Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Айтматовду даңазалаган эмгек

Профессорлор Алпаслан Жейлан  жана Дөөлөтбек Сапаралиевдин “Чыңгыз Айтматов – кыргыздардын  жана түрк дүйнөсүнүн даңазалоочусу” китеби (кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде) жарык көрдү

Авторлор Ч.Айтматовдун «Газетчи Дзюйо» аңгемелеринен баштап, ар бир адамдын ой-толгоолорун ойготкон «Жамийла» повестинен «Тоолор кулаганда» романына чейинки жаралган чыгармаларын баяндаган.

Китеп Чыңгыз Айтматовдун түрк дүйнөсүн ааламга таанытуу маңызы менен айырмаланат. Ал Азис Несин, Бекир Ылдыз, Назим Хикмет жана башкалардын  түрк адабияттарынын даңазаланышына салымдарын кошкондугун белгилеген. Ошондой эле казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзов, Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов, башкыр  акыны Мустай Карим, каракалпак акыны Ибрагим Юсупов, алтай жазуучусу Боронтой Бедюров жана башкалардын чыгармачылык адабий мейкиндикте түрк адабиятына, маданиятына, анын руханий дүйнөсүнө кошкон салымдары жана таасирлери кыйла жогору экендигин өзүнүн  публицистикалык чыгармаларында тастыктап кеткендиги көрсөтүлгөн.

“Ысык-Көл форуму”  адамзаттын жаңы планетардык аң-сезиминин өзөгү” бөлүмүндө дүйнөлүк интеллектуалдар шеринесин өткөрүү идеясын сунуштаган  Ч.Айтматовдун ролу белгиленип, “Ысык-Көл форумунун”  1986-жылдын 14-17-октябрында,  андан соң 1987-1997-жылдары өткөн Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдө уюшулган баарлашуулары ар тараптуу талдоого алынган. «Ысык-Көл форуму» улуттар аралык деңгээлдеги интеллектуалдардын биринчи нейтралдуу жолугушуусу  болуп, чыгармачылык күч-кубатынын негизинде  келечектеги көйгөйлөрдү чечүү куралы катары аныкталган.

Китептин “Дүйнөнүн аалымдары Чыңгыз Айтматов жөнүндө” деген бөлүмүндө жазуучунун чыгармачыл тагдыры эң бир драмалуу, трагедиялуу чыгармачыл тагдыр экени айтылат.

“Чыңгыз Айтматов Түрк дүйнөсүнүн  биримдиги жөнүндө” улуу жазуучунун түрк цивилизациясынын ааламдагы орду, анын келечеги жөнүндөгү ой пикирлерин, түрк тилдүү элдеринин жалпы тарыхы бир болгон тагдырлаштар экенин, андыктан “Түркстан –жалпыбыздын үйүбүз”, түрк калктарынын тил биримдигин куруу, бирдиктүү  түрк дүйнөсүнүн  цивилизацияга өзүнүн салымын кошушу жөнүндөгү пикирлер  чагылдырылган. Ч. Айтматовдун пикирин далилдегендей  учурда  “Түрк кеңеши” түзүлүп, түрк дүйнөсүнүн биримдигин курууга аракеттер көрүлүп жаткандыктарын тастыкташкан.

“Чыңгыз Айтматовдун сыйлыктары – элдин сыймыгында” бөлүмүндө цивилизация жана анын келечеги жөнүндөгү дүйнө таанымдарын  таркатуудагы орду көрсөтүлгөн.

“Чыңгыз Айтматов жана тарыхый мураста” бөлүмүндө жазуучу ар бир элдин мурасы  болгон эпосторун, поэмаларын, уламыштарын  өз  чыгармаларында ийкемдүү жогорку  чеберчиликте колдоно билгенин,  жазуучунун ой-жүгүртүүсүнүн бөтөнчөлүгүн, тарыхты билүүгө болгон ынтызарлыгын белгилешкен. “Эне-Сайбы” же “Ээн-Сайбы”, “Хонгорой эли жөнүндө”, “Манасчы Элеман жана маңкурт” проблемасы жөнүндөгү  ой толгоолору ар бир жарандын дүйнө-таанымындагы бушаймандыкты жараткан суроолордун бири экендигин айта кетсек болот.

Монографиянын  негизги маңызы -адамзаттын эс тутумунун негизги милдеттеринин бири, ата-бабаларыбыздын ар кандай тажрыйбасын, каада-салттарын аздектеп сактоо экендигин эстен чыгарбашыбыз керектигине басым жасаганында.

Профессорлор Д. Сапаралиев жана Алпаслан Жейлан биргеликте жазган “Чыңгыз Айтматов –кыргыздардын  жана түрк дүйнөсүнүн даңазалоочусу” китеби келечек жаш муундарга түрк дүйнөсү, анын ичинде кыргыз элинин чыгааны, улуу жазуучунун мурасы катары калган чыгармаларынын призмасы аркылуу өздүк моралдык-этикалык, чыгармачыл дүйнө-таанымын байытуу булактарынын бири болуп калат.

Чолпон  КОЙЧУМАНОВА,
тарых илимдеринин доктору,  профессор,
КР УИАнын мүчө-корреспонденти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар