Вторник, 24 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Алтынбек ИСМАИЛОВ: “Эки элдин Жазуучулар союздарынын айырмасы асман менен жердей”

Жакында кыргызстандык 9 акын Өзбекстанда болгон Тектеш түрк тилдүү калктардын XVI эл аралык поэзия фестивалына катышып келишти. Алардын бири, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, акын, котормочу Алтынбек ИСМАИЛОВ менен баарлаштык.

– Алтынбек мырза, жакында эле Кыргызстандан 9 акын Ташкентте өткөн Тектеш түрк тилдүү калк-тардын XVI эл аралык поэзия фестивалына катышып келдиңиздер. Акыл көрөңгөңүздөрдү, көңүл, көөдөн куржунун эмне менен толтуруп келдиңиздер?

–  Фестивалга Түркиядан 20, Кыргызстандан 9, Казакстандан 7, Азербайжандан 1, Өзбекстандан 30га чукул акын катышты. Иш-чаранын алкагында көптөгөн калемгерлер менен тааныштык. Адабий процесс, поэзия, жазмакерлердин жашоосу тууралуу кенен-кесири баарлаштык. Ыр окуп, музыка тыңдадык. Бири-бирибиздин чыгармачылык өнөрканабызды сырдадык. Ашказанды даамдуу тамак, башказанды жандуу санат менен толтуруп, төрт күн бою жыргадык.

– Өзбекстан менен Кыргызстандын Жазуучулар союзунун кандай айырмачылыктарын байкадыңыз?

– Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Тактап айтканда, алардын жазуучулар союзу толук мамлекеттин камкордугуна алынган. Калемгерлер үчүн сырты сары таш менен шөкөттөлгөн үч кабаттуу, заңгыраган имарат курулган. Төрагасы менен орун басары кызматтык унаада жүрөт.

Жетекчилерден сырткары бир нече жазмакер ошол жерде эмгектенип, ай сайын туруктуу маяна алат. Поэзия, проза, драма өңдүү секциялар күжүлдөп иштейт. Иш бөлмөлөрү, жыйын залдары, кооз эмеректери, заманбап техникалык жабдыктары шумдук. Жер төлөсүндө өздөрүнө таандык басмаканасы бар. Китеп, гезит, журнал, брошюра өңдүү нерсенин баары дал ошол жерде басылат. Учурда өзбек акын-жазуучуларынын жүз томдук китебин чыгарып, жалпы журтка жайылтып жатышат.

Ал аз келгенсип, Жазуучулар союзунун карамагындагы эпсиз кенен короосу, бакыйган бак-шагы, көйкөлгөн көк шибери, керемет гүлзарлары, жазмакерлерге арналган кооз аллеясы көз жоосун алат. Так ошол бир нече гектар жерди ээлеген аллеядагы өзбек калкынын 25 классик акын-жазуучусунун заңкайган образдуу айкели жашагыңды келтирет.

Ал эми шаар четиндеги бакчасы кенен, багбанчысы белен жазуучулардын чыгармачылык үйү менен ал жердеги шарттар жөнүндө айтсам, азыр сиздин кан басымыңыз көтөрүлүп кетиши мүмкүн… Ошондуктан тилимди тиштеп, үн катпай турайын.

– 32 жылдан бери уюшулуп келе жаткан бул фестивалды өткөрүү вазийпасы Кыргызстанга качан тиет, эгер жакын арада тийип калса биз татыктуу өткөрө алабызбы?

– Фестиваль биринчи жолу 1992-жылы Түркиянын Бурса шаарында тушоосун кес-кен. Ошол күндөн тарта ар эки жылда бир жолу, үзгүлтүксүз дүйнөнүн ар кайсы жеринде өткөрүлүп келүүдө. Анын уюштуруучусу жана башкы демөөрчүсү Түркия Жазуучулар союзу. Быйылкы Өзбекстандагы фестивалга ТҮРКСОЙ менен ТИКА уюму материалдык колдоо көрсөттү. ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев өзү башында турду. Аталган ыр майрам 2013-жылы бизде, эки шаарда: Бишкек жана Чолпон-Атада өткөн. Султан Раевдин айтымында, кийинки фестиваль ордолуу Ош шаарында уюштурулушу ыктымал. Андыктан, азыртадан баштап катуу даярданышыбыз керек. Биринчиден, жалпы коноктордун эси-көөнүнөн кеткис, өзгөчө программа даярдап, көрөрмандардын чечекейин чеч кылууга тийишпиз. Экинчиден, келгендерге эмнебизди көрсөтүп, аларга эмнебиз менен мактанабыз? Ушулар жөнүндө көбүрөөк ойлонбосок болбойт, менимче.

– Көп жылдардан бери кыргыз тилининин келечегине күйүп-бышып келесиз. Өзбек туугандарда эне тилге, адабият, маданиятка болгон мамиле кандай экен?

– Өзбек туугандар Союз учурунда кыргыз менен казакка окшоп ашкере орусташкан эмес. Алар башынан эле тилин, динин, маданиятын, адабиятын көздүн карегиндей сактап, канаттууга кактырбай, камчылууга чаптырбай келатышат. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын баары өзбекче жазылган. Теле-радио, гезит-журналдар, интернет сайттары өзбек тилинде сайрайт.

Биз сыяктуу мите сөздөрдү колдонуп, аралаш тилде сүйлөгөндөр жок. Өзбек туугандар үйүнүн короосун кандай гүлдөтүп, бак-дарактарын кандай бүрдөтүп, жашаган жерин кандай көрктөндүрсө, тилине да дал ошондой мамиле жасаган калк. Анан калса, алардын кумурскадай күжүрмөн, аарыдай эмгекчил эл экендиги баарыбызга маалым. А биздечи? Бел оорутуп, кол жооруткусу келбеген, чочоңдоп чоң болууну самаган, дымагы күчтүү, бирок тубаса ыкшоо кыргыздын короосундагы өсүмдүктөрдүн өкүнүчтүү тагдыры кандай болсо, эне тилибиздин тагдыры да дал ошондой болуп жатпайбы. Кайран тилим, белчеден топурак баскан тар көчөдөн ары-бери өткөн сайын төө тикен, чырмоок, отоо чөп жүдөткөн назик гүл өңдүү улам мени жалдырап тиктей берет.

– Сиз акын катары чет өлкөлөргө көп чыгып жүрөсүз. Башка өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу кыргыз поэзиясында өзгөрүүлөр, жылыштар барбы? Кыргыз калемгерлеринин кандай артыкчылык, кемчиликтери бар?

– Азыр интернеттин ити чөп жеп, ташы өйдө кулаган кез. Адабият артка сүрүлүп, саясаттын сагызгандары шакылыктаган заман. Соцтармактардын соодасы жүрүп, чала сабат блогерлердин «бульдогдору» үрүп турган кез. Электрондук китептер кагаз китептерге кыр көрсөтүп, телефонго байланган жаштар кумурскадай жайнаган мезгил. Халтурщик жазмакерлер сыйлык-наам, чин-даража, орден-медалдарга тойбой, таасирдүү атка минерлерге жагалданган учур.

«Эл акындары» менен «эл баатырлары» улутка байланыштуу орчундуу маселелер боюнча омоктуу оюн ортого салып, жеке пикирин билдирбей, башын кумга катып алышкан. Тажатма куттуктоо сөз, тегеренме чапан-калпактар менен коштолгон, бирин-бири кайталаган, коёндой окшош ыр кече, мааракелердин арааны ачылган.

Эң кызыгы, баштапкы классиктердин образына кирип, ошолордой манера күткөндөр бүгүн сайдын ташынан да көп. Тилекке каршы, 60-80-жылдардагыдай адабиятка жаңылык алып келип, поэзияга төңкөрүш жасаган калемгерлердин аягы суюлуп баратат. Ырдан ырга, жыйнактан жыйнакка өскөн, өзүнө жана өзгөлөргө сын көз менен караган, кечээ жаратканын эртең жериген, көзүнө көрүнгөндү эмес, жүрөгүнө урунганды жазган, мышыктай мыёлотуп көптү туубай, арстандай арылдатып бирди тууган таланттуу акындар «кызыл китепке кирип» калган.

– Сиздин котормо менен алектенип жүргөнүңүздү да коомчулук жакшы билет. Ушул тапта бизде мыкты котормочу деп сыймыктана турган ысымдар барбы?

– Жыргалбек Касаболотов, Толукбек Байзак, Таштан Чакиев, Назгүл Осмонова жана Мээрим Сейдилкан өңдүү котормочулар жигердүү иштеп жатышат.

– Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ага окутуучусуз. Мугалим катары айтсаңыз, кыргыз, түрк жаштарынын мекенчилдиги, эне тил, каада-салт, улут тарыхын билүү, түшүнүү, дилинде бекем сактоо, аны өнүктүрүү, жайылтуу далалаты кандай?

–  Бизге майда көздүү электен өткөн мыкты улан-кыздар келишет. Ошондуктан алкым дебей, калкым деген, кулкун дебей, журтум деген, жүрөгүндө деми бар, жүлүнгө жетер кеби бар, мыкты адистер бизден көп чыгат. Алар барган жеринде камчы салдырбай, иштин майын чыгарып иштешет. Эң оболу биз алардын дилин, тилин, мекенчилдик сезимин ойготобуз. Андан соң кесипкөй адис, жаратман адам болууга үндөйбүз. Төмөнкүдөй ыр саптарды кулагына кумдай куюп, мээсине мыктай кагабыз:

Ыйманга камчы чаппаган,
Ылайлуу жолго баспаган.
Багынтып бийик асканы,
Бүркүттөй рухун таптаган.
Өз сөзүн айтып, өзгөнүн
Өзөнү менен акпаган…
Чымын жан чыгып жатса да,
Чындыкты гана какшаган.
Бир нече тилде түш жоруп,
Бирок өз тилин өтө барктаган.
Кызмат, наам, сыйлык бергендин,
Кылычын такыр чаппаган.
Атак-даңк, өлүк дүйнө үчүн,
Абийирин, арын сатпаган.
Жалкоолук менен достошуп,
Жамбаштап бекер жатпаган.
Эл-жерге эмгек сиңирип,
Эненин сүтүн актаган.
«Азамат, мыкты инсан!» – деп
Атпай журт алкап, мактаган.
Боорукер, таза, мекенчил
Болгула, айтор, ЖАКШЫ АДАМ!

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар