Жакында Бишкек шаарындагы №46 орто мектебинде кургак учук боюнча семинар болуп өттү. Анда мектеп окуучулары кургак учуктун алгачкы белгилери, аны кантип алдын алуу жана ооруп калган бейтап кантип дарылануу керектиги боюнча кеңири маалыматка ээ болушту. Балдардын суроолоруна врач, фтизиатр Зарыл Байбосунова жооп берди.
– Кургак учук жугуштуу оору экени жалпыга маалым. Ошондой болсо дагы, кененирээк токтоло кетсеңиз?
– Кургак учук – бул кургак учуктун микобактериясы тарабынан пайда болуучу жана адамдан адамга жана кургак учук менен ооруган жаныбарлардан жугушу мүмкүн болгон жугуштуу оору. Микобактериялар өпкөнү, ошондой эле өпкөдөн тышкары лимфа түйүндөрү, сөөк, мээ, ичеги ж.б. органдарды жабыркатышы мүмкүн. Кургак учуктун микобактерияларын жуктуруп алган адам ооруп калганча ондогон жылдар өтүшү мүмкүн. Кургак учук менен ооруган бейтап дарыланбаса, ал жылына 10-15 адамга жугузушу мүмкүн. Ошондой эле кургак учукту дарылабаган учурда ал өлүмгө алып келиши ыктымал. Оорунун алгачкы белгилери, бул узакка созулган жөтөл, көкүрөктөгү оору, түнкүсүн тердөө, дене табынын жогорулашы, калчылдоо, табиттин жоголушу, алсыздык же чарчоо, салмактын азайышы. Ушул белгилерди байкаган адам, сөзсүз аймактык медициналык уюмга кайрылышы кажет. Мамлекеттик кепилдиктер программасы Кыргызстандын ар бир жаранына сапаттуу медициналык жардам жана алдын алуу боюнча жардам алууга укук берет.
– Кургак учук менен ооруган адамдын жанында туруп, ал дем алган аба менен дем алса сөзсүз ооруп калышы мүмкүнбү?
– Бул ооруну кайсы гана адам болбосун жаш курагына, социалдык абалына карабастан жуктуруп алышы толук мүмкүн. Бирок, кургак учуктун таякчасын жуктуруп алуу жана кургак учук менен ооруп калуунун ортосунда чоң айырма бар. Ошондой эле, кургак учуктун инфекциясына дуушар болгон он адамдын ичинен бирөө гана ооруп калышы ыктымал. Кичинекей балдарда жана улгайган адамдарда, стресс-те жүргөндөрдө, климаттын алмашуусу, начар тамактануу, зыяндуу адаттардан иммунитети төмөндөгөн, өнөкөт оорулары бар адамдарда ооруга дуушар болуу тобокелчилиги жогору. Оорулуу менен чогуу жашаган, аны менен узак убакытта байланышта болгон адамдар да ооруп калышы мүмкүн. Бир күндө бөлмөнү бир нече жолу желдетүү абадагы бактериялардын санын азайтууга мүмкүндүк берет. Ал эми кыска мөөнөттөгү капыстан болгон жолугушууларда (коомдук транспортто, кинотеатр же адамдар көп топтолгон жерлерде) жуктуруп алуу тобокелчилиги төмөн.
– Кургак учук менен ооруган адамдар дарыланууну өз убагында баштаса, кадимки жашоо образын уланта берсе болобу? Башкалар үчүн коопсуздук жаратпайбы?
– Кургак учукка каршы заманбап дары каражаттары менен учурунда башталган дарылоо 2 жуманын ичинде кургак учуктун бактерияларынын бөлүнүп чыгышын дээрлик токтотууга мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, оорулуу адам айланасындагы адамдар үчүн оору аныкталганга чейин жана дарыланып баштаганга чейин коркунуч жаратат. Бейтаптын үй-бүлөсү, достору ж.б. жакындары медицина кызматкерлери тарабынан текшерилет. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша алдын алуу же дарылоо чаралары көрүлөт. Эрте аныкталган учурда ийгиликтүү айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Кичинекей балдарды сөзсүз түрдө текшерүү абзел. Себеби, жаш балдардын иммунитети чоң адамдардыкына караганда кыйла алсыз экенин эстен чыгарбоо керек.
– Дарыга туруктуу кургак учук боюнча айтып берсеңиз?
– Эгер бейтап дарылануусун үзгүлтүккө учуратса же мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анын кургак учук бактериялары кургак учукка каршы дары каражаттарына туруктуу болуп калат. Дарыга туруктуу кургак учук да айыгат. Бирок, кыйла узак убакытты жана татаал процессти талап кылат. Эгерде сезимтал кургак учукту дарылоого 6-8 ай кетсе, дарыга туруктуу формасына 9-20 ай кетет. Бүгүнкү күндө кургак учуктун дарыга туруктуу формасы менен жабыркап, амбулатордук шартта дарыланып жаткан адамдарга мотивациялык сый акы каралган. Ай сайын берилүүчү төлөмдөр БУУӨП/ГФ долбоорунун колдоосу менен жасалат. Бул сый акылар күн сайын кургак учукка каршы дары каражаттарын ичип жаткан жана дарыгердин сунуштамасы боюнча ай сайын текшерүүдөн өтүп турган адамдарга берилет.
– Бул дартты кантип туура дарылоо керек?
– Кургак учукту дарылоо башынан аягына чейин түздөн-түз медициналык байкоо менен көзмөлгө алынышы керек. Бул илдет 18-24 ай жана андан ашык дарыланат. Дарылоо 2 фаза менен ишке ашат. 1-фазада ийне сайып дарылоочу мезгил 8 ай ичинде жүргүзүлөт. Күн сайын 5-6 жана андан да көп дары каражаттары кабыл алынат. Ал эми 2-фаза колдоочу мезгил. Бул 10-16 ай аралыгында жүргүзүлөт. Колдонуучу дарылардын саны 3-4кө азаят. Бул убакта оорулуу өзүн жакшы сезип калат. Бирок, муну менен дарылоону токтотуп салбоо керек. Анткени, клеткалардын ичинде калган кургак учуктун бактериялары жашоо мүмкүнчүлүгүн жоготпойт. Кургак учук айыгат, эгерде бейтап дарылоону болушунча эрте баштаса жана дарылоо курсун толук аяктаса. Өзүнүн дарыгерине келип чыккан көйгөйлөрү тууралуу айтып турса. Ичүүчү дарыларын күн сайын, үзгүлтүксүз, комплекстүү ичип турса. Бул жугуштуу оору. Ал тукум куубайт.
– Адатта кургак учукка кабылган адамдардын көбү бээнин сүтү, кымыз менен дарыланууга басым жасашат. Бул канчалык жардам берет?
– Элдик медицина каражаттары: кымыз, бал, дары чөптөр, кашкулактын майы, иттин майы ж.б. кургак учукту айыктырбайт. Организмдин коргоочу күчүн, какырыктын бөлүнүп чыгышын жакшыртат. Бирок, алар кургак учук бактерияларын жок кылбайт. Ошондуктан, бээнин сүтүн, кымыз ж.б. кургак учукка каршы дарыларга кошумча каражат катары колдонсо болот.
– Бул илдетке дуушар болгондор сөзсүз ооруканага жатып дарыланышы керекпи?
– Кургак учукту дарылоону стационарда (ооруканада) же амбулатордук (үйдө) шартта баштоого болот. Эгерде бейтапта ооруканага жаткырууга көрсөтмөлөр жок болсо, үй шартында дарыланууга болот, башкача айтканда, ал адам ооруканага жатпайт. Дары-дармектерди ичүү үчүн жакын арада жайгашкан же ал үчүн ыңгайлуу болгон медициналык уюмга барат. Амбулатордук дарылоо бейтапты оорукананын ичиндеги кургак учуктун оор формаларын жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтат.
– Ооруга кабылган адамга жакындары кандай колдоо көрсөтүүсү зарыл?
– Бул илдетке дуушар болгон адамдын алдында кургак учуктан айы-гуу үчүн узак жана татаал процесс күтүп турат. Ал терең кайгыга батышы мүмкүн, айласыздыкка туш болушу мүмкүн. Кургак учук менен ооруп калгандыгын моюнга алышы жеке инсандык кризиске учурашына алып келиши ыктымал. Адам сыртынан караганда кадимкидей эле жүргөндөй сезилиши мүмкүн. Бирок, ал ичинен сөзсүз кайгырат. Кээде ачуусун чыгарат, каарданат, диагнозуна ишенгиси келбейт. Мына ушундай оор мезгилде сабырдуулук кылып, бейтапты аяшыбыз керек. Ага колдоо көрсөтүп, жалгыз калбай тургандыгына ишендирүү керек. А бизде көпчүлүк учурда ооруп калган адамдан терс айланып качып, колдоо көрсөтмөк түгүл кодулаган учурлар кездешет. Мындан сырткары, ооруп жаткан адам белок азыктарын жана витаминдерди камтыган жогорку калориялуу тамактарды күнүнө 4-5 жолу ичиши керек. Сүт азыктарын, жер-жемиштерди, жашылчаларды, ширелерди колдонуу ичегилердин иштешин жакшыртат. Майлуу, ачуу тамактар болбойт. Анткени, боордун иштешин начарлатат. Бейтап суткасына өзүнүн уйкусуна жана эс алуусуна маани бериши керек. Кеминде 8-10 саат толук уктоосу керек. Кайсы гана мезгил болбосун таза абада сейилдөө, дене бойго күч келтирбөө сакаюуга жакшы таасирин берет.
– Кургак учукту кантип алдын алууга болот?
– Кургак учук менен ооругандардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы медициналык мекемеде текшерилип турууга тийиш. Ооруну алдын алуу үчүн, оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылоону дайындайт. Ошондой эле балдар мекемелеринде, коомдук тамактануу жайларында, шаардык транспорт жаатында иштеген кызматкерлер, чач тарачтар флюрографиялык текшерүүдөн өтүп турушу талапка ылайык.
Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”