whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкАлып баруучуну микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов кармалды

Алып баруучуну микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов кармалды

Алып баруучуну микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов милицияга жеткирилди.

Буга чейин соцтармакта ресторандардын биринде активист Илимбек Исраилов алгач эркек алып баруучуну, андан кийин кишилерди жардамга чакырган алып баруучу кызды башка чаап жиберген видео тараган. Андан кийин мушташ чыккан.
Кийин ал спирт ичимдигин ичип алганын айтып, кечирим сураган видео да тараган.

Бул окуя боюнча милицияга ресторандын администраторунан арыз түшкөнү маалым болду. Октябрь РИИБи 36 жаштагы Исраилов «Майда бейбаштык» беренеси боюнча камакка алынганын билдирди. Ал соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайда кармалып турары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, бул факты боюнча 5 500 сом айып пул же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, болбосо 3 суткадан 5 суткага чейин камакка алуу каралган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар