Адам баласынын эс тарткандан көкүрөгүндө сактаган бир аруу кыялы болот. Тилекке каршы, адамдардын баары эле өмүрү өткүчө ал кыялын ишке ашыра албайт. Бирок, айрымдар андай аруу тилектерине өз аракети, тырышчаактыгы менен жетсе, бирөөлөр Жараткандын жардамы менен ой-максатын ишке ашырат. Бала кездеги Кореяда окусам, иштесем деген кыялы ишке ашкан мекендешибиз, ашпозчу Айжамал ЖАНЫБЕК кызы бизге кызыктуу кеп салып берди.
Кыр ашырган кыялдар
– Мен Ош облусунун Араван районуна караштуу Керкидан айылынан болом. Кичине кезимден эле “Тангем”, “Жумоңг”, “Кыш сонатасы” деген корей сериалдарын калтырбай көрүп, бул элдин маданиятына, кийим-кечесине, тамак-ашына кызыгуум артып, корей тилин үйрөнө баштагам. Мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетине тапшырдым. Ал жакты бүтүрүп, турмушка чыгып, өз кесибим боюнча иштеп калдым. Бирок, бала кездеги кыялым тынчтык бербей, Кореяга барып окусам деген ой санааман кетпей туруп алды. Акыры ал оюмду жолдошума айтсам ал мени колдоп, экөөбүз корей тилин чогуу үйрөнө баштадык. Жолдошум жумуш боюнча экзамен тапшырып менден биринчи Кореяга кетти. Мен тилди билүү деңгээлин аныктай турган “Topik” экзаменин ийгиликтүү тапшырып, Кореяга 2022-жылы студент катары келдим. Ошентип Кореянын Бексок университетинде корей тили курсунан окуй баштадым. Бир жыл тил үйрөнгөндөн кийин Хунсун шаарындагы Хеджон университетине тапшырдым. Учурда жолдошум экөөбүз Пхёнтхэк шаарында жашайбыз.
“Алданганыбыздыда айта албай койгонбуз”
– Эсимде, ошол жылы Кореяга Аравандан эки студент келгенбиз. Бизге «Кореядан силерди мугалимиңер тосуп алат»,-деп айтышкан. Тилекке каршы, аэрпортко келсек бизди эч ким тосуп алган жок. Келип калар деген үмүт менен бир сааттай күтүп отурдук. Андан ары кайда, кантип барарыбызды билбей, же жакшы тил билбегенге дендароо болуп туруп калдык. Минтип отура бергенден майнап чыкпасын түшүнүп, биз окуй турган университетти өзүбүз таап бармай болдук. Себеби мугалимибиз менен байланышканга интернетибиз да, бул өлкөнүн SIM картасы да жок эле. Жердешим экөөбүз болгон акчабызды корей вонуна алмаштырдык. Бирок, Чхонан шаарына баруу үчүн кантип, кайдан билет сатып аларыбызды билбей туруп калдык. Аңгыча бир корей аял өтүп калып, андан билет алып берүүгө жардам сурадык. Ал: “Билет алганга банктык же автобустук картаңар барбы?” – деп сурады. Биз жаңы эле келгенибизди айтып, жагдайыбызды түшүндүрсөк «Акчасын берсеңер өзүмдүн картам менен билет алып берем», – деди. Биз кубанып, макул болдук. Көрсө ал аял бизди алдап көбүрөөк акчабызды алып коюптур. Корей тилин жакшы билбегендиктен «Бул жакта башка баа турат го, акчабызды кайтарып бериңиз», – деп айта албай кете бергенбиз.
Бул жакка келерде Ош шаарындагы тил курстарынан 2 ай корей тилин окугам. Бирок, Кореяга келгенде эмнегедир коркуп, жергиликтүү эл менен сүйлөшө албай жүрдүм. Негизи тилди жакшы үйрөнгөн соң чет жакка чыкпаса кыйын эле экен. Курс окуп, тилди үйрөндүм деп келгениң менен тилди жашоо-турмушта колдонуу таптакыр башка. Анын үстүнө эки ай ичинде бул тилди өздөштүрүп кетүү да оңой эмес. «Бул жакка жеткирип коюңузчу», «токтотуп коюңузчу» деген күнүмдүк сөздөрдү үйрөнүп жүрүп азыр жакшы сүйлөп калдым. Албетте, тилин билип, жергиликтүүлөр менен эркин баарлашсаң башкалардай эле корей эли да жакшы кабыл алат. Ошондуктан, бул жакка келе турчу студенттерге корей тилин жакшы өздөштүрүп, эркин сүйлөшө ала турган деңгээлге жеткенде келиңиздер деп айтат элем.
«Алтын медаль алганда жашыдым”
– Бир күнү мугалимим «Жакында университеттер арасында корея ашканасы жана кондитер азыктары боюнча рес-публикалык конкурс болот. Катышып көрбөйсүңбү?» – деп калды. Ойлонуп отурбастан макулдугумду билдирдим. Сураштырсам конкурс 2009-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатыптыр. Конкурска команда менен да, жалгыз да катышууга мүмкүн болгондуктан ага орун алуу үчүн эмес, тажрыйба алмашуу максатында жалгыз катыштым. Бирок, мугалимимдин: “Буга чейин бул конкурска Кыргызстан түгүл Борбор Азиядан бир да студент катышкан эмес. Өлкөңдүн атынан биринчи жолу сен катышып жатасың. Бирок, мен сага ишенем”,-дегени мени бир топ чыйралтып, мага чоң жоопкерчилик жүктөп койду. Конкурста «Кимбаб» корей улуттук тамагын даярдамай болдум. Бирок, «Корей улуттук тамагын корейлерден артык жасай алат болдум бекен, уят болуп калбайымбы?” деп санааркап жаттым.
Даярдаган тамагымдын жасалышы, кооздугу жана даамы калыстар тобунун купулуна толду. Жыйынтыгында Кудай буюруп, алтын медаль жана алтын сертификатка ээ болдум. Сыйлык тапшыруу аземинде аты-жөнүм аталганда кубанганымдан көзүмө жаш алдым. Кореяга келип алтын медаль алып калам деп эч ойлогон эмес элем. Бул ийгилик “Колуңдан келет кызым” деп колдоп, дуба кылган ата-энелерибиздин, балалык кыялымды орундатып Кореяга алып келген жолдошумдун жана билим берген мугалимдеримдин аркасында болду деп ойлойм жана аларга терең ыраазычылыгымды билдирем.
«Узак жашоо сыры тамак рационунда, эмгекте экен”
– Кайсыл жакка барбайын биринчи базарларын кыдырып чыгам. Анткени базарлардан жергиликтүү элдин эмне кийип, эмне ичип, эмне жумуш менен көбүрөөк алек болорун, атүгүл элдин кулк-мүнөзүн билүүгө мүмкүн. Ошондуктан бул жакка келгенде да алгач базарларын кыдырып чыккам. Мени баарынан да корей элинин өтө эмгекчил, мээнеткеч экендиги катуу таасирлентти. Улгайган адамдардын балдарынан өзүнчө жашап, базарларда, күрүч талааларында жаштардан калышпай иштеп жүргөндөрүнө, күч-кубатына, тырышчаактыгына суктандым.
Кийин корей элинин узак жашоо сырына абдан кызыгып калдым. Көрсө, анын сыры витаминге бай тамак-аштарында жана сергек жашоо образында экен. Мисалы, бул жакта кичинекей ашканаларга кирсең деле 3-4 түр жашылчадан жасалган салаттарды көрөсүң. Ал эми чоң-чоң кафе, ресторандарда 7-8 түрлүү жашылчадан жасалган салаттарды алып келет. Ушундан улам көп түрдүү азыктар менен тамактанышып, дайыма кыймылда болуп, эмгек кылуунун аркасында булар узак өмүр сүрүшөт окшойт деген бүтүмгө келдим. Ушул себептүү мен бул жакта тамак-аш жаатында окуп калгам.
“Мекенге болгон кусалык башыбызды бириктирет”
– Чет жакта жүргөндө өз өлкөңө болгон сагынуу өзгөчө болот экен. Башында үй-бүлөмдү, Кыргызстанды сагынып ыйлаган күндөрүм болду. Сагынганда бул жактагы кыргыздар чогулуп, атайын кыргыз ашканаларына барып, өзүбүздүн тамак-аштарды жеп, чер жазыша баарлашып олтуруп сагынычыбызды таркатабыз. Бул жакта көпчүлүк тамак-аштарына чочконун эт-майын жана ачуу татымдарды көп кошушкандыктан бардык эле кыргызстандыктар тамак-аштан кыйналышат. Ошондуктан, кыргыз тамактарын сагынганда эле чогула калабыз десем болот.
Алыс жакта жүргөндө кыргыздар өзгөчө жакын болуп кетет экенбиз. Майрамдарда, жамандык-жакшылыктарда дайыма чогулуп, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, жардамдашып турабыз. Ким менен жолугуп, ким менен сүйлөшпөйлү алгач эле “Кайсыл жактансың?” деп сурашат. Ошондуктан баарыбыз үлгүлүү жүрүм-турумубузду, жакшы адеп-ахлагыбызды гана көрсөтүүгө тырышабыз. Анткени биздин жакшы жагыбызды көрсө кыргыз тууралуу жакшы ойдо калышарын, жаман жагыбызды көрсө бүтүндөй кыргыз эли тууралуу жаман ойлоп калышарын түшүнөбүз.
“Катарыбызды бузбай калкыбызга учуп кетербиз”
– Кореяда жашоо өтө ыңгайлуу. Бардык нерсени тапса болот. Бирок, виза маселесинен улам бул жакка келүү өтө кыйын. Визага тапшыргандардын баарына эле виза бере беришпейт. Ошол себептүү сагыныч канча кыйнабасын Кореяга келген студенттер тил курсун аяктап, тил деңгээлиңди аныктай турган сынакты тапшырып, анан кесиптик окууга өткөнгө чейин 1-1,5 жыл бою мекенине барышпайт. Анткени ушунча кыйынчылык менен келип, анан Кыргызстанга барганда виза боюнча маселе жаралып кайра келе албай калуудан кооптонушат. Канчалык шарты мыкты, жашоого ыңгайлуу мамлекет болбосун өзүңдүн мекениңе, туулуп-өскөн жериңе салыштырып болбойт. Учурда, илим-билим алып, максаттарымдын аркасынан чуркап жүргөнүм менен убактысы келгенде өз өлкөбүзгө кайтып, өз элибиз үчүн иштесем деген жакшы тилектерим бар. Азыр биз бул жакта убактылуу учуп келген каркырадайбыз. Кези келгенде катарыбызды бузбай калкыбызга, Ата-Журтубузга учуп кетер күн да болор.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”