Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2024-жылдын 23-майындагы №553 буйругунун негизинде өлкөбүздө В, С вирустук гепатиттеринин жана АИВдин таркалышына жана жугуу тобокелдик факторлоруна популяциялык- серологиялык изилдөө жүргүзүү жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерин жоюу боюнча иш-чараларды пландаштырууну, мониторинг жүргүзүүнү жана ишке ашырууну жакшыртуу максатында кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборуна көптөгөн тапшырмалар, милдеттер коюлду.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова былтыркы жылдын март айынан бери 28 миңге жакын адамдан вирустук гепатит аныкталганын айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө гепатиттин В, С түрлөрүнө жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккандардын болжолдуу санын аныктоо үчүн улуттук изилдөө баштады. Үмүткан Чокморова иликтөө кандай жүрүп, жыйынтыгында бийлик кандай чараларды көрөрү тууралуу биз менен болгон маегинде айтып берди.
Медицина тармагынын ийгиликтүү аракеттеринин сап башында турган каарманыбыз Чокморова Үмүткан айым учурда жасалып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп пилоттук долбоор баштап, учурда гепатит оорусуна каршы эмдөө жүрүп жатат. Ушул кадамдарга жетүү үчүн дагы чечкиндүү кадамдар талап кылгандыгына токтолду, Үмүткан айым.
– Өлкөдө саламаттыкты сактоо үчүн гепатиттин В, С түрлөрүнүн жана ВИЧ-инфекциянын айланасындагы абалды билүү үчүн масштабдуу серологиялык изилдөө жүргүзүү башталды. Ушул кадамдар учурдун эң бир маанилүү маселеси болуп жаткандыгы себеп болдубу?
– ВИЧ инфекциясы жана кан аркылуу жугуучу гепатит оорулары бир эле биздин Кыргызстанда эмес бүткүл дүйнө жүзүндө адам баласынын ден соолугун көзөмөлдөөдө актуалдуу маселелердин катарында чоң көйгөйлөрдү жаратып келе жатат. Бизде мурун ушул гепатит менен ооруган адамдарды көзөмөлдөгөн уюм, башкармалыктар, борборлор болгон эмес. Коомубуздагы көптөгөн өзгөрүүлөрдүн натыйжасы менен, ушул гепатит оорусу менен жабыркаган көптөгөн адамдардын Жогорку Кеңешке, Президентке байма-бай кайрылууларынын негизинде 2022-жылдын аягында, декабрь айында биздин лабораторияларыбыздын дараметтеринин күчтүүлүгү эске алынып, кан аркылуу жугуучу гепатит ооруларын көзөмөлдөө биздин борборго жүктөлдү. Биздин борбордо жалпы Кыргызстан боюнча 34 лаборатория бар. Ушул мезгилге чейин чарбалык эсептин негизинде биз ошол лабораторияларыбызда гепатиттин түрлөрүн аныктоо үчүн сыркоо адамдардан анализдерди алчубуз. Жугуу жолдорунун окшоштугу, дарылоо жолдорунун бирдей экендиги эске алынып, саламаттыкты сактоо минис-тирлиги гепатит дартын көзөмөлдөп, дарылоо кызматтарын биздин борборго кошуп беришти. Ошентип биз жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧ-инфекциясына каршы күрөшүү борбору болуп калдык.
– Ошол убакыттан бери эки эселенген кайрат-күч менен эмгектенип жаткан экенсиздер. Жоопкерчилик артып, милдет көбөйгөн учур экен да. Кыйналган жоксуздарбы?
– Учурда биздин борборубуз калк саламаттыгы үчүн көп иштерди жасап жатат. Ден соолугу чың, саламаттыгы таза коомдун өзөгүн камсыздоо үчүн Министрлер Кабинети тарабынан колдоолорго ээ болуп жатабыз. Каражаттар бөлүнүп жатат. Бейтаптардын өкмөткө жардам сурап кайрылуусунун натыйжасында диагностикалоо, алдын алуу үчүн вакцинациялоо жана дарылоо иштерине 2022-жылдын соңунда каржылоо бөлүнгөн. Ошол 2022-жылдын декабрь айынан тартып эле Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп, пилоттук иш-чараларды баштаганбыз. 23 жаштан өткөн адамдарга гепатиттин В түрүнө карата эмдөө өнөктүгүн жүргүздүк. Бүгүнкү күндө жыйынтыктарын берип жатат. Бул эмдөө иштерин 3 этап менен жүргүздүк. Биринчи дозасын 224 миң адам алды. Экинчи дозасын бир айдан кийин 183 миң адам алса, үчүнчү дозасын биринчи дозаны алгандан кийинки 6 айдан кийин 123 миңге жакын адам алды. Бул демек, 123 миң адам гепатит менен оорубайт жана гепатитти жуктуруп албайт деп кепилдик бере алабыз. 1 млн. 100 миңге жакын адам текшерилүүдөн өттү. Ушул аракеттерибиздин негизинде биз кыска эле убакыттын ичинде гепатит менен ооруган 28 миң адамды таптык. Кыска убакытта дегеним-ал кызматты бизге кошуп бергенден кийин, каржы маселелерибиз чечилгенче, уюштуруу иштерин жүргүзгөнчө 4-5 ай өтө чыкты. Ошондо бир жыл аралыгында эле ушунча адам гепатит менен ооруй тургандыгын изилдеп чыктык. Бул биздин жамаатыбыз үчүн чоң көрсөткүч болду. Ушул ооругандардын ичинен 18 миң 600 адам В гепатити менен ооруса, ал эми 9400 адам С гепатити менен ооруй тургандыгы аныкталды. Кыргызстаныбыз үчүн бул көрсөткүч абдан жогорку деп эсептелет.
Биздин мамлекетибизде Россия мамлекетинен гуманитардык жардам катары келген мобилдик клиникалар, лабораторияларыбыз бар. Ошол клиникаларда чыпалактан бир эле кан алганда дароо 4 илдеттин С, В гепатиттеринин, ВИЧ-инфекциясынын жана сифилистин бар же жок экендигин текшеребиз. 2023-жылы мобилдик клиникалардын жардамы менен арабызда ВИЧ инфекциясын алып жүргөн – 8 адамды, 1064 – гепатиттин В, 367 – С гепатити, жана 315 сифилис оорусу менен ооруп жүргөн замандаштарыбызды таптык. Ушул мобилдик клиникалардан экспресс тест менен текшерилип, оң белги чыккандардан кийин венасынан кан алып, лабораториялардан текшерип, тастыктоо анализдерин жүргүзөбүз. Учурда жасап жаткан аракеттерибизден дагы канчалаган сыркоо адамдарды таба тургандыгыбыз азырынча белгисиз. Анткени соо адамдар ушул оорууларды жуктуруп алса дагы анын белгилери дароо байкалбагандыктан, адамдар билбей жүрө беришет.
Грузия мамлекетинде биз жүргүзгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында гепатит менен ооругандарды аныкташып, бүгүнкү күндө алдын-алуу иштери күчөтүлгөн. Ушул аракеттердин натыйжасында азыр Грузия мамлекетинде жарандар арасында С гепатитинин бир дагы учуру катталбай калды. Алар азыркы учурда В гепатитин каттоо учурларын жокко чыгаруу үчүн катуу иштеп жатышат. Биз ошол Грузия мамлекетинин тажрыйбаларын алып Кыргызстанда жашаган жарандардын арасында гепатит оорусун жуктуруп алып бирок симптомдору чыкпай жүргөн ооруларды аныктоо, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү жана аныкталган ооруларды дарылоону камтуу менен бирге биз дагы Грузиянын тажрыйбасында мамлекетибизде В жана С гепатиттеринин түрлөрүн, ВИЧ-инфекциясын жок кылууга аракеттерибизди күчөтөбүз.
Ошондуктан биз Грузия мамлекетинин тажрыйбаларын үйрөнүү үчүн аракеттерди жасап жатабыз. Биз ал мамлекетте болуп, алардын иш-аракеттери менен таанышып келдик. Алардын тажрыйбаларын, ыкмаларын биздин мамлекетте дагы жайылтууну сунуш кылып, жетекчиликтердин макулдуктарын алдык. CDC уюмунун финансылык жана техникалык каржылоосу менен ушул иликтөөнү жүргүзөлү деп чечтик. Бул туурасында ССМнин буйругу чыккан. Бул изилдөөнүн максаты-өздөрүнүн ооруганын билбей жаткан адамдарды аныктоо, изилдөөнүн жыйынтыгы менен алдын алуу иш-чараларын иштеп чыгуу, аларга мониторинг жүргүзүү менен дарылоо аракеттерине өтүү. Учурда Грузия мамлекетинен келген адистер менен бирге изилдөө иштери жүрүүдө. Адамдардан анализдерди алган адистерди Флеботомисттер деп коюшат. Биз 30 адамды анализ алуу үчүн атайын окуттук. Интервьюерлер жана супервайзерлер деп аталчу адистер ар бир үйгө кирип сурамжылоо иштерин жүргүзүшөт. Кайсы үйгө кирүү керектигин өздөрү аныкташат. Аларды дагы окутуп жатабыз. Алгачкы пилоттук долбоорубуз старт алды. Бул иш чараларыбыз Кыргыз Улуттук статистикалык комитеттин жардамы менен ишке ашууда. Анткени алар эл каттоодо көп тажрыйбалуу аракеттери менен татаал иштерди жасап жүрүшөт. Ошондуктан биз алар менен эмгек келишимдерин түзүп бири-бирибизге чоң жардамдарды берип жатабыз. Үйлөрдү кандайча тандап, адамдарды кепке сөзгө кантип тарта тургандыгыбыз тууралуу алардын формулалары бар экен. Маселен, Кыргызстан боюнча 6090 үйдү камтымай болдук. Кайсы кварталдардан канча үйлөрдү тандай тургандыгыбызды статистика комитети жардам берүүдө. 6090 үйгө барышып , адамдардын арасынан сыркоолорду табышмакчы. Биздин кызматкерлер ошол үйлөргө барышып, сүйлөшүшөт. Алардын макулдуктарын алышып, гепатит аныктоо үчүн анализдерин алышат. Беш жаштан 18 жашка чейинки балдардан алынат, андан кийин 18 жаштан өйдө курактагы адамдардан В, С, Д гепатиттерине, ВИЧке изилдөө жүргүзүү үчүн анализдер алынат. Эгерде адамдар эшиктерин ачпай коюшса анда экинчи, үчүнчү жолу дагы барышат. Ал жолу дагы адамдар сүйлөшүүдөн баш тартышса башка үй-бүлөлөрдү тандашат.
– Эмне үчүн адамдардан 5 жаштан баштап анализ алынат?
– Кыргызстанда 2001-жылдан бери жаңы туулган балдарга В гепатитке каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат. Алгач төрөт үйүндө, анан 2 жарым айлык кезинде, анан 4 айлыгында, анан 5 айлыгында эмдөөлөрүн алышат. Ошол төрөт үйүндөгү дозаларын алгандан кийинки абалдары кандай болгондугун текшерүү үчүн 5 жаштагы балдардан өйдө анализдер алынууда. Биз ушул пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн уюштуруу иштерин мыктылап жүргүздүк.
Изилдөө гепатиттин В, С, D түрлөрү жана ВИЧ-инфекциянын канчалык жайылганын баалоого багытталат.
Учурда Кыргызстанда 218 миң киши гепатитке каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, үч дозасын тең алгандар 116 миң адамды түзөт. Калктын санына карата бул өтө аз көрсөткүч. Бүгүнкү күндө мунун баары бекер жасалууда.
– Гепатит оорусунун жугуу жолдоруна токтоло кетсеңиз?
– Оорунун 3 жугуу жолу бар:
- Жыныстык катнаш аркылуу: презервативсиз, туш келди жыныстык катнаш аркылуу жана эркек менен эркектер жыныстык катнашка барганда жугат.
- Кан аркылуу оорулууларга текшерилбеген донордун каны куюлганда, жугушсуздандырылбаган медициналык аспаптар аркылуу, медициналык эмес аспаптарды колдонууда (балдарды сүннөткө отургузууда, татуировка жасоодо, чач тарачтарда кайчы, маникюр аспаптары, сакал алгычтарда, сулуулук салондорунда инструменттерден) жугат.
- Гепатитти жуктуруп алган энеден балага: боюнда барда, төрөт учурунда, эмчектин сүтү аркылуу жугат.
– Биринчи белгилери кандай болот?
– Теринин жана былжыр челдин, ошондой эле склеранын түсү өзгөрөт. Заара карарып, заң түсү өзгөрөт. Курч гепатитте теринин лимон-сары же коло өңдөрү байкалат. Жеңил же катуу кычышуу пайда болушу мүмкүн. Гипохондрия зонасында оң жагында сыздап ооруйт. Температуранын жогорулашы, алсыздык, психикалык активдүүлүктүн төмөндөшү.
Боор жетишсиздигинин белгилери: асцит, кан кетүү, боор энцефалопатиясы, боордун рак жана цирроз оорусу.
Оору пайда болгон симптомдор ар кандай болушу мүмкүн, ачык-айкын же тымызын болушу мүмкүн. Курч вирустук формалардын инкубациялык мезгили 15 күндөн бир жылга чейин. Оорунун жүрүшү чагылгандай ылдам; курч; өнөкөт активдүү; өнөкөт туруктуу болушу мүмкүн .
– Вирусту жуктуруп алганыбызды кайдан билсек болот?
– Бүгүнкү күнү вакцина алуу, лабораториялык аныктоо, дарылоо бардыгы бекер, жашаган жериңиздердеги үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрыласыздар. Медициналык кызматкерлер окутулган, дарылар менен камсыз болушкан.
Урматтуу кыргызстандыктар, мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сиздерге кайрылып кетким келет. Изилдөөлөрдү жүргүзүүдө сиздер дагы активдүү катышып берүүңүздөрдү өтүнөм. Атайын даярдалган биздин кызматкерлерибиз өздөрүнүн формасын кийип, бейджиктерин тагынып, гепатит боюнча интервью алганы үйүңүздөргө барып калса, жакшы кабыл алып коюңуздар. Өзүңүздөрдүн гепатит менен ооруганыңыздарды же оорубаганыңыздарды билип алыңыздар. Элибиздин, сиздин ден соолугуңуз биз үчүн кымбат. Ушул изилдөөнү жапырт ийгиликтүү ишке ашырып, калкынын ден соолугу чың, кубаттуу өлкө бололу.
Бул пилоттук изилдөө иштери азыр кызуу жүрүүдө. Эки айга созулган иш-чаранын жыйынтыгы жыл соңунда чыгарылмакчы.
– Үмүткан Жусуповна, маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Саламаттыкты сактоо багытындагы аракеттериңиз үзүрүн берип, даражаңыз жогорулай берсин.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке каршы күрөшүү жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова калк арасында серологиялык изилдөө жүргүзүү улутубуздун саламаттыгы үчүн опол тоодой оң натыйжаларды бере тургандыгын айтты. Ылайым эле иштерман айымдын айтканы келип, элибиздин дени сак болуп. Мамлекетибиз өнүгүүнүн үстүндө болсун.
Д.Боронбаева