Өткөн аптада (30-ноябрь) Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде Таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча дүйнө чемпионаты курч мүнөздө, атаандаштык маанайда өттү.
Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов якут элинин улуттук оюнун илгертен эле кыргыздар, Манас бабабыздын 40 чоросу таяк тартыш деп атап ойноп келгенин, бул спорттун келечеги кең экенин баса белгиледи.
Ал эми Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев жергебизге биринчи жолу келгенин белгилеп, кыргыз элинин меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал 2026-жылы Кыргызстанда «Азия балдары» оюндарын өткөрүүнү сунуштаганын, Бишкекте өтүп жаткан мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатына 20дан ашык өлкөнүн тандалган спортчулары келип, атаандаштык күчтүү болуп жатканын белгиледи.
Эл аралык мас-рестлинг федерациясынын президенти Александр Акимов Кыргызстанда бул спорт кеңири жайылып, Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын программасына киргенден бери таасири артып, дүйнөгө таанылган чемпиондор чыкканын, уюштуруу тобунун аракети жогору болгонун, дүйнөнүн тандалган спортчулары катышып жатканын, Кыргызстанда бул спорттун башатында маркум Эркинбек Тезекбаев турганын, анын шакирттери демилгени, мурасты татыктуу улантып жатканын билдирди.
Ал эми Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов 2026-жылы Кыргыз жергесинде өтө турган Бүткүл дүйнөлүк VI Көчмөндөр оюндарында дагы Таяк тартыш спортуна басым жасалаарын билгиледи.
Дүйнө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 20 медаль (5 алтын, 7 күмүш, 8 коло) жеңишти.
1-декабрь күнү Бишкек шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде өтүп жаткан мас-рестлинг боюнча VI дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул күнү кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 4 күмүш жана 9 коло медаль жеңип алышты.
22 өлкөнүн тандалган спортчуларынын күч сынашууларында жалпы командалык эсепте Россия – биринчи, Кыргызстан курама командасы – экинчи орунду ээледи.
Кыргызстандын курама командасы турнирге башкы машыктыруучу, өлкөгө эмгек сиңирген устат Марат Раматов баштаган машыктыруучулар жамаатынын жетекчилиги алдында катышты.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы