Интернет булактарында, теле каналдарда акыркы кезде жайнаган “Ийгиликке жет”, “Баары өз колуңда” ж.б. ушул сыяктуу түз эле “ийгиликке” жетелеп жөнөгөн жарнамалык сюжеттер силердин да кулагыңарга жаңырып, балким, айрымдарыңардын түшүңөргө кире баштаса керек.
«Мен бактылуумун, сулуумун, өзгөчөмүн, ийгиликтүүмүн. Колумдан баары келет. Өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алам…». Таң атпай ушул сөздөр менин уйкумду бузду. Көрсө, Айсалкын жеңем чоң күзгүнүн маңдайында туруп алып, өзү менен өзү сырдашып жатыптыр. Сабак өтүп жаткан тренери – психологбу, косметологбу, бизмесменби, коучпу же дарыгерби, билбейм, бир туруп бетке туура кам көрүү, бир карасам бала багуу, бизнес баштоо, өзүн сүйүү, кыскасы, андан-мындан алып сүйлөп жаткан болот. Бат-баттан даярданып, жумушка чыкканы шаштым.
Бирок, али кутулган жокмун. Кайда качмак элем? Анткени, бул тема социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында эң көп талкууланган темалардын сап башына чыккан. Интернет булактарын “Ийгиликке жет», “Ийгиликке бир кадам”, “Сен күчтүүсүң”, “Өзүңдү сүй”, “Ийгиликке жол – өзүңө ишенүүдөн башталат”, “Өзүңдү тааны”, “Ханыша”, “Максатыңа жет”, “Негативден арылабыз”, “Бактылуу аял”, “Өзүмдү сүйөм”, «Канткенде мыкты аял болом» деген сыяктуу окшош аталыштардагы тренингдер, түз эфирлер, жолугушуулар каптап кеткен.
Муну Франкфурт мектеби “Адамдар өздөрүнүн эмнени жакшы көрөрүн билбей, массанын аркасынан чуркап, бир типтешип бара жаткандыгын көрсөткөн массалык медианын үстөмдүгүнүн издери”, – деп атады.
Ийгиликтин мааниси, кабыл алынышы замандын алмашышы менен өзгөрүп келет. Мисалы, таш доорунда өзүнүн эле эмес бүтүндөй уруунун курсагын тойгузганды, кул ээлөөчүлүк доорунда кулчулуктан азаттыкка чыгарганды, согуш учурларында мекен үчүн жан аябай салгылашта жеңишке жеткенди ийгилик деп билишсе, азыр адамдар үчүн “ийгилик” бул – арзыбаган байлыкты, керт башынын жыргалчылыгын, атактуулукту түшүндүрүп калды.
Ошентип, “ийгиликке жеткире салчу” курстардын орточо баасы бери дегенде эле 5000 сомдон башталып 10 000 сомго чейин жетет экен. Кызыгы, кайсы бир жаңы өнөр же адистик өздөштүрүп чыгышпайт. Ошол эле акчага таттуу-лардын түрүн жасаганды, кийим тиккенди, токуганды үйрөнсө пайдалууракпы деп ойлонуп коём. Бирок, ошого муктаждык болуп жаткан үчүн окуп жатышканы талашсыз. Эмне үчүн андай муктаждык бар? Бул тууралуу психолог Айзада Космосбекке суроо салдым:
– Мисалы, курстарды жарнама кылганда “үйдө бош эч нерсе кылбай отурсаң, 50гө чыксаң да ийгиликке жете элек болсоң” деген сыяктуу ыкмаларды колдонушат. Бул көрүүчүлөргө кандай таасир этет?
– Терс таасир этет, өзгөчө айымдарга. Баарыбыз жакшы билебиз, айымдардын көпчүлүгү бекер, бош отурушпайт. Алардын бүтпөгөн үй жумуштары, бала багуусу эсепке алынбай, көзгө көрүнбөй, БААЛАНБАЙ, эртеден кечке “жөн эле” отурушат деп басым, барксыздандыруу маанисинде айтышат. Өз кезегинде мындай сөздөр адамдын өздүк баасын төмөндөтүп, өзүн башкалардан ылдый сезүү, күнөөлүү сезүү сезимдерин жаратат. Ийгилик бул субъективдүү нерсе, ар ким үчүн ал ар башкача болот. Бирөөлөр үчүн кымбат машина болсо, башкалар үчүн саякаттоо же жөн гана бүгүнкү таңды көрүүнүн өзү ийгилик болушу мүмкүн.
Курс саткандар айткан ийгиликке жеткен күндө да, ал сиздин жан дүйнөңүз, аң-сезимиңиз каалаган ийгилик болбошу мүмкүн… Андыктан өзүңүздүн ичиңизге үңүлүп, өзүңүздүн каалоо, муктаждыгыңызды тааныганды үйрөнсөңүз, башкалар таңуулаган ийгилик кереги жок экенин түшүнөсүз.
– Курс саткан псевдопсихолог, коучтар тууралуу пикириңиз кандай?
– Социалдык түйүндөрдө маркетинг аркылуу катталуучуларды көп топтоп, дүңгүрөтүп жарнама берсе, бул кесипкөйлүктүн көрсөткүчү эмес. Курс сатуу акча табуу үчүн оңой жана ыңгайлуу. Балким, ушундан улам курс саткандар көбөйдү. Бир жолу жаздырып, каалашыңча сата бересиң. Псевдопсихологдордун көбөйүшү бул табигый көрүнүш. Суроо-талап көбөйгөн жерде, сөзсүз сунуштоочулар да көбөйөт. Бирок, аларды иргөө үчүн мамлекеттин билим жана тажрыйбага таянган “элек” системасы болушу керек. Ошондой эле аларга барган ар бир адам өзү дагы жоопкерчиликти сезиши керек. Анализдүү ой жүгүртүү, салыштыруу аркылуу тандоосу абзел.
Психологдун пикирин улай айтсам, дүйнө психологдорунун айтымында, адамдарды жашы өткөн сайын “Мен эмне кылдым?”, “Эмнелерге жетиштим?” деген су-
роолор көбүрөөк тынчсыздандыра баштайт. Балдарын үйлөнтүп-жайлантып , адам катарына кошкондору көздөрүнө «эч нерсе» болуп көрүнүп, “и-ий бир нерсеге жетишип калсам гана” деп турганда, «1 айда ийгиликке жеткизем» деген сөздөр мүрөк суусундай эле туюлса керек.
Менин каарманым пенсионер Гүлбүбү апа өзү 1 ай катышкан “Ийгилик колуңда” курсу жөнүндө оюн билдирип, бирок, курстун авторун жашырып койду: “Фейсбуктан 1 жылдан бери көрүп жүргөм. Күндө эле “мына менден окугандар жыйынтык көрсөтүп, саякаттап, өзүн сүйө башташты, балдары гүл берип, сыйлай баштады” деп, эми укмуш видеолорду чыгарчу. Мен да окуп көрөйүнчү деп, 6000 сомго катталып алгам. Кооз сүйлөгөнү менен, бир пайдасы жок. “Сен кыйынсың” десе эле, кыйын болуп кетпейт экенсиң да. Болгону адамдарды азгырып жатып эле, катыштырып алат окшойт курсуна. Акчам бекер кетти”.
Cyberpsychology журналында жарыяланган изилдөөлөр 1997-жылы эң популярдуу балдар шоулары 9-11 жаштагы балдар арасында адамдар менен байланыш жана боорукердик негизги баалуулук болгондугун көрсөткөн. Ал эми, 2007-жылга чейин атак-даңк биринчи орунга көтөрүлүп, андан кийинки эле сапты ийгилик, имидж жана акча ээлеген.
Балким, коомдо адамдарды баалоо статуска эмес, атак-даңк же байлыкка эмес, адамгерчилик, тазалык, маданияттуулук, боорукердик, адилеттүүлүк, мекенчилдик сыяктуу индекстер менен болсо, ийгилигиңди ары коё туруп 21-кылымда көчөгө какырып-түкүрбөй, коомдук транспортто телефон менен кыйкырып сүйлөшпөй, жөөлөшпөй, бири-бирибизден кезекти тартып албай базалык жүрүм-турум эрежелерине көңүл бурмактырбыз. Болбосо, “баары эле “Мыкты адам” курстарын окуп жүрсө, тартипсиз адамдар кайдан чыгат” деп башың катат.
Мамлекеттин “элек” системасы барбы?
Кошумчалай кетсек, кечээ 14-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорун комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева сунуштады. “Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок курстар, тренингдер жана консультациялар сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөндөрдүн санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада психологиялык кызматтардын рыногу компетентсиз адистердин санына толду”, – деди ал. Анын айтымында, мыйзам долбоору жарнаманын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Адатта, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өз кызматтарын жарнамалашкандыктан, жашы жете электерди жана жарандарды коргоо максатында чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.