«Кыргыз Туусу» гезити жана мезгил

7-ноябрь – Кыргызстанда басма сөз күнү. Бул күн кыргыздын туңгуч улуттук басылмасы — Азыркы кыргыз мамлекети менен тагдырлаш “Кыргыз Туусу” (“Эркин-Тоо”) гезитинин 1924-жылдын 7-ноябрында чыккан биринчи саны менен байланыштуу.

Ошону менен кыргыз басма сөзүнүн төл башы “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезити бир кылымдан ашуун мезгилден бери кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүндө чоң роль ойноп келет. Гезитибиздин тарыхы кыргыз элинин коомдук, саясий жана маданий жашоосунун күзгүсү десек жаңылышпайбыз. “Кыргыз Туусу” түптөлгөн күндөн жаңылыктын жарчысы, мамлекеттин маанилүү маалымат булагы милдетин өтөп келди. Артка кылчайсак кыргыз элинин бир кылымдык тарыхынын дээрлик ар бир күнүн, кайгы-кубанычын, тарых-маданиятын, экономикалык өсүштөрүн, руханий баалуулуктарын өз беттеринде чагылдырып келаткан өлкөбүздүн баш гезити – ушул “Кыргыз Туусу”. Ошондой эле өз учурунда гезиттин тили, кыргыз адабий тилинин калыптанышына, өсүп-өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген.

Бул жагынан алганда “Кыргыз Туусу” кыргыз тилин сактоонун жана жайылтуунун эң негизги булагы боло алды десек, аша чаппайбыз.  Тилди сактоо — бул улутту сактоо. Гезитибиз кыргыз тилин өнүктүрүү аркылуу элибиздин улуттук иденттүүлүгүн, руханий биримдигин бекемдөөгө эбегейсиз зор салым кошту.

“Кыргыз Туусу” — маданиятыбызды колдоп, улуттук баалуулуктарды жайылтуучу бирден бир басылма. Гезит кыргыз адабияты, искусствосу, театр, музыка жана сүрөт өнөрү тууралуу материалдарды жарыялап, окурмандардын руханий дүйнөсүн байытып келет. Азыр да көптөгөн белгилүү жазуучулар, акындар жана маданият ишмерлери үчүн чыгармачылык аянтча. Тагыраак айтканда, ар бир санында бир бети адабият, маданиятка арналат.  Бул жагынан алганда “Кыргыз Туусу” — кыргыз маданиятын, адабиятын жаш муундарга жеткирүүчү көпүрө, улуттук мурастарды сактоонун эффективдүү каражаты деп атасак да болот.

Гезитибиз бүгүнкү күндө коомдо, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды мамлекеттик кызыкчылыкта чагылдырып, ошол эле учурда мамлекетибиздин социалдык, экономикалык саясатын элге жеткирүү вазийпасын аркалоодо. Мамлекеттик программалар, мыйзамдар, реформалар жана өнүгүү багыттары тууралуу коомчулукка маалымат берип турат. Мындан тышкары, “Кыргыз Туусу” элдин үнүн угуп, коомдук көйгөйлөрдү көтөрүп, талкууга салуу аркылуу коомдук пикир жаратууга да салым кошуп — коом менен мамлекеттин ортосундагы маалыматтык көпүрө катары кызматын улантууда.

Учурда “Кыргыз Туусу” гезитинин мамлекеттик басылма катары расмий маалыматтарды, саясат жана коомдук иштер боюнча жаңылыктарды чагылдырууда, элибизге расмий булактардан алынган ишенимдүү, так маалыматтарды жеткирип
келет.

Ошол эле учурда, заманбап медиа дүйнөсүндө “Кыргыз Туусу” да санариптик технологиялардын шарапаты менен интернет аркылуу да элге кызмат өтөөдө..

Сыймыктануу менен айтсак,  “Кыргыз Туусу” — кыргыз журналистикасынын символу жана улуттун руханий дөөлөтү болуп саналат.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

 

Акыркы гезиттер

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени,...

«Бала ырысы” жаңы жөлөк пулу ата-энеге кандай жардам берет

           Кыргызстанда балдарды социалдык жактан колдоонун жаңы түрү киргизилгени турат. Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк...

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...