Вторник, 24 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

“Эгерде күйүп калса эмне кылуу керек?”

Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсо эмне кылуу керек?» деген материалдар сериясын жарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору Жашоо Медиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. Бүгүн Бишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева күйүп калган учурда эмне кылуу керектигин айтып берет.

Күйүү термикалык, химиялык же электрдик болушу мүмкүн. Алардын түрүнө жана жабыркоо деңгээлине карабастан жардам көрсөтүлүүгө
тийиш.

  • Жеңил күйгөн жердин ысыгын чыгаруу жана теринин жабыркоосун азайтуу үчүн муздак суу менен жуугула. Майларды же тиш пастаны колдонбогула, бул кырдаалды оорлотушу мүмкүн.
  • Биринчи жана экинчи деңгээлдеги бир кыйла олуттуу күйүү үчүн муздатуучу спрейди же атайын майды колдонууга болот. Ичине суу толгон шишиктер пайда болгон же ткандар карарып күйүп калган үчүнчү деңгээлдеги күйүүдө жараатка кургак таңуу коюу жана токтоосуз түрдө медициналык жардамга кайрылуу зарыл.
  • Химиялык күйүү болгондо жабыркаган жерди мүмкүн болушунча тезирээк жуугула жана тез жардам чакыргыла.

Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жеке натыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелерине арналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонун сапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүү боюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандарга берүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазган макалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жана эмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнча практикалык кеңештерди таба аласыздар.

Сайт: https://jashoo.media/

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар