whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
14.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкылбек Жапаров эл үчүн кызматын улантат – Байсалов

Акылбек Жапаров эл үчүн кызматын улантат – Байсалов

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетиши боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирүү жасады.

«Акылбек Жапаров алыска кеткен жок. Ал мындан кийин да президентке эң жакын адамы катары жардам берип, элибиздин жыргалчылыгы үчүн ак кызматын улантат. Бүгүн мен ага ыраазычылык сөздөрүмдү айткым келет», — деп жазган Байсалов социалдык тармактагы баракчасына.

«Садыр Жапаров президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин жетекчилигин ротациялоо тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы темп берүүгө, мамлекеттик башкаруунун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стилин жаңылоо максатында кабыл алынды. Акылбек Жапаров эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылында топтолгон баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, бүтүндөй бийлик вертикалын толугу менен кайра программалап, ишке киргизген мамлекеттик ишмер катары Кыргызстандын тарыхында калаары анык. Ал бардыгыбызды эффективдүү жана ак ниеттүү иштөөгө үйрөттү», — деп белгиледи Байсалов.

Байсал кошумчалагандай, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган учурда өлкө көптөгөн жетишкендиктерге жетише алды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар