Нуржигит Дыйканбаев көзү тирүү болгондо быйыл 44 жашка толмок. Бирок, тагдыр экен акка моюн сунуп, 2022-жылдын 24-апрелинде арабыздан эрте кете берди. Өмүрдө аз жашаса да, саз жашаган Нуржигит Дыйканбаев кылган кызматы, жасаган эмгеги менен элдин эсинде калды. Ал иш десе ичкен ашык жерге койгон, ар дайым изденүүнүн үстүндө жүргөн, күжүрмөн, мээнеткеч жана аракетчил, өжөр мүнөзү менен өзүнөн кийинкилерге үлгү боло алды…
Дыйканбаев Нуржигит Маметшаевич 1980-жылы 1-декабрда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. А.Абдраев атындагы орто мектепте 9-классты аяктаган. Шартка байланыштуу окуусун уланта албай, дароо эле иштегенге өткөн. Алгач жашылча, жер-жемиш сата турган дүкөн ачып, кийин район боюнча биринчилерден болуп “Эркин Дыйкан” ашканасын ачкан. Ал жаш экенине карабай, ошол учурда эле Тогуз-Торо эли эмнеге муктаж экенин сезип-туюп, борбор калаадагы болуп жаткан жаңычылдыктарды районго алып келгенге тырышкан.
Айтсак, 2004-жылдары алгачкылардан болуп Казарманга тандыр салып, түн жарымында өзү камыр жууруп, таң менен тандырга нан жаап, ысык нандарды чыгара баштаган. 2006-жылы чакан ашканасын кеңейтип, замандын суроо-талабына жооп бергидей шарттарды түзгөн. Жаңы тамактарды, жаңы даамдарды киргизип, эл үчүн ыңгайлуулукту жарата алган. Кийинчерээк ашкананын сырларын талдап билүү үчүн Казарман айылындагы №45 кесиптик лицейде ашпозчулукту окуп бүтүргөн.
2006-жылы Казарман айылындагы универмагды сатып алып, 2013-жылы адегенде чакан 60-70 кишиге ылайыкталган “Макмал” кафесин курган. Бул жаңылыкты тогуз-торолуктар кубануу менен кабыл алып, үйлөнүү үлпөт, тушоо кесүү, сүннөт ж.б. тойлорун Макмал кафесинен өткөрүп, той беребиз дегендердин кезеги күндөн-күнгө узара баштаган. Мындан улам Нуржигит кафени мындан дагы чоңойтуу керектигин түшүнгөн. Элдин заманбап тойканага болгон муктаждыгын сезген каарманыбыз өмүрүнүн дээрлик акыркы алты жылын райондун өнүгүп өсүшүнө салым кошо турган, элдин муктаждыгын чече турган тойкана курууга, мыкты сервис менен камсыз кылууга арнаган. Көп жылдар бою жергиликтүү тургундар үчүн жумушчу орундарды түзүп, айлык акы төлөп берип турган.
“Балам иш дегенде ичип аткан ашын таштай салып чуркаган бала эле. Такыр тынч отура алчу эмес. Укканын, көргөнүн жасоого аракет кылчу. Бир нерсени баштаса, аягына чыгармайын жаны жай алчу эмес. Иш деп тыным албай жүрүп, ден соолугуна карабай койгон экен. Тилекке каршы иштеген ишинин, жасаган эмгегинин үзүрүн көрбөй өмүрдөн эрте кете берди. Чарбаны дагы да чоңойтом деген ою бар эле. Көп максаттарына жетпей калды”, – дейт апасы Мээрбү Өмүрова.
Нуржигит Дыйканбаев беттегенин бербеген, оюндагысын эч кимдин көңүлүнө карабай ачык айткан, тайманбас мүнөзгө ээ болгон. Ошол эле учурда ак көңүл, жароокер, боорукер, берешендиги бар эле. Колунан келген жардамын аяган эмес. “Дики (ушинтип аташчу) иш баштагандан коркуп тайсалдачу эмес. Болуп калабы болбой калабы деп да ойлонбойт эле. Мисалы, биз “Эркин Дыйкан” ашканасын, “Макмал” кафесин салаарда бир туугандардан эч кимибиз ага идея айтып, кеңеш берген жокпуз. Ал өзү усталарды таап, өзү аракет кылып, салдырып бүтүрдү. Киши менен бат тил табышкан мүнөзү бар эле. Ак көңүл, боорукер болчу. Бир туугандар кыйналып калса дароо жетип барчу. Ооруп калсак, ооруканага чуркап барып дары-дармегибизден бери алып бергенге даяр эле. Райондун ичиндеги коомдук иштерге активдүү катышып, көп иштерге демөөрчүлүк кылганын көзү өткөндөн кийин билдим. Өзү деле айтып мактанчу эмес экен. Кыйналган үй-бүлөлөргө кышкысын көмүр түшүрүп берип, үйүнүн бузулган жерин оңдотуп берип, мечитке акча бөлүп берип турчу экен”,-дейт эжеси Лена Дыйканбаева.
Нуржигит Дыйканбаев алты бир туугандын эң кенжеси. Жакындары анын абдан туу-ганчыл болгонун айтышат. Майрам күндөрү бир туугандарынын башын бириктирип, чай уюштуруп, сый көрсөткөнгө ашыгып турчу.
“Нуржигит биздин эң кичүүбүз эле. Ал бир туугандардын ичинен кичи пейилдиги, кең пейилдиги, шайырлыгы менен айырмаланчу. Балдарды ушунчалык жакшы көрчү. Майрамдарда, туулган күндөрдө өзүнүн эле балдарын эмес, биздин балдарды кошо машинасына салып алып майрамдатчу. Кышында тоого алып барып муз тептирсе, жайкысын сууга түшүрүп эс алдырып келчү. Анын ооруп калганы, бул жашоодон эрте кеткени биз үчүн өтө оор жоготуу болду”, – деди агасы Миралы Дыйканбаев.
Биз сөз кылып жаткан Н. Дыйканбаев мыкты уул, мыкты ишкер, мыкты уюштургуч гана эмес, кайын журтка мыкты күйөө бала, алган жарына эң мыкты жолдош, балдарына эң мыкты ата боло алган. “Биз 2004-жылы баш коштук. Апамды аябай жакшы көрчү. Кичүү баласы болгон үчүн кээде эркелеп дагы койчу. Кандай гана иш баштабасын, апам менен баарлашып, сүйлөшүп, кеңешчү. Апамдын батасы менен иш баштачу…
Биз баш кошкондон кийин көп убакытка чейин балалуу боло албай жүрдүк. Ошондо бир да жолу көңүлүмдү оорутуп, мага катуу айткан жок. Тескерисинче, колдоо көрсөтүп, мени курортторго жиберип жүрдү. Биринчи балабыз төрөлгөндө төбөбүз көккө жетип кубанганыбыз күнү бүгүнкүдөй эсимде. Дики (Нуржигит) балдарды жакшы көрчү. Каникул сайын Ысык-Көлгө, Сары-Челекке, Ошко, Жалал-Абадга, Бишкекке, Таласка алып барып Кыргызстандын керемет жерлерин көрсөтүп келчү. Азыр балдарым булардын баарын эстеп сагынуу менен айтышат. Экөөбүз бирге жашаган эң бактылуу 18 жылды бири-бирибизге таянуу, ишенүү менен өткөрдүк. 2022-жылы туулган күнүмдө берген белеги, гүлү акыркысы болуп кала берди”, – дейт жубайы Венера Исакова.
Нуржигит Дыйканбаевди тааныган билгендер, аны төрт тарабы төп келген, ой жүгүртүүсү күчтүү, идеяларга бай болгонун айтып, уюштуруучулук жөндөмү да мыкты экенин белгилешет. Буга мисал, ал 2021-жылы 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата борбордон төбөсү көрүнгөн ырчы-чоорчуларды, белгилүү артисттерди районго чакырып, чай концерт уюштуруп, элдин алкоосуна татыган. Н.Дыйканбаевдин баштап берген чай концерти бүгүнкү күнгө чейин элдин колдоосуна ээ болуп, жылда өтүп келе жатканы кубантарлык.
Жогоруда айткандай, Нуржигит Дыйканбаев коомдук иштерден эч качан четте калчу эмес. Ал колунан келишинче демөөрчүлүк ылып, айыл тургундары үчүн пайдалуу иштерди жасап берүүгө тырышкан. Мисалы, Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы оорукананын Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эмдөө бөлмөсүн өз каражатына оңдоп-түзөп бергенин айтып ыраазы болгондор жок эмес.
Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборунун Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Маатова Бурулсун: “Биздин бөлүмгө оңдоп-түзөө иштери зарыл болуп турганда 2020-жылы Нуржигит Дыйканбаев бизге эбегейсиз көмөк көрсөткөн. Башкача айтканда, эмдөө бөлмөбүздү баштан аяк ремонт жасаткан. Терезесин алмаштырып, кафель койдуруп, дубалдарды сырдатып жаркыратып берген. Айла жок экен, көзү өтүп кетти. Дагы жашап турганда, көптөгөн ийгиликтерди жаратып, районубуз үчүн, элибиз үчүн дагы далай иштерди жасамак. Кыска өмүр сүрсө да өзүнүн артында из калтырып кетти. Биз анын эмгегин унутпайбыз”, – дейт.
Ошону менен катар ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды да көңүл сыртында калтырбаган. Жаңы жылда аяз ата, аяз кызды ээрчитип алып үймө-үй кыдырып, белектерди таратып бергенин эскерүү менен айтышууда. Ошондой эле, Казарман паркынын 500 метр жерине автоунаа токтотуучу парковка жасатып бергени ж.б. иштери элдин оозунда. Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, Н. Дыйканбаевдин демилгеси менен Казарман айылындагы жеке ишкерлер биригип маданият үйүнүн алдына бир нече түп карагайларды отургузушкан. Жакындарынын айтымына караганда, ал айлана-чөйрөнү жашылдандырууга аябай көңүл бурган. “Каякка барбасын, эмне кылбасын жумушун бак отургузуудан баштачу”, – дешет.
Нуржигит Дыйканбаевдин дагы бир өзгөчөлүгү ал жамаатына абдан карамдуу, кайрымдуу болгон. “Кызматкерлеринин жашоосунда көйгөйлөр жаралса, аларга акыл-насаатын айтып, жардам колун сунуп, кайдыгер карачу эмес. Даталуу күндөрү ар дайым белектерди даярдап, көңүлүбүздү алып турчу”, – дейт “Эркин Дыйкан” ашканасында 2011-жылдан бери чогуу иштешип келаткан Нинакан Кармышакова.
Нуржигит Дыйканбаевдин артында 3 уул, 1 кыз калды. Бир туугандары жана жакындары калган өмүрүн уул-кыздарына берсин деп тилек кылышат. Ошондой эле, уулдары атадан артык уул болуп өсүп чоңоеруна ишенишет. Аз өмүрүндө көп иштерди жасап үлгүргөн Н. Дыйканбаевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун
дейбиз.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”