Президент Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасынын президентинин Сеулдагы кеңсесине келди.
Ал жерде мамлекет башчысын Кореянын президенти Юн Сок Ёль тосуп алды.
Салам алышкандан кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Андан ары лидерлер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, сүйлөшүүлөр залына өтүштү.