Бактыгүл Көкөтаева – ойлуу акын, муңайым акын, маанайдын акыны. “Жамгыр калсын эсимде” ыр жыйнагын окуп отуруп, анын жан дүйнөсүнөн агылып-төгүлгөн баланыкындай кирсиз, баё сезимдерге кез келесиң да, акын менен кошо ойго батып, Асан Кайгыдай санаага чөмүлөсүң. Александр Блок беле же Анна Ахматова бекен: “Поэзия – это состоние души” деп айтканы бар. Ырасында эле, поэзия – жан дүйнөнүн абалы. А жан дүйнөнүн абалы дегенибиз – көңүл менен маанайдын, ой-санаанын чагылышы, ал чыгармачыл адамдын чыгарма жаратып жаткандагы көңүл көйүнөн жана маанайынан көз каранды.
Бул айтканыбызга далил катары, Бактыгүлдүн төмөндөгү ырын мисал келтирсек болот:
Сыртта жамгыр, нөшөрлөгөн төгүлгөн,
Тышта тагдыр, көрүнбөгөн көрүнгөн.
Барбай-келбей, чакырылбай эч жерге,
Эчак эле жалгыз калган өңдөнөм.
Сүйүү десем, сүйүү дагы бүттү эми,
Ал бир арман айтылбаган мендеги.
Эч бир жерде ырдалбаган обондой,
Өзүм менен жүрө берип эскирди.
Келди десем кетип барат жаз дагы,
Кемигенден кемип барат жаш дагы.
Жакшы күндөр али алдыда деп жүрсөм,
Жаштык менен бүткөн окшойт бардыгы.
Турмуш кээде мен күткөндөн оор болуп,
Кор болбочу жерде турдум кор болуп.
Басар жолум дагы канча ким билет,
Баш-аягын таппайм кээде ойлонуп.
Бүтпөй эч бир тиричилик үйдөгү,
Бүгүн дагы күндөгүдөй кеч кирди.
Ушул жамгыр бугум дагы, ыйым да,
Кайран өмүр, кайда чачтым өзүмдү?
Кимден билбейм мээрим күтүп жашадым,
Кетсең кетчи, мен да сенден чарчадым.
Толгон кезде ыйлап алып бирөөгө
Мен да өксүгөн ыйын уктум канчанын.
Сыртта жамгыр, нөшөрлөгөн төгүлгөн,
Тышта тагдыр, көрүнбөгөн көрүнгөн.
Өмүр мага өксүк болуп туюлат,
Корком кээде кокус келчү өлүмдөн.
Эс тутумга эн тамгасын калтырган эскерүүлөр, саргайбаган да, карыбаган да сагынычтар, балдай татты балалыкка деген кусалык, өткөн менен кеткенге болгон өкүт менен өкүнүч адамдын сары изине чөп салып, өмүр бою коштоп жүрүп отурары мыйзам ченемдүү. Анысы ал, сагынычты да, кусалыкты да жеңсе болот, а өкүт жана өксүктөн эч ким качып кутулган эмес.
Чын эле өлдүбү, апа?
Жамийла апа,
Ал деген жаш эле го,
Жакшы эле го.
Жокпу эми ал,
Келбейби биздикине?
Жайбайбы жазда эми шырдактарын?
Балдары кантишти анан, ыйлаштыбы?
Эми алар апасы жок калышты да!
Апаке, коркуп кеттим,
Таптакыр сен жок күндү эстеп алып.
Адамдар эмнеге эле өлө берет?
А күндөр каякка эле кетип жатат?
Сен бизге айтчу элең го,
«Жакшылар өлбөйт» дечү,
«Жаштарды өлбөйт» дечү эмес белең?
Канакей?
Өлдү го Тынчтык деле,
Баарыбыздан жаш, баарыбыздан кичинекей.
Өлдү го атам деле,
Баарыңар «жакшы» деген.
Өлдү го Осек жездем,
Өлдү го Шааркүл эжем.
Канакей?
Өлдү го Жамийла апа,
Аялдар башчы кылып,
Айыл бүт «жакшы» деген?
Билемин айтсам азыр
Көз жашка толуп чыгып каректериң
Өзүңчө балага окшоп ыйларыңды.
Өзүндөй кимдер жетип тилегине,
Эч билбей ким өттү экен, ый-кайгыны?
Да бир күн сенин жогуң айтып келчү,
Даректен качкым келет азыртадан.
Чын эле өлдүбү, апа,
Жамийла апа?
Ишенгим келбей турат азыр дагы.
Ким жүрүп эртели-кеч эшигинде,
Ким жаят үйүн эми жазындагы?
Акын өлүм менен өмүр бу тирүүлүктүн ажырагыс мыйзамы экенин, акыр башта бир өлүм болорун, андан эч кайда кача албастыгыбызды, бирок да жашоо өлүм менен бүтүп калбастыгын эң жакшы билет. Ошондон улам акын:
Жокпу эми ал,
Келбейби биздикине?
Жайбайбы жазда эми шырдактарын? – деп өзүнө да, окурманга суроо салат. Кепке тартат. А өлгөн адамдар изсиз кала бербейт. Артында анын жолун улаган урпагы калат, же аңыз болуп сөз айтылып калмагы бар. Же адам өмүрү минтип ырга да айланып кетиши ыктымал. Жашоонун мыйзамы ошол. Ал эми тирүүлөрдүн парзы – дүйнөдөн өткөндөрдү эстеп, өлүмдөн кийин жашоо барбы деген суроого жооп издеп, жооп тапмагы.
Биерде сагыныч менен кусалык сыяктуу эле өкүт менен өкүнүч да акындын жүрөгүн жаралап да, аралап да өтүп, эскерүүлөр да үзүл-кесил болгону менен жүрөктү зилдетип, көкүрөктү эңшерет. Бул эми көлөкөдөй ээрчип, өмүр бою этектеп жүрчү арманга айланары бышык.
Адам эскерүүлөр менен жашайт. Акын да адам, анын жан дүйнөсүндө да жүрөгүн эңшерген эскерүүлөр жашайт. Күндөрдүн бир күнүндө ал эскерүүлөрдү ырга айлантат, сөзгө айлантат. А эскерүү дегениң кусалыктын белгиси. Сагынган адам куса болот. Куса болсо өкүттү пайда кылат. Андайда адамдын маанайы пасайып, эч нерсеге көңүлү чаппай, үнсүз-сөзсүз бир чекитти тиктеп отура берет. Бул жан дүйнөнүн жымжырттыгынын абалы. Анда кайдыгерлик да жок, капалык да жок, сагыныч менен кусалык бар. Жан дүйнөнүн мына ушул абалын берүү оңой эмес. А Бактыгүл болсо ошол колго кармалбас сезимди кармай билип, жөнөкөй да, жеткиликтүү да жаза билет. Жазганда да көкүрөгүндөгү кусалык, сагыныч жана өкүт менен өксүктү табияттын мезгилдери күз, кыш, жаз жана жамгыр, жаан, кыш, кар аркылуу бергенге басым жасаганы менен өзгөчөлөнөт.
Анын ырларынан жан дүйнөнүн абалын: суроолорго жооп таппай, жаны кашайып, же өксүп ыйларын, же ыйлабай койбосун билбеген адамдын жан дүйнөсүн көрсө болот. Бактыгүлдүн ырларынын табияты да мына ошондой.
Адабияттын эч айныгыс озуйпаларынын бири – чынчылдык, сыр жашырбастык. Бул сын-сыпаттар ырдын мазмунуна ачыктык киргизип, күмөн, бүдүк ойлорго тактык берүү менен ажарын ачат. Окурманга авторду терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет. “Бир ырды жазгым келген кыш жөнүндө” ырында лирикалык каарман “мен киммин?” деп өзүнө суроо салып, кайсы жолдо баратканынан күмөн санап, алган багытынан күдүктөнөт. Туталанат. Кудайсыз жашап жатканына сарсанаа чегет. Өлүмдөн гана эмес, жашагандан корко турганын айтып, сыр төгүп, окурманын сырдашууга чакырат. Мындай сезимдер баарыбызга тааныш. Адамга көп учурда көңүлү чөгүп, эмне кыларын билбей, шалдайып отуруп калуу мүнөздүү көрүнүш. Мындайда адам темирдей эрк менен гана өзүндөгү алсыздыкты жеңип кетпесе, депрессияга түшүп, чүнчүп ар кандай ойлорго келиши ыктымал. Түшүнүктүү болсун үчүн ырды толук окуйлу:
Бир ырды жазгым келген кыш жөнүндө,
А бирок жазалбадым.
Ойлорум бириндеген,
Жүрөгүм өзүндө эмес,
Оордук бар билинбеген.
Мен киммин деги бүгүн?
Түшүнгүм келет, бирок түшүнбөймүн.
Бабалар айткылачы белги берип,
Баратам кайсы жолдо?
Багытым оңбу, солбу?
Өзүмдү күнөөлөөдөн тажап бүттүм,
Чындыкты ким окуду көзүмдөгү?
Билбеймин, туталанам…
Кубалап тириликти,
Кудайсыз жашаганга көнүп алгам.
Өлүмдөн корккон өңдүү
Коркомун кээде туруп жашагандан.
Өмүр бир менчигимдей,
Калчадым каалаганча ары-бери.
Балалык кыялданган
Бакыттар кайда деги?
Жолуктум, жолукпадым.
Жоготтум көп нерсемди.
Мезгилдер алга кеткен…
Менминби бул сөлөкөт?
Унуткан өзүн эбак,
Убакыт ыйлап угат.
Кусаны ким окуду көзүмдөгү?
Кичирген максаттарым,
Кирдеген көңүл дагы.
Өз күчүм жетер бекен тазарууга?
А күндөр жаңы күндү жаратууда.
Караймын жан-жагымды
Кайра эле адам көрөм шашып жүргөн.
Түшүнбөйм, түк түшүнбөйм.
Адамзат максаты не жашап жүргөн?
Дүйнөнүн өзү ушундай түзүлгөн бейм.
Чыкылдап саат ургулайт улам-улам.
Чарчадым бардыгынан.
Дилиңди түшүнбөсөм түшүнбөдүм.
Тирүүлүк, падышасың бүгүн маган.
Автордун максаттары кичирип, көңүлү кирдеген лирикалык каарманы да менминби бул сөлөкөт деп өзүн өзү тааный албай, өз күчүм жетер бекен тазарууга деп күмөнсүнөт.
Бул ыр бир караганда адамдын алсыздыгын чагылдырып, адамды пессимисттик ойлорго түрткөн ырдай сезилет. Арийне, ырдын тузу “Тирүүлүк, падышасың бүгүн маган” деген ырдын акыркы сабында. Адатта, адам баласында ичинен от алып, тутанган, өзүн өзү камчылаган көктүк, өжөрлүк, көк беттик сапаттар болот эмеспи. Бул ырды көңүлү чөгүп окуп келаткан окурманда да ошондой көктүк, өжөрлүк сезим ойгонот да, жашоодо өтө эле пессимист болуунун өзү коркунучтуу экенин эстейт.
Эми да Бактыгүлдүн кийинки жылдарда жазылган ырларынан бирди окуп көрөлү:
Теребел күзгө айланат акырындап,
Тез өтүп жаткандайбы убакыт, саат?
Билбеймин эмне иш кылып жүргөнүмдү,
Билгеним – окшош күндөр кайталанат.
Тагдырдын жолу дайым табышмактуу,
Таалайын тандап түшпөй өзү менен.
Ким бирөө жашап өтсө жалгыз бойдон,
Кээ бирөө өмүр сүрөт теңи менен.
Улгайтты чаң жолунда тиричилик,
Унуттум, көбү калды өткөн болуп.
Билбеймин, жашап жүрөм билгенимче
Эбин таап, жүдөгөндө жүдөп коюп.
Айталбай айтчу жерде чындыгымды,
Жашоомду аралады канча жалган?
Эзилип чыгып кетем түнү бою
Эсиме түшкөн сайын атам, апам.
Күз келди күтпөсөм да кайтып башка,
Тирүүлүк, эмне айта алам дарегиңе?
Мени да барып-барып мерез кылды,
Мээримди эми эч кимден күтпөйм деле.
Үндөбөй жашаганга үйрөнгөмүн,
Өмүрдү эми иргештен пайда барбы?
Баштагым келет кээде кайра баарын,
Келсе эгер кээ бир учур кайта дагы.
Теребел күзгө айланат акырындап,
Тез өтүп жаткандайбы убакыт, саат?
Билбеймин эмне иш кылып жүргөнүмдү,
Билгеним – окшош күндөр кайталанат.
Бул ыр менен «Чын эле өлдүбү, апа?» аттуу ырынын ортосунда чейрек кылымга созулган убакыт өтсө да, Бактыгүл Көкөтаева мурда кандай түгөнбөгөн суроолорго жооп издесе, эми деле ошол бойдон калгандай. Дагыле эмне иш кылып жүргөнүн билбейт, тиричиликтин чаң жолунда саамайын ак кирип, дагыле чындыгын айта албай тартынат, тарткынчыктайт. Мындан жыйырма жыл мурдагыдай эле атасы, апасы эсине түшөт. Атага жана апага болгон сагыныч баарыбызга тааныш да, бейтааныш да. Бул биз өзүбүз карысак да, мезгилдердин көз кырында кала берип эч качан картайбаган сагыныч. Болгону ал сагынычты айтылбаган арман коштоп, сагыныч менен өкүт жанаша жүрөт. Мына ошол эзели картайбаган, дайым жапжаш сагыныч жүрөктү бир эңшерип өтөт.
Автор аны андан ары чечмелебейт. “Үндөбөй жашаганга үйрөнгөнүн” айта келип, эмне иш кылып жүргөнүн билбегенин, билгени окшош күндөр кайталанганын дагы бир жолу эскертет.
“Жамгыр калсын эсимдедеги” саналуу ырлар адамдын жан дүйнөсүндөгү өкүт жана арман кызыл сызык менен өтүү менен өзгөчөлөнүп, Бактыгүл акындык тагдыры бар чыгармачыл адам экенинен кабарлайт. Ыр жыйнакка 20га жетпеген ыры жарыяланган экен. Ушундан улам, аз жазган – саз жазган жакшы, бирок Бактыгүл мындан аркысында сандык көрсөткүч да өтө маанилүү нерсе экенин эске алат деген ойдобуз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”