Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Москвада Жогорку Кеңеш менен Федералдык Жыйындын биргелешкен жыйыны өттү

Москва шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча жана Коргоо, коопсуздук боюнча комитеттеринин биринчи биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Парламенттен билдиришкендей, отурумдун ишине комитет төрагалары Улан Примов, Григорий Карасин, комитет төрагасынын биринчи орун басары Сергей Мартынов, ошондой эле комитеттердин мүчөлөрү катышты.

Улан Примов белгилегендей, Кыргызстан менен Россия көп жылдык достук жана өз ара түшүнүшүү менен байланышта.

«Биздин кызматташтык экономикадан маданиятка, коопсуздуктан гуманитардык байланыштарга чейин кеңири темаларды камтыйт. Биздин аракеттерибиз координациялоону жана тажрыйба алмашууну талап кылган жаңы кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Бул багытта биз парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз. Парламенттер аралык байланыштарыбыздын жогорку деңгээлин, анын ичинде кыргыз тараптын өз ара аракеттенүүнүн жетишилген динамикасын сактоого жана арттырууга умтулуусун баса белгилегим келет»,- деди эл өкүлү.

Жыйындын катышуучулары парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү, Борбор Азиядагы миграция жана коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Кыргызстан менен Россиянын парламенттик комитеттеринин ортосундагы кызматташтык терең интеграция жана өз ара түшүнүшүү үчүн негиз болору белгиленди.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар