Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

3 жашар Алиянын өлүмү боюнча Октябрь райондук сотунун өкүмү чыкты

Былтыр Бишкекте тишин дарылоо учурунда каза болгон 3 жашар Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча айыпталуучуларга өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Эскерте кетсек, аталган окуя 2023-жылы 18-декабрда болгон. 3 жаштагы кыз тишин тазалоо учурунда каза тапкан. Дарылоону «Дентомакс» клиникасынын кызматкерлери Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунда жасаган.

Бул иш Октбрь райондук сотунда каралып, беш адам айыпталуучу болгон.

Соттун өкүмү менен стоматолог Айганыш Кадыркулова 41-берененин 4-бөлүгү-379-берененин 3-бөлүгү (башка кылмышты жашыруу же жеңилдетүү максатында документ жасалмалоого катышуу), 152-берене (этиятсыздыктан оор залал келтирген мыйзамсыз дарылоо иши) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Анестезиолог Айнура Туратбекова 41-берененин 4-бөлүгү-379-берененин 3-бөлүгү (башка кылмышты жашыруу же жеңилдетүү максатында документ жасалмалоого катышуу), 146-берене (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга абакка кесилди.

Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун ошол кездеги директору Муктарбек Искаков 41-берененин 4-бөлүгү-379-берененин 3-бөлүгү (башка кылмышты жашыруу же жеңилдетүү максатында документ жасалмалоого катышуу), 245-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5,6 жылга соттолгон. Ошол эле учурда 3 жыл пробация берилип, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган.

Стоматологдун жолдошу Данияр Таалайбеков 41-берененин 4-бөлүгү-379-берененин 3-бөлүгү (башка кылмышты жашыруу же жеңилдетүү максатында документ жасалмалоого катышуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга абакка кесилди.

«Дентомакс» клиникасынын директору Байыш Шамурзаев акталды.

Ошондой эле Данияр Таалайбеков, Айганыш Кадыркулова, Айнура Туратбекова, Муктарбек Искаков жабырлануучу тарапка 1 млн. сом моралдык зыян жана 541,7 миң сом материалдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилген.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар