Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Жашоо Медиа: “Эгерде адам какап калса эмне кылуу керек”

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын чыгарабыз. Долбоордун авторлору – Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Сиздер – эс-учун жоготуудан жана жаныбарлар тиштеп алган учурлардан тартып, күйүү жана аллергиялык реакцияга чейинки ар кандай кырдаалдарда кантип туура жана натыйжалуу жардам берүү керектиги жөнүндө биле аласыздар. Ар бир материал сиздер өзүңүздөргө же айланадагы адамдарга тез жана туура жардам бере алгыдай эң керектүү кадамдык нускамаларды камтыйт. Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева эгерде адам какап калса эмне кылуу керектигин айтып жана көрсөтүп берет. Андай кырдаалда биринчи кезекте жабыркаган адамдын абалын түшүнүү маанилүү:

Дем алуу органдарынын жарым-жартылай обструкциясы. Бул адам чакаган учур, ал дем ала алат, сүйлөйт же жөтөлөт, дем алуусу кыркыроо менен коштолот, ал жанталашып тамагын кармалайт. Мындай учурда дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок – анда дагы жөтөлүп турууну сурагыла, анткени бул дем алуу жолдорунда туруп калган затты кетирүүгө жардам берет. Геймлих ыкмасын колдонууга болот.

Дем алуу органдарынын толук обструкциясы. Эгерде адам жөтөлбөй, сүйлөбөй жана дем ала албай калса токтоосуз түрдө Геймлих ыкмасын колдонуу зарыл. Аны кантип туура аткаруу керек?

1-кадам. Жабыркаган адамды эки колуңуз менен курсак тушунан, бирок киндиктен өөдө жана көкүрөктөн ылдый жагынан кучактаңыз. Бул эпигастралдык зона деп аталат.

2-кадам. Жардам берип жаткан адам жабыркаган кишинин курсагынан бекем кучактап, кый сүбөө жана өпкөсүн кысып, бир нече жолу өзүнө тартып жогору карай силкүү керек.

3-кадам. Ар бир силкүүдөн кийин такалып калган заттын чыкканын же чыкпаганын көрүү үчүн жабыркаган адамдын оозун карап, абалын байкап туруу зарыл. Эгерде какаган адам жөтөлө алса, анда дагы жөтөлүүсүн сураңыз.

Эгерде жабыркаган адам эс-учу жок жатса:

1-кадам. Жабыркаган адамды катуу түз жерге жаткыргыла.

2-кадам. Колдорду киндиктен өөдө коюп, ичин жогору карай катуу баскыла. Ар бир баскан сайын какатып жаткан заттын оозу-нан чыгышына көз салып тургула.

Маанилүү!  Бул ыкманы чоң кишилерге колдонуу жакшы натыйжа берет, бирок 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга жана салмагы ашыкча кишилерге болбойт. Бир жашка чейинки балдарды башын ылдый каратып көмкөрөсүнөн кармап, эки далысынын ортосуна алакан менен чабуу керек.

Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеңештерди таба аласыздар.

Мелис СОВЕТ уулу,
«Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар