Бөкөнбай агай бир чети жердеш ага катары болсо, экинчи жагы жашыбыз жагынан беш жыл айырма болгону менен жаныбыз курбу эле.
Көп учурда сырдаш да элек, үйүнө көп чакырып ар тараптуу кептерден сөз козгогон учурлар көп болду. Өзү талыкпаган чыгармачыл инсан боло турган, качан болсо компьютеринин маңдайына отуруп алып бир колу менен тамгаларды терип, иштеп жатканын көрөр элем. Айрыкча таланттуу чыгармачыл инсандарды өтө баалап, жакшы жактарын айтып, көзү өткөндөрдү эскерип калганын көп уктум.
Эскерүүлөрүндө, Р. Абдыкадыров, А. Керимбаев, манасчы, жазуучу, котормочу Асанкан Жуманалиевди катуу баалачу. Бөкөм Р.Абдыкадыров о дүйнөгө кеткенде катуу кейип: «Сиз менен коштошкон жокмун, Рыспай аке!» деп айтканы, үй-бүлөлүк архивине сактап койгонунан улам досун кандай баалаганын билсе болот. Р. Абдыкадыровдун көзү өткөндө, 30 жыл бирге жашаган өмүрлүк жары Анара Кулманбетовага Т.Казаковдун «Арман» деген обонун аткартып, тасмага өлбөс кылып калтырганы бекер жерден болбогон чыгар. Бул жагынан улуу талантты катуу сыйлаганынын белгиси эмеспи. Тагдырдын буйругу экен, эми минтип досунун кеткен жагына пенделик кылып бул дүйнө менен түбөлүк кош айтышып, 2017-жылдын 12-майында түбөлүк жайына берилди.
Ошол күндө өмүрлүк жары Анарага «Арманды» ырдатып жатканда, бир канча жылдан кийин өзүн жоктоп армандуу кошок кошуп ыйлап каларын ойлоду бекен? Анда, досунун бу дүйнөдөн кеткенине ичи түтөп, туталанып, арманын ыр менен бергиси келген тура.
Андан бери бир топ жылдар өттү, суу-лар акты, ал жөнүндө Р.Абдыкадыровго арнаган роман жазып, жарыкка чыгарып, мындан башка 6 томдон турган китебинин жарыкка чыкканын көрбөй кетти. Анын оюнда, 6 томдук чыкса Рыспайга эстелик тургуза турган жердин ордун да ойлоп, жер караштырып жүрөм дечи эле кайран киши. Ал тилегине да жетпей калды.
Кесибин сүйгөн журналист катары көп жылдар бою КТРдагы жетекчилик кызматтын биринде иштеп, канчалаган берүүлөрдүн жана долбоорлордун автору болду. Эл сүйгөн теле берүүлөрдү жаратты, тартты, өзү да алып барды. Бир топ жетекчилер менен бирге иштешти, катуу сыйлаган жетекчи катары А. Карыпкуловду айтып калар эле. Такшалган теле журналист, кесипкөй инсан, насаатчы катары көптөгөн жаш журналисттерди артынан ээрчитип тарбиялап, жогорку даражага чейин өстүрдү. Алар ушу кезде да анын атын сыймыктануу менен аташып жүргөндөрүнө күбө болдум.
Бир эле убакта, гезит беттерине элдин көйгөйүн тапкан курч материалдарды жазып турган мыкты журналист катары да белгилүү болчу. Ар кыл темадагы коомдук иштерге катышып, сөз сүйлөгөндөрүнө да күбө болгом. Ошонун ичинен 2016-жылдын 18-ноябрында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде, «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын демилгеси менен КРнын эмгек сиңирген артисти, залкар обончу Р.Абдыкадыровдун 75 жылдыгына арналган Республикалык илимий-практикалык конференциясы болду.
Өзүнүн жоро-жолдоштору болобу, мейли коңшу-колоңдору болобу Бөкөнбай агайды тамаша сөзгө чалып: «Бөкөнбай, Рыспай досуң өлгөндө Анараңа «Арманды» ырдаттың, өзүң өлгөндө кайсыл ырды ырдатасың?» дешкендерине, «Меники даяр эле турбайбы, Анаранын аткарган «Арманы» бар да» деп айтканын, кошунасы Гүлнара Аккулова: «Ушул Бөкөнбайдын тамаша катары айтып жүргөн сөзү анын керээзи болчу. Бул жөнүндө эч кимибиз сөз кылган да жокпуз, тилекке каршы эч кимисинин оюна да келген жок. Бөкөнбайдын сөөгүн чыгарып жатышканда «Арманды» ырдатып койгондо, ыйлабаган эл ыйламак эле» деген эле.
Анткени Бөкөнбай элдик киши болчу. Эл ичинде макал-лакап бекер жерден айтылбаган чыгар, «Үйдөгүнүн кебин сырттагы тыңшабайт, өлгөндүн кебин тирүү тыңшабайт» деген. Гүлнаранын айтканында чындык бар, балким ошол керээз сөзү эстен чыгып кеткендир, кайгы деген кайгы эмеспи.
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү теле журналист, чыгаан инсан Бөкөнбай Боркеев 70 жаш курагында бул жалган дүйнө менен биротоло кош айтышты. Өзү өтсө да аркасында өлбөс-өчпөс эмгектери, жаркын элестери калды.
Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ