Өлкөбүздө жаш мугалимдердин ичинен агайлардын саны аз болуп жатканы жашыруун эмес. Окуучуларга тарбия берүүдө агайлардын салымы зор экени талашсыз. Биз канткенде мектепке жаш агайларды тарта алабыз? Окуучулардын кесип тандоосуна мугалимдердин тийгизген таасири канчалык? Бул суроолордун айланасында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык экология, аймак таануу жана туризм боюнча балдар, өспүрүмдөр борборунун директору Бийик Рыскулов менен маектештик.
– Борбордун негизги милдетин айтып берсеңиз?
– Биздин борбордун максаты кошумча билим берүү болуп саналат. Тагыраагы, балдардын сабактан кийинки бош учурларын пайдалуу өткөрсүн деп экологияны, туризмди, край таануу, адабий аймак таануу, сүрөт, комуз ийрими, мектепке чейинки билим берүү сыяктуу бир нече багытта балдарды окутабыз.
Ар кандай багыттагы сынактарды өткөрүп, балдарды билим алууга, мекенди сүйүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу-нун үстүндө иштейбиз. Жакында эле “Билги жигит, изги кыз”, – деген аталыштагы сынак өткөрдүк. Анда мектеп окуучулары Мамлекеттик катчынын баяндарын угуп, окуп, ошолорду сахналаштырып чыгышты. Эң жогорку упай алган кыздар жана балдар командасына баш байге катары 4 мектепке боз үй бердик. Биздин боз үй бергенибиздин да жөнү бар, мектептерде ийримдерди өтүү үчүн колдонобуз.
– Ал ийримдерди кимдер өтүшөт, сиздердин кызматкерлер дайыма эле алыскы жактарда жүрө алышпайт да?
– Биз аймактардагы дилгир мугалимдерди тандап алып, аларга атайын ийримдерди ачып бергенбиз. Алар мектептеги негизги сабагына кошумча катары балдарды окутат. Анысына биздин борбор кадимкидей кошумча акча төлөп берет. Мен жогоруда айткан сынактын баш байгеси катары боз үйдү тандап алганыбыз да жөн эмес. Ийрим өтүү үчүн бош класс жок болуп калат экен, ошондуктан кошумча сабактарды боз үйдөн өтүп жатышат. Анын экинчи максаты балдар арасында көчмөндөр оюнун өткөрсөм деген планым бар.
– Балдарды нукура кыргызча тарбиялайт турбайсыңарбы?
– Ооба, жаш өспүрүмдөрүбүз өнүккөн технология менен бирге кыргыздын улуттук аспабы комузду үйрөнүшсө, боз үйдү тиккенди үйрөнсө деп жатабыз. Бүгүнкү күндө №94 мектепте биздин борбордун кызматкерлери балдарга боз үйдү тигип, кайра чечкенди үйрөтүп жатат. Биздин борбордун ишинин алкагында окуучулардын боз үйдү тигүү боюнча рекорду 12 мүнөттү түзөт. “Бүгүнкү окуучу, эртеңки ата-эне жана демөөрчү”, – деген ураан менен иштейбиз. Анткени, кыргыздын каада-салт, наркын, нукуралуулугун билип өскөн бала кийин өзүнүн балдарына дагы ошону үйрөтөт да.
– Мектепке чейинки даярдоо багытында дагы иштейт экенсиздер?
– Ак-Өргө жаңы конушунда №77 мектептин базасында ачылган. 5-6 жаштагы балдар барып окуп жатышат. Биздин бул багыттагы максатыбыз балдарды мектепте өзүн үлгүлүү алып жүрүүгө, жазууга, окууга үйрөтүү. Биз муну менен мугалимдерге жардам берели деп жатабыз. Байкасаңыз биринчи класска келген балдар класска кирбей, мектепке көнө албай кыйналышат. Кээде ата-энелери кошуп, окуткан учурлар болот. Мугалимдердин иши жеңил болушу үчүн ушундай акысыз даярдоо курсун ачканбыз.
Ал эми орус тилдүү акысыз даярдоо курсубуз Октябрь Медеров менен Александр Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ушул эки дарек боюнча келип балдарды акысыз окутса болот.
– Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча да иштейсиздерби?
– Мугалимдерди усулдук колдоо боюнча дагы иштер жүргүзүлөт. Өзгөчө алыскы аймактардагы мугалимдерге басым жасап, баланы сабакка кызыктыруунун заманбап жолдору, Сингапур методдору боюнча окутабыз.
Андан сырткары медиасабаттуулук боюнча да үйрөтөбүз. Анда СММ, мобилография, компьютер жана компьютердик программаларды колдонууну үйрөтөбүз.
– Канткенде мугалимдин кадыр-баркын көтөрөбүз?
– Билим берүү мектептин милдети, тарбия берүү ата-эненин милдети деп айтып келебиз. Менин оюмча билим менен тарбияны бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес. Мугалимдин кадырын көтөрүү үчүн бала менен иштешүү керек. Андан сырткары билим берүүгө арналган фильмдерди, роликтерди ММК аркылуу кеңири жайылтуу зарыл. Замандын талабына жараша мугалим да күн сайын окуп, өзүн өнүктүрүп турушу кажет.
– Баланын туура кесип тандоосуна мугалимдин канчалык таасири тиет?
– Менин оюмча баланын кесип тандоосунда мугалимдин орду аябай чоң. Анткени, агартуучулар балдардын кулк-мүнөзүн, эмнеге шыгы бар экенин жакшы билет. Ошого жараша балага кесип тандоодо туура сунуш бере алат. Болгону ошол сунушту туура кабыл алуу баланын өзүнөн көз каранды. Аймактарды кыдырып, ата-энелер жана балдар менен кесип тандоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Көпчүлүк жаштар он чакты эле кесипти санап беришти. Көптөгөн кесиптер бара-бара актуалдуу болбой калып, ордун жаңылары ээлейт.
Мугалимдер бүгүнкү күндүн эмес, келечекте популярдуу болчу кесиптерге балдарга багыт берсе дейм. Мисалы, мен мугалим катары кандай кеңеш бермек элем? Кайсы гана доор болбосун тамак-аш дайыма актуалдуу, курулуш тармагы эч качан токтобойт. Курулуш тармагына тиешелүү кесипти тандагандар эч качан жаңылбайт. Ден соолук, анын ичинде стоматология тармагына талап күчтүү. Айтайын дегеним сөзсүз эле жогорку билим алуу шарт эмес. Орто кесиптик билим алып, татыктуу акча тапса болот. Өнүккөн өлкөлөрдө жаштардын 80-90 пайызы колледжди бүтүп, өздөрүнүн аймагындагы керектүү кесиптерди тандашат.
– Балдарды мектепке телефон алып келтирбөө керек дешет. Буга кандай карайсыз?
– Сабак учурунда балдардын телефонун чогултуп алып коюп, сабактан кийин берсе болот. Балдар телефонду билим алууга жумшашы керек. Ал үчүн ата-эне үйдөн баласынын телефонду туура жолдо колдонуп жатканын көзөмөлдөшү керек. Биз балдарга билим берип жатабыз, бирок ал эмнеге балага жукпай жатат? Бала үйдөн телефон аркылуу керексиз маалыматтарды алып жатат. Андыктан ата энелер үйдөн баланын гаджеттерди колдонуусун көзөмөлдөшү кажет. Ошондо мугалимдердин сабагы балдарга жугумдуу болот.
– Мугалимдин бир баланы жалпы класстын алдында урушуусу туурабы?
– Гумандуу педагогика деген бар. Мугалим ар бир бала менен жекече иштеше билүүсү абзел. Эгер кайсы бир бала тентектик кылып жатса аны эч ким жок жерге чакырып алып, акырын түшүндүрүү зарыл.
Экинчиден баланын тентектик кылып, агрессивдүү болуп жатканынын себеби үй-бүлөдөн да болушу мүмкүн. Үй-бүлөсүндө дайыма конфликт болгон бала агрессивдүү болуп калат. Мында абалга жараша башкача мамиле кылыш керек.
– Балага билим берүүдөгү эркек мугалимдердин ролу канчалык?
– Абдан чоң. Кезегинде айлыктын аздыгынан эркек мугалимдер мектепти таштап кетишкен. Балдар көп жыл аял мугалимдердин тарбиясын алып, бир аз жумшагыраак болуп, эркектик сыпаттарды албай калышты.
Жөнөкөй эле мисал, мен жаңыдан мектепке мугалим болуп киргенде агайлардын саны аз болчу. Балдар улам эле мага кайрылганда эжей деп алышчу. Алар эле эмес, семинарларда мугалимдер да эжей деп көп айтып алышат болчу. Эркек агайды көрүп, ошондон балдар үлгү алып, түздөнөт. Агайларды мектепте кармап калуу үчүн кандайдыр бир саясат иштеп чыгышы керек.
Мугалимдин көйгөйү жок болсо, балдарга жакшы билим берет. Агайдын жан дүйнөсүндө тынчтык болбой жатса, балдарга кантип берилүү менен сабак өтөт? Эркек мугалимдерди кармап калуунун дагы бир жолу айлык маяналарды көтөрүү.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”