Бала кездеги жаш кыялы, ата-энесинен алган таалим-тарбиясы инсан болуп калыптанышына таасир этет. Андыктан балдарды тарбиялоодо ата-эненин ролу чоң. Келечек муунга татыктуу тарбия берүү бир чети жоопкерчиликтүү болсо, ары түйшүктүү процесс деп айтууга болот. “Балдарды кантип туура тарбиялоо керек?” – деген суроо менен балдар психологу Разия Атамкуловага кайрылдык.
– Кыргызда баланы эне курсакта көтөрүп жүргөн мезгилден тартып тарбиялоо керек деген сөз бар эмеспи. Буга сиздин оюңуз кандай?
– Баланы эне ичинде көтөрүп жүргөн мезгилден баштап тарбиялаганы дурус. Анткени, эненин ичинде жаткан мезгилден баштап, баланын нерв системалары, акыл- эси, жүрүм-туруму калыптанат. Эгерде кош бойлуу кезде эне өзүн жаман сезип, депрессияга кабылса, эненин ичиндеги суу ууга айланат. Аны жутуп өрчүгөн бала неврологиялык ооруларга же алты саны аман болсо деле, ыйлаак, кежир, күнү-түнү апасынын колунан түшпөгөн балдар жарык дүйнөгө келип калышы мүмкүн. Мунун баары эненин ички сезими тынч эмес абалдан улам пайда болот. Ошол себептен, эне кош бойлуу учурда өзүн жакшы алып жүрүүсү кажет.
– Баланы акыл-эстүү кылып тарбиялоо үчүн эненин билимдүү болуусу шартпы…
– Бул аябай маанилүү. Себеби, эненин билимдүү болушу өсүп келе жаткан балдарга жарык шоола же болбосо келечекке жетелей турган нур деп айтсам болот. Анткени, караңгылык менен түркөйлүк адамды артка тартат. Азыркы учурда генетикада жана илимде эненин интеллектуалдык базасы күчтүү болсо, ал түздөн-түз балага өтөрү тастыкталып келет. Мисалы, устанын баласы уста болсо, уздун кызы уз болот. Эгерде энеде билим базасы жок болсо, алардын балдарында агрессия, стресс, эч ким менен тил табыша албай, акыры жаман жолго барган балдар тарбияланып чыгат.
– Жаш балдар түрдүү суроолорду бере беришет. Мына ушул учурда ата-энелер эмне кылуусу кажет?
– Балдардын ар түрдүү суроо бергени жакшы. Ошол учурда биз «Балам, башыңа алтын толсун!»,-деп алдыга сүрөшүбүз керек. Көпчүлүк учурда ата- энелер турмуш-тиричиликке берилип, «Балам көп сүйлөй бербечи. Башым ооруп кетти. Менден алыс тур. Тажатып жибердиң» деген сыяктуу жаман сөздөрдү сүйлөп коёбуз. Бул туура эмес. Эгерде бала «Апа, бул эмне үчүн мындай? Ал эмне?» – деп суроо бере турган болсо, баланын акыл-эси толук кандуу өрчүп жатканын билсек болот. Кээде жаш балдар биз билбеген суроолорду да берип калат. Мындай учурда уялып, намыс кылбай «Балам, мен дагы ушул нерсени билбейт экенмин. Кел экөөбүз ушул сөздү интернеттен карап көрөлү», – деп айтканы дурус. Баланын ар бир берген суроосу маанилүү. Биз алардын бардык суроолоруна жооп берүү менен баланын кругозорунун өсүшүнө салым кошкон болобуз.
– Кээ бир балдар ата-энесине каяша сүйлөп, сөз кайтарышат. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?
– Бул жерде баланын жаш өзгөчөлүгүнө маани бериш керек. 7 жашка чейинки балдар жакшы менен жаманды айырмалай албайт. Бирөөлөр сүйлөгөнүн туурап сүйлөп коюшат. Мисалы, биз балдарды «айбан», «жинди», «келесоо» деп айта турган болсок, бала ошону өзүнө сиңирип, кайра бизге айта турган болот. А эгерде бала чоңойгон сайын каяша сүйлөй турган болсо, анда ата-энелер балага адеп-ахлакты, кайсыл жерде эмнени сүйлөш керек экенин үйрөтпөгөнү себеп. Андан сырткары, үй-бүлөдө ызы-чуу, уруш-талаш көп болсо, бул жагдай баланын сөз кайтарышына алып келет.
– Азыркы тапта балдардын 80 пайызы телефон көрүшөт. Бул жагдай балага канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизет?
– Учурдун эң актуалдуу суроосу. Телефонго балдар эле эмес чоң адамдар да байланып калганын байкасак болот. Бул нерсе дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөйлөрдүн бири. Телефон көргөндө бала чоң адамдардай болуп, өзүн-өзү башкара албайт. Анткени, алардын психологиясы толук катып бүтө элек болуп, телефонго кирип кетишет. Ошол себептен, алардын жеке инсандык мүнөзү калыптанбай, эмгекке үйрөнбөй калышат. Анткени, телефондон бир нерсени көрүп, аны бат жасаса болот. Ал эми чыныгы жашоодо андай эмес да. Мисалы, телефондон футбол ойногон бөлөк, жөнөкөй футбол аянтчасында чуркап ойногондо кадимкидей тердеп, жеңишке жетип чемпион болуунун даамын сезген башка. Андыктан, биз балдарды виртуалдуу жашоодон алыстатып, көбүнчө реалдуу жашоого үйрөткөнүбүз туура.
– Балага туура тарбия берүү үчүн жаш ата-энелерге кандай сунуштарды бере аласыз?
– Азыркы учурда энелер дагы бизнес баштап, ар кайсыл жакка иштегенге кетип, балдарды унутуп калышууда. Мейли атасы кетсе дагы апасы бала бутка турганча жанында болуп, тарбия бериши шарт. Ошол эле учурда апасы жанында болуп туруп, балдары тирүү жетим абалында калышууда. Апасы бала бакчага алып барып, кайра алып келип, келгенден кийин бала менен сүйлөшкөндүн ордуна телефон коюп берип коёт. Учурда ата-эненин бала менен өз ара байланышуусу жок. Анын кесепетинен балдар нерв ооруларына, стресс, депрессияга дуушар болуп калышууда. Негизи бала эненин мээримине 14 жашка чейин муктаж болот. Ошол учурга чейин жанында болушубуз кажет. Андан кийин бала өзү менен өзү болуп кетет.
Асел Муса кызы, “Кыргыз Туусу”