Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Автор жана калем акы

Авторлор жана аларга калем акы төлөөнүн күңгөй тескейи тууралуу Кыргызпатенттин автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Гульбара Кудайбердиева баяндайт.

Сый акы төлөөчүлөр кимдер?

Сый акы төлөөчүлөр болуп  өлкө­бүздөгү бардык автордук укукту пайдалануучулар кирет. Бул кафе, ресторандар, теле-радиолор, фитнес клубдар, мейманканалар, кинотеатрлар, филармония, концерттик, соода-сатык, оюн-зоок жайлар. Кыргызпатент алар менен лицензиялык келишим түзүүнүн негизинде иш алып барат. Мекеменин инспекторлору өлкөбүздөгү бардык региондор менен иш алып барышат. Жыл ичинде 11 айда автордук укук объектилерди колдонуучулар менен 344 лицензиялык келишим түзүлгөн. 2024-жылдын декабрь айына чогултулган автордук сый акынын суммасы 21 138 106 сомду түздү.

769 автор калем акысын албай жүрөт

Кыргызпатентте алты миңге жакын автордун тизмеси бар. Алардын ичинен 769 автор бүгүнкү күндө өзүнүн 2023-жылга карата калем акысын алып кете элек. Авторлор Кыргызпатенттен каттоодон өтүүсү милдеттүү болуп саналбайт. Анткен менен айрым учурларда кайсы бир чыгарманы же интеллектуалдык менчикти башка адамдардын талашкан учуру кездешет. Мына ушундай абалга кабылып калбоо үчүн Кыргызпатент менен келишим түзүп койгон жакшы.

3 жылдан кийин акчаңыз мамлекетке өтүп кетет

Авторлор эгерде 3 жыл ичинде өздөрүнө чегерилген калем акыларын алып кетпей турган болсо, анда ал акчалар мамлекеттин эсебине кайтарылат. Андыктан авторлор өз учурунда калем акысын алып кетүүгө тийиш.

2023-жылга чейин Кыргызпатент 15 млн. сомдун тегерегинде гонорар чогултуп келсе, 2023-жылы бул сумма 21 млн. сомго жеткен.

Ошол чогулган сый акыны жылына бир жолу авторлорго, композиторлорго жана аткаруучуларга ТРКлардан, театр-лардан келген отчеттордун (отчеттордо бир чыгарма канча жолу аткарылган, ким аткарган, тексттин автору, композитору деп жиберилет) негизинде 100% авторлорго берилет, анын ичинен 40% тексттин авторуна, 40% композиторго/обончуга, 20% аткаруучуга бөлүп алардын банктык эсебине салынып турат.

Кыргызпатент кантип акча чогултат?

Автордук сый акылар лицензиялык келишимдин негизинде чогултулат. Ошол келишимде мыйзам чегинде белгиленген сумма коюлат, кафе ресторандар болсо отуруучу орундуктардын негизинде эсептелинип төлөшөт,  ал эми соода борборлору квадратурасына жараша эсептелинет, бардык объектилер ай сайын автордук укук объектилерин пайдалангандыгы үчүн сый акы төлөп туруу-га милдетүү. Аталган ставкалар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 токтому менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жобо менен жөнгө салат.

Албай жүргөн атактуулар кимдер?

Кыргызпатент жарыялаган 769 кишинин арасында кыргыз элине таанымал инсандардын да аты жөнүн кезиктирдик. Мисалы, Жеңишбек Жумакадыр, Айтурган Эрмекова, Сагын Эргешов, Канат Шабданбеков, Союзбек Сейтказиев, Нурсултан Малдыбаев, Турат Жумаев, өңдүү таланттуу инсандар бар. Андан сырткары 26 музыкалык топ дагы гонорарын алып кете элек.

Билгени бар, билбегени…

Кыргызпатенттин тизмесиндеги айрым авторлор менен байланышып пикирин уктук. Алардын бири Баяман Бобулов мындай дейт:

“2023-жылдын жаз мезгилинде менин бир ырымдын обонун алып, ага башка сөз жазып, чыгармачылыкта жүргөн инсандардын бири менин ырымдын обонуна ээлик кылууга аракет кылды. Майрамбек Осмонов баш болгон улуу агайлар чыгармаларыма патент алып коюуну сунушташты. Алгач, ошол ырымды каттаттым, андан кийин ырларым бир альбом болуп калганда бардык документтерди чогултуп, акындардын уруксатын алып каттатып койгом. Бирок, мага былтыркы жылга карата гонорар каралганы тууралуу журналисттерден уктум. Канча акча берилет, кандай кылып беришет азырынча билбейм”, – деди Б. Бобулов.

Ал эми төкмө акын Нурсултан Малдыбаев кыргызпатент тарабынан сый акы бериле турганынан кабары жок экенин билдирди:

Кыргызпатент гонорар берерин уккан эмесмин, азыр сизден биринчи жолу угуп жатам”, – деди таң калганын жашырбай.

Дагы бир төкмө акын Кутман Садыбакасов да бул боюнча эч ким айтпаганын, эч нерседен кабары жоктугун айтты.

Ал эми дагы бир төкмө акын Жылдызбек Төрөканов буга чейин келишим түзүп, алар менен кызматташып жатканын билдирди:

“Мен буга чейин эле Кыргызпатент менен келишим түзгөм. Жакында эле телефон аркылуу байланышып, банк картамды сурашты. Азыр акчалар электрондук түрдө төлөнөт экен. Андыктан чыгармачыл инсандарды кайдыгер карабай келишим түзүп коюуга чакырам”, – деди.

Көзү өтүп кеткен авторлордун укугу 50 жыл корголот

Кайсы бир чыгарманын авторунун көзү өтүп кетсе деле, “Кыргызпатент” алардын укугун коргойт. Алардын мураскерлерине гонорар төлөп берилет.

Кыргызпатент жарыялаган 769 кишинин тизмесинде төмөнкү көзү өтүп кеткен жарандардын мураскерлери гонорар ала турганы көрсөтүлгөн.

Болот Миңжылкиев, Тууганбай Абдиев, Тойбаева Жылдыз, Апаз Жайнаков, Акылбек Жумаев, Токтогул Имашев, Чоро Кожомжаров, Үсөнбек Өмүрбеков, Курбаналы Сабыров, Осмонжан Абдылдаев, Адылбек Тургунбаев, Аалы Токомбаев, Токтосун Тыныбеков, Асанбек Умуралиев, Бекболот Абдыраимов, Бегимай Бекбоева, Шатман Садыбакасовдун мураскерлери гонорар ала турганы айтылган.

Ал эми жалпы жонунан учурда Кыргызпатенттин базасында 700дөн ашуун мураскорлор катталган.

“Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамына ылайык автордук укук автордун бүткүл өмүрүнүн аягына чейин жана ал өлгөндөн кийин элүү жыл күчүндө болот. Бул автор өлгөн жылдан кийинки жылдын биринчи январынан тартып эсептелет. Автордук чыгарма автордун ысымы жана чыгарманын кол тийбестиги мөөнөтсүз корголот. Мураскорлукка катталуу үчүн мамлекеттик нотариус аркылуу бардык иш кагаздарын тактап алып келип “Кыргызпатентке” өткөрүшөт.

Маданияттагы уурулук

Маданият кызматкерлеринин арасында чыгарма талашуу учурлары да жок эмес. Мисалы, мындан 6 жыл мурда Мирлан Алыкулов жана Мирлан Баеков аттуу эки ырчынын ортосунда “Кызыл өрүк” аталышындагы ыр талашка түшкөн. Бул окуядан кийин көптөгөн чыгармачыл инсандар чыгармаларын патенттеп калышкан.

Өкүнүчтүүсү айрым өздөрүн жаш акын деп атагандар буга чейин башка авторлор тарабынан чыккан ыр жыйнактардын ичинен айрымдарына өздөрүн автор кылып көрсөткөн учурлар дагы кездешет. Ким биринчи болуп чыгарманы патенттен өткөрсө, ошол ээси катары көрсөтүлүп калган жагдайлар дагы бар.

Ал тургай кыргыз шоу бизнесиндеги адамдардын чыгармалары коңшу өлкөлөрдө популярдуу болуп жатканы да чындык. Мындай учурда кыргыз акындарынын мыйзамдуу укуктары сакталбай жатышы өзүнчө чоң тема…

P.S. Редакция айтылып жаткан маселелер тууралуу кийинчерээк кеңири сөз кылмакчы.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар