Мүлдө өлкөбүз жапайы жаныбарлар дүйнөсүнө карк. Кечээки доордо эле, Кыргызстандын фаунасына омурткалуулардын 500дөн ашуун түрү кирери, курт-кумурска менен кенелердин 3171, балыктардын 49, канаттуулардын 335, сүт эмүүчүлөрдүн 83, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 25, жерде-сууда жашоочулардын 3 түрү бар экендиги изилдениптир (КСЭ: Кыргыз ССРи, 77-80-беттер).
Азыркы учурда алардын айрымдары тукум курут болуп кетүүгө жакындагандыгын, кээ бирлери опсуз көбөйүп, тескерисинче терс таасирин тийгизип, эликтердин ж.б. жаныбарлардын санынын азайып жаткандыгы боюнча экологдор коңгуроо кагышууда.
Жогорудагы жаныбарлардын дээрлик экиден жана үчтөн бир бөлүгү Нарын дубанында кездешет. Анткени, аймакта өзгөчө корголуучу үч мекеме, атап айтканда Нарын жана Кара-Тал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коруктары, Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркы бар. Жергиликтүү жаратылыш сакчылардын баамдарында мурунку учурдагыдай оңду-солду аңчылык кылууга мүмкүнчүлүк болбой калгандыктан, жапайы жаныбарлар көбөйүү үстүндө.
– Союз убагында тартип катуу болгону менен браконьерлер толук кандуу тыйылган эмес. Эгемендик келгенден кийин аңчылык күчөгөн. Ал эми соңку жылдарда жапайы жаныбарлардын саны кескин көбөйгөндүгү байкалды. Мунун башкы себеби, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында фото-капкандар ар кайсы мерчемдүү жерлерге коюлгандыгынан болду. Ошону менен катар айлык көбөйгөндүктөн, кызматкерлерге талаптар күчөтүлдү. Үчүнчүдөн, мыйзамсыз аңчылык кылып кармалгандарга доонун өлчөмү көбөйтүлдү. Министрлер Кабинетинин быйылкы жылдын 12-июлундагы №384 токтомуна ылайык, илбирске – 2 млн., аркар, кулжа, бугу, марал жана жейренге – 1,5 млн., эчки-текеге – 300 миң, эликтерге – 100 миң сом доо коюлат. Мурда бул доонун баасы 50 миңден 1,5 млн.го чейин болчу, – дейт облустук жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Ырахат Токталиев.
Маселен, быйыл Салкын-Төр паркынан 7 илбирс катталган.
– Мурда бир эле баш илбирс бар деп келгенбиз. Быйыл Дөбөлүнүн башынан жетөө фото капканга түштү. Бир эне илбирс үч баласы менен, бир эркеги өзүнчө, анан эне-бала илбирстер кийинчерээк келишиптир. Биз негизинен 10 фото капкан аркылуу санак жүргүзөбүз. 2020-жылы 32 элик түшсө, былтыр алардын саны 45 болуптур. Тоо текенин айырмасы үч жылда эле 35тен 47ге, түлкү 14төн 27ге, кекилик 27ден 44кө, улар 17ден 21ге, суусар 2ден 5ке, сүлөөсүн 3төн 6га көп катталды, — деди парктын ага илимий кызматкери Үмөтбек Ысмайылов.
Ал эми Нарын жана Кара-Тал-Жапырык коруктарынын директорлорунун орун басарлары Жолдошбек Кырбашев, Талант Өмүралиев мырзалар атайын Смартпрограммалар киргизилип жаткандыгын, натыйжада, жапайы жаныбарларды коргоо дагы жакшы жолго коюларын билдиришти. Көрсө, ар бир егердин жана кызматкерлердин кайда жүргөндүгү, канча жол баскандыгы ачыкталат экен. Нарын коругунда жапайы мышык (мадыл) катталса, Соң-Көлдө чарбалык балыктардын көбөйгөндүгү байкалган.
«Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө» демекчи, жырткыч жаныбарлардын дагы көбөйүүсү жергиликтүү тургундарга бүлүк салып, үй жана ошол эле жапайы жаныбарлардын санынын азайышына, айрым түрлөрдүн популяциясынын азайышына же таптакыр жоголуп кетүүсүнө кириптер кылат экен.
– «Кызыл китепке кирген жаныбарлардын тизмесин тез арада кароо керек. Мисалы сүлөөсүндөр көбөйүп, бир эле короодон ондон ашуун козу-улактарды кырып кеткендиги тууралуу маалыматтар бар. Бирок ал Кызыл китепке кирген. Экинчиден, америка суу күсөнү (норка) 1960-70 жылдары атайын кое берилген. Булар дагы көбөйүп жан-жаныбарларга зыян келтирүүдө. Дагы бир көйгөй, бул доолорду өндүрүүнүн кыйынчылыгы. Быйыл 9 айда мурунку баа менен 661,9 миң сом доо коюлуп, анын 214,6 миң сому гана өндүрүлдү.
2016-жылдан бери өнбөгөн доолор бар. Себеби өндүрүү механизми татаалдаштырылган. Мурда биздин кызматкерлер эле дароо өндүрүү үчүн токтом чыгарчубуз. Өнбөгөндөр сот аркылуу ишке ашырылчу. Эми 10 миң сомдон ашкан доолор ички иштер органдарына тергөөгө берилет. Андан ары соттон сотко баруу. Айтор, кыйынчылык. Ошентип алдын 8-9 жылдан бери өндүрө албайбыз. Акыры бирөөнүн үлүш жерин аукцион менен алууга туура келүүдө, – деди Ы.Токталиев.
Ү.Ысмайылов болсо:- Элдин малын жапайы жырткычтар кырса, ага мамлекет компенсация кылыш керек. Болбосо бара-бара эл аргасыздан атканга барат. Эл менен мамлекеттин ортосунда тиреш келип чыгышы мүмкүн. Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы «Жазы-Бет», » Карагай Булак» деген коктуларда элик жок калыптыр. Аларды сүлөөсүндөр кырууда. Ала чыйырчык, Көк жору дегендер көрүнбөй калды. Бакалар саны азайды,– дейт.
Коруктун жетекчиликтери негизги көйгөй деп агартуу иштерин баса белгилешти. Маселен, Нарын коругунда 2 илимий кызматкер иштесе, Кара-Тал-Жапырыкта бир гана адис эмгектенет. Булар эмнеге жетишет? Ошону менен катар жаратылыш музейлер, экоборборлор болушу абзелдигин билдиришти. Нарын коруктагы музей болсо, оңдоого муктаждыктан иштебей калган. Соң-Көл менен Чатыр-Көлгө моторлуу кайыктар керек.
– Жогорудагыдай өк-сүктөрдөн сырткары, бизде бугу, марал питомниги 36 жылдан бери кеңейтилбей келди. Быйыл «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондуна долбоор жазылып, 5 млн.735 сом утуп алдык. Эми питомник аянтына 30 гектар кошулмакчы. Натыйжада мурункудай 10-15 эмес, 20 бугу, маралды кармоого болот. Эгерде питомник аянты кеңейтилсе, анда биз аркылуу мамлекеттин тиешелүү шарты бар бардык жерине ушул асыл жаныбарларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болмок. Келерки жылдын жазында Тогуз Торо районундагы «Кан-Ачуу» жаратылыш паркына жана Жумгал токой чарбасына ар бирине бештен бугу, марал берүү пландалууда, – дейт Ж.Кырбашов.
Айтмакчы, 2018-жылы аталган коруктан 9 бугу, марал Авлетим токойлоруна алып барып коё берилген. Андан бери ал жактагы бугу, маралдар көбөйүп жаткандыгы эшитилди.
Күмөндөр УСУПТЕГИН,
Нарын облусу