whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүТекебаев: "Кыргызстандын экономикасы 6-8 пайыз менен өнүгүүсү суктанарлык өсүш"

Текебаев: «Кыргызстандын экономикасы 6-8 пайыз менен өнүгүүсү суктанарлык өсүш»

Кыргыз экономикасы акыркы жылдары чоң темп менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

“Кыргыз экономикасы 6-7-8 пайыз менен өнүгүүдө. Бул абдан чоң темп. Европада 1 — 0,5 % артка кеткен учурлар катталууда. Мындай фондо Кыргызстандын 6-8 пайыз менен өнүгүүсү суктанарлык өсүш.

Албетте, мен биздин өкмөттүн өнүгүп жатабыз дегенине ишенбеген адаммын. Булар айта берет, өздөрүн актап атат деп келгем. Бирок, абройлуу эл аралык институттар бул тууралуу айтып жатпайбы. Демек, бул маалымат ынанымдуу, мен дагы ага толугу менен кошулам», — деди элчи.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын июнь айында Кыргызстандын экономикасы 560 млрд сомго чукулдап, 8,1% өскөнү жарыяланган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар