Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды тутунган Кыргызстанда балалуу болбоо темасын козгоо көпчүлүктүн нааразычылыгын жана айыптоосун жаратары турган иш. Ошондой болсо да, акыркы жылдары коомдо “чайлдфри” жолун тандоону эркиндик укугу катары түшүнө баштаган жаштардын бар экендигин тана албайбыз.
Балалуу болуудан баш тартуу чечимин адам кайсы себептерден улам кабыл алат? Биз бул талылуу маселенин ар тараптан карап көрүүгө аракет кылдык.
“Чайлдфри” тенденциясы (англис тилинен childfree – баладан эркин, балалуу болбоо) акыркы он жылдыкта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, өзгөчө өнүгүп келе жаткан жана өнүккөн өлкөлөрдө көбүрөөк байкалууда. Же кээ бир адамдардын же жубайлардын ден соолугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан балалуу болбоо чечими дегенди түшүндүрөт. Болбосо үй-бүлөдөн же мамилелерден эмес, аң-сезимдүү түрдө ата-энеликтен баш тартуу.
Германия, АКШ, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу бир катар өлкөлөрдө бул тенденция акыркы жылдары өстү, трендге айланды. Адистердин айтымында, бул жашоо деңгээлинин жогору болушу, коомдук аң-сезимдин өнүгүшү жана калктын курактык структурасы сыяктуу факторлорго байланыштуу.
Ал эми салттуу баалуулуктарга негизделген өлкөлөрдө “чайлдфри” көбүнчө сындалууга кабылат. Анткени, ал коомдук жана экономикалык түзүмдөргө таасирин тийгизип, мисалы, жумушчу күчүнүн жана социалдык камсыздандыруунун тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү жаратары, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өзгөртөрү айтылат.
Борбор Азия өлкөлөрүндө балалуу болуудан баш тартуу тенденциясы Европа же Түндүк Америка сыяктуу экономикасы өнүккөн өлкөлөргө караганда азыраак. Анткени калктын басымдуу бөлүгү салттуу баалуулуктарга жана үй-бүлөлүк нормаларга өзгөчө маани берилген айыл аймактарында жашашат. Ал эми Бишкек, Ташкент, Алматы жана Дүйшөмбү сыяктуу ири шаарларда кымбатчылык, жумушсуздук жана эмгек рыногундагы күчтүү атаандаштыкка туш болгон адамдардын санынын өсүшү сыяктуу көйгөйлөр экономикалык туруксуздук шартында балалуу болуш керекпи же жокпу деген ойго түртөт.
Ошондой эле карьералык жана билим алуу амбициясы жаштардын балалуу болуудан баш тартуусуна себеп болушу мүмкүн. Натыйжада, жаштардын арасында ата-эне болууга караганда, көбүрөөк жеке кызыкчылыктарын, саякаттарды жана карьераны көздөгөндөр аз эмес.
23 жаштагы Айжамал БАКЫТБЕКОВА “чайлдфри” жолун 16-18 жашында кабыл алганын, ага эч кандай өзгөчө деле окуя себеп болбогонун айтты.
“Болгону мен балалуу болууну каалабайм. Адамдар негизи өзүндө жок нерсени каалашат го. Мисалы, менин эки иним болгон. Эжемдин да балдарын бир аз бактым. Балким, бул дагы таасир эткендир. Мен жаңы төрөлгөн балдарды, алардын жетилген курактарын, чоңойгонун деле көргөм. Кыскасы, мен баланы жетпеген, кыялданган баалуулук катары деле көрбөйм”, – дейт ал.
Ал эми коомдогу терс пикирлер боюнча: “Менин бул чечимим үй-бүлөлүк баалуу-луктарды бузбайт деп ойлойм. Европалашып деле кеткен жокпуз. Ошондой эле санга эмес, сапатка карашыбыз керек. Эртеңки күнү мен балалуу болгондо жакшы эне боло албай, жаман адамды чоңойткуча, мен төрөбөй койсом, жакшылык кылган болом”, –деди.
Айжамалдын айтуусунда, жакындарынын арасында “балалуу болуу – бакыт” деп, анын чечимин өзгөрткүсү келгендер көп. Бирок, ал ар ким ар кайсы нерседен бактылуу болорун айтып келет.
Ошондой эле “бала үй-бүлөнү кармап турат” деген көз карашты туура эмес деп эсептейт.
“5-10 баласы туруп ажырашкандар көп. Такыр баласы жок, бирок жакшы жашап жаткандар бар. Ал эми балага байланып, күйөөсүнүн зомбулугуна чыдап жүргөн аялдарга – бул жөн гана шылтоо. Өздөрүнө ошентип курмандык болуп жашаган ыңгайлуураактай сезилет”, – деди Айжамал.
25 жаштагы Адыл (аты өзгөртүлдү) болсо өзүнүн чечими тууралуу анонимдүү түрдө гана айтып берүүгө макул болду. Анткени анын айтымында, биздин коом азырынча жеке чечимдерди сыйлаганга көнө элек.
“Азыр туугандарымдан, тааныштарымдан “эмнеге балалуу болдуңар эле?” деп сурасам, жооп бере алышпайт. Кызыгы, бул тууралуу ойлонушкан дагы эмес. Мындайча айтканда, бизди иши кылып балалуу болууга программалап коюшкан да. Кээ бирөө “балам кийин мени багат, карыганда жалгыз калбайм” десе жиним келет. Баласын демек сүйүшпөйт, жөн эле корккону үчүн жарык дүйнөгө алып келишкен. Же болбосо коомдун күтүүсүнө жооп берүү, кайын жагынын сыйына татуу сыяктуу себептер. Жалаң гана чындап сүйө алган, жоопкерчилик ала алгандар балалуу болсо, аалам таптаза болмок.
Биз деле балдарды кадимкидей аябай жакшы көрөбүз. Биздин коомдо “чайлдфрилерди” балдарды жек көрөт деп ойлогондор толтура. Бирок жубайым экөөбүз тең саякатка өмүрүбүздү арнайлы дедик. Бул чечимибизди эч ким билбейт”, – дейт каарманыбыз.
Ал эми психолог Бактыкан ИБИРАИМОВА “чайлдфри” тандоосунун негизги психологиялык себептерине жана кесепетине токтолду:
– 1.Жашоого жоопкерчилик алуудан коркот; 2.Керт башын гана ойлойт. Мындай адамда «эгоцентризм» биринчи орунда болот; 3. Баланы кыйнап, же болбосо жетишсиз кылып өстүрүүдөн баш тартканга себеп болгон жаракаты бар. Же болбосо, өз жынысын кабыл алуудагы өспүрүм убакта туура эмес көз караштын калыптанып калганы; 4. Коркуу, дүйнөгө деген ишенимдин жоктугу.
Ал эми жан дүйнө көйгөйүнө үңүлсөк. Кандай гана көйгөй болбосун, бул адамдын мүнөзүнөн көз каранды. Балалуу болуу – урпакты улоо вазыйпасы. Эгер сен андан баш тартсаң, демек урпагың токтойт. Буга эмне түрткү болуусу мүмкүн? Ал адамда ички күч, ишеним жок. Ишеним бул сүйүү, мээримден пайда болот. Мээримге толуп чоңойбогон бала аны сыртка бере албайт. Балага мээрим, сүйүү бере албагандыктан, аргасыздан баш тартышы мүмкүн. Ошондой эле техниканын өнүгүү заманында кыймылдын аз болуусу дагы адамдын ички күчүн жок кылат.
Ушул баалуулуктан баш тарткан, жеке өз кызыкчылыгын, же коркуусун жеңе албай калган адам 50-60 жашка чыкканда бул кылыгы үчүн өкүнөт. Анткени адам ар дайым баарлашып туруусу абзел. Андай жакын адамы жок болгон соң, өзүн башкалардан алып качат, кайгы басат, жабык абалда болот. Мындай терс эмоциялар адамдын ден соолугуна таасирин бербей койбойт.
Ошондой эле, Кыргызстанда канча адамдар балалуу болуудан баш тартканы тууралуу маалыматым жок, бирок Европада калктын орточо эсеп менен 30%, АКШ да 25%, же болбосо ар бир төртүнчү аял бала төрөөдөн баш тартат дегенди билдирет. Ал эми Россияда аны жарнама кылууга тыюу салган мыйзам чыккан. Себеби, алар демографиялык көйгөйлөрдүн алдын алганына көп жылдар болду.
Бул эпкин Кыргызстанга да тарап жатса, демек ал жөнүндө жаштарга терең маалымат берүү керек. Кайсыл бир өз пикири жок, башка бирөөдөн көз каранды болгон адамдарды оңой кылтакка түшүрүп алуулары мүмкүн, – деп кошумчалады психолог.
Айтор, бул темада социологдор, демографтар, окумуштуулар, экономисттер ж.б бирдиктүү изилдөө жүргүзүүсү керектей. Анткени учурда Кыргызстандагы «чайлдфри» тенденциясын түшүнүү жана келечектеги кесепеттерин эске алуу маанилүү. Демография – өлкөнүн коопсуздугунун, суверенитетинин жана көз карандысыздыгынын эң башкы фактору.
Биз сунуштаган болочок изилдөө “мен балалуу болуудан баш тартам” дегендерди жектөө үчүн эмес, ошол чечимге түртүп жаткан көйгөйлөрдү терең талдоо, аларды чечүү үчүн жүргүзүлүүгө тийиш.
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”