жолдору каралбай калган эле.
Вера БЕДЕЛБЕК,
“Кыргыз Туусу”