Кыргыз журналистикасынын алпы, кызыл тилдин чечени

Тилектеш Ишемкулов дегенде идеологиялык “фронттун” күжүрмөн жоокери, кыргыз совет журналистикасынын акыркы алптарынын бири, кызыл тилдин чечени элестейт.

Идеологиялык “фронт” дегенибиз, Тилектеш Ишемкулович 1963-1965-ж.ж. – Жети-Өгүз райондук комсомол комитетинин экинчи, биринчи катчысы, 1964-1965-ж.ж. – өндүрүштөн ажыратылбай туруп, Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомол мектебинин угуучусу болгон. 1965-1967-ж.ж. – партиянын Жети-Өгүз райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1967-1972-ж.ж. – Кыргызстан ЛКСМ БКнын идеологиялык маселелер боюнча катчысы, 1972-1973-ж.ж. – Кыргызстан КП БКнын маданий бөлүмүнүн башчысынын орун басары – кыргыз совет адабият секторунун башчысы. 1973-1978-ж.ж. – партиянын Нарын облустук комитетинин 3-катчысы, 1978-1980-ж.ж. – КПСС БКнын алдындагы кайрадан түзүлгөн
Коомдук илимдер академиясынын угуучусу. 1980-1984-ж.ж. партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин 3-катчысы, 1984-1986-ж.ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Басма сөздөгү мамлекеттик сырларды сактоо боюнча Башкы башкармалыгынын (Главлит) жетекчиси болуп иштеген.

Кыргыз совет журналистикасынын алптарынын бири дегенибиз, ал өмүрүнүн бир топ жылын кыргыз совет журналистикасына арнады. 1986-1993-ж.ж. – азыркы “Кыргыз Туусу”, андагы “Советтик Кыргызстан” гезитинин башкы редактору болуу менен бир эле мезгилде, республиканын Журналисттер союзунун төрөгасы, СССР журналисттер союзунун катчысы болду. Баса белгилеп койчу нерсе, башкы редакторлук кызматка жөндөн жөн эле келип калган жок. Буга кызыл тилин безеген чечендиги себеп болду көрүнөт. Кесиптештеринин айтымында, басма сөз менен узак жылдар бою туруктуу катышта болуп, телерадио боюнча мезгил-мезгили менен чыгып сүйлөп, кийинки жылдарда журналисттердин жазгандарын электен өткөрүп жүргөн Т.Ишемкуловдун журналисттик жөндөмү эске алынды дешет.

Эбелектей кезинен ээрге минген Тилектеш Ишемкулов аябагандай жолдуу экен, андан кийин да аттан түшкөн жок. Болгондо “биринчилерден” болду. 1993-1996-жж. – Кыргыз Республикасынын Казакстандагы биринчи Атайын жана Толук Ыйгарым укуктуу элчилик кызматын аткарды. 1996-ж. республикадагы “Кыргыз Жер” атындагы биринчи менчик университетинин тажрыйбалык – илимий лабораториясынын башчысы болуп, бүтүндөй эмгек багыты жаштарга терең билим, тарбия-таалим берүүнүн асыл иши менен ажырагыс бирдикте жүрдү.

Биринчи элчи, Биринчи менчик университетте илимий лабораториянын башчысы Тилектеш Ишемкулович Казакстанга кандайча элчи болуп калганын мындайча эскергени бар: «1992-жылы мени вице-премьер Абдыганы Эркебаев чакырды. Анда «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору элем. Жетекчилик Россияга элчилик ачууга ниеттенип калган экен. Мен эң биринчи дипмиссия-ны коңшу Казакстанда ачуу абзел экенин, казактар кыргызга абдан жакын эл экенин айттым. Акыры сунушум боюнча Казакстанда элчилик ачылды. Акаев 1992-жылы декабрда Казакстанда Кыргызстандын дипломатиялык миссиясын ачып, мени элчи кылып дайындоо, атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи рангын ыйгаруу тууралуу үч жарлыкка кол койду. Мындай окуя өлкөнүн тарыхында сейрек болгон. Мен да биринчи болгом».

Ырасында, Тилектеш Ишемкуловичтин өмүр жолунда мына ушуга окшогон жылдыздуу жылдар, даңазалуу күндөр, жагымдуу учурлар аз эмес. 1978-80 ж.ж. Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясында окуган жайы бар. Жөн эле лекцияга барып-келип, ортосаар окубай, анда да “биринчилерден”, алдыңкы саптагылардан болуп, кызыл диплом менен бүтүрүп чыккан. Мына ошол жылдары, ал жерде Россия Федерациясынын компартиясынын төрагасы, Мамлекеттик Думанын коммунисттер фракциясынын жетекчиси Г.А.Зюганов менен бир топто окуп, Г.Зюганов староста болсо, Т.Ишемкулов 2 жыл катары менен партиялык топтун катчысы болуп шайланган.

Болгону партиялык карьеранын артынан кетпеди. Коомдук илимдер академиясынан кийин, 1980-84 ж.ж. партиянын  Ысык-Көл обкомунун катчысы болуп дайындалып,  көрүнүктүү  мамлекеттик  жана коомдук ишмер А.Масалиевдин түздөн-түз жетекчилиги астында иштеди. Бул жылдар да абабыздын өмүр жолундагы жаркын барактардан.

Кумурскадай мээнеткеч, өзүнө өзү түйшүк таап, эмгектенбей тура албаган Тилек Ишемкулович 1997-жылдан азыркы мезгилге чейин К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика жана маалыматтык тутумдар факультетинин профессору, ректордун кеңешчиси. Бери дегенде беш, ары дегенде алты ректор менен иштешти.

Мына ушундан көрүнүп тургандай, Тилектеш Ишемкуловдун турмуштук жана эмгектик чыйыры бир кылка түз, жемиштүү, ийгиликтүү жана бараандуу болду деп толук жоопкерчилик менен айтсак болот.

Тилектеш Ишемкуловичтин кызыл тилди безеген чечендигине педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев мындай деп баа бергени эсибизде: “Осмонкул Аалы уулу, Сыдык Карач уулу, Кусейин Карасай уулу ж.б. баштаган “Эркин Тоонун” улуу көчүнөн баштап, бүгүнкү күндө төрт туягын төп таштаган Тилектеш Ишемкуловго чейинки басма сөздүн  рухий байлыктары ак кар, көк муздуу Ала-Тоодой шаңкайып алыстан  көрүнүп турат.

Кыргыздар канчалаган кыйынчылыктарга кабылса дагы эне тилин жоготкон эмес. Эгер бүгүн эне тилибизди  Тилектеш агайдай кадырлай, бапестей албасак, кийинки урпактарга салтанаттуу  өткөрүп бере албасак,  анда улуу ойчул Жусуп Баласагын айткандай, босогодо комдонуп жаткан жолборс тариздүү эне тилибиз өзүбүздү жеп коюшу мүмкүн.

Кыргыз элинин  маданиятында булбулдай сайраган чечендер  жашап өткөн.  Ошондой таланттуулардын бири, жүрөгү фантастикалык күч-кубатка ээ, акыл энергиясы мол, бүгүнкү күндөгү чечендик өнөрдүн тирүү классиги Тилектеш агай десем эч жаңылбаймын.

Тилектеш агай, Батыш менен Чыгышты бириктирген  интеллектуалдуу мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Тилектеш агай, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды айкалыштырган даанышман педагог жана устат.

Тилектеш агай, журналистиканын салттуулугу менен жаңычылдыгын жалгаштырган зор рухий теоретик жана практик.

Тилектеш агай, өлкөнүн ар-намысы менен абийиринин  айкын образы. Анын энциклопедиялык көрөңгөсү, түмөн-түркүн билиминин кеңдиги менен тереңдиги баарыбызды таңыркатат жана  тамшандырат.

Эркин ойлоо укугу – адамдын эң улуу артыкчылыгы.  Дал ушул касиет Тилектеш агайда бар. Агайдын адамдык  кажыбас кайратына, аздектеген акыйкаты менен руханий тазалыгына  арууланып келем. Адамдын улуулугу, албетте, анын акыл-парасаты жана адеп-ахлагы менен өлчөнөрү талашсыз. Буга Тилектеш агай фундеманталдуу мисал. Ал кыргыз коомунун алдында турган аракеттердин,
проблемалардын ар түрдүүлүгүн чагылдырган коомдун интеллектуалдык сейсмографындай элес туудурат.

Бүгүн Тилектеш Ишемкулович ким? Бүгүн ал окумуштуу. “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын энциклопедиялык (түшүндүрмө) сөздүгүн түзгөн Тилектеш абабыз студенттердин алдында «Чет өлкөлүк журналистиканын тарыхы», «Азыркы чет өлкөлүк журналистика», «Универсалдуу журналист», «Журналис-тиканын теориясы жана методикасы», «Журналисттин кесипкөйлүк негиздери», «Дипломатиянын жана консулдук кызматынын негиздери» деген багыттар боюнча дарс окуусун улантып келет. Анын берген сабактары, устаттык класстары улан-кыздар арасында ар дайым жогорку кызыгууну туудурат.

Тилектеш Ишемкулович абабыз – акын да. “Аяп кой мени, жүрөгүм”, “Эң кыйын экен баарынан” ырлар жыйнактары жарык көргөн. Ал өзү кантип ыр жазып калганы тууралуу: “Ыр жазууга чыгынып кызыга башташым мен 1952-1956-ж.ж. Талас шаарында окуп жүргөн маалыма туш келди. Арийне, алардын көпчүлүгү үйрөнчүк иретиндеги суйдаң, чаржайыт, көбүнесе, алгачкы өспүрүмдүк арзуу сезимдерге алданган солгун саптар эле. Андыктан, алардын бирөө да бул жыйнакка кирген жок. Ыр өнөрүнө 1957-1962-жылдарда, Пржевальскидеги мамлекеттик педагогикалык институттун орус тил жана адабият факультетинде билим алып жаткан тушумда олуттуу көңүл бөлө баштагам. Анткени, анда адабият теория-сын, чыгарма жазуунун жол-жобосун, орус жана дүйнөлүк акын жазуучулардын өнөрканасы үйрөтүлүп окутулгандыктан, мага алардын көп жактарын жакшылап түшүнүп алууга жол ачылды. Төрт жыл бою факультеттин «Таң шооласы» аттуу адабий көркөм кереге гезитинин редактору болуп иштеп, ага, бөлөктөр менен бирге, өзүмдүн да ырларымды, котормолорумду байма-бай жазып жүрдүм. Анын беттерине таланттуу акын, өлбөс-өчпөс «Он сегиз жаштын» автору Кемел Бакашовдун, ыр чеберлери Э. Закиряев, К.Чомолоев, К.Исаков, Ж.Осмоналиев ж.б. чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып келди.

Институттан кийин өз айылымда болгону төрт айга чамалаш гана мезгил бою мугалим болуп иштеп турганымда, 1963-жылдын январь айында Жети-Өгүз райондук комсомол комитетинин экинчи, андан соң биринчи катчысы болуп шайланып, ошондон берки жылда 35 жыл бою комсомолдук, партиялык, мамлекеттик, басма сөздүк, журналистикалык, дипломатиялык жетекчи тармактарда эмгектенип келген учурумда, чолоо тийбей, убакыттын тардыгына байланыштуу, ыр жазуу менен такай алпуруша албай калганым ырас.

Ал эми, өзүм жогорку окуу жайына педагогикалык окутуучулук кесипке биротоло өткөн 1996-жылдан бери, поэзия айдыңына кененирээк аралашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, ыр жазуу менен колуман келишинче алектенүүдөмүн. Албетте, аларды негизги ишиңден колуң бошой калганда, дем алыш күндөрүндө же эмгек өргүүгө чыкканыңда, тек гана, өзүң, өзүңдүн жан дүйнөң үчүн (орустар айткандай, «для души») чиймелейт экенсиң. Буга чейин, ашып кетсе, 30га чамалаш ырларым айрым китеп, журнал, гезиттердин беттеринде жарыяланды” дейт.

Т. Ишемкуловичтин коомчулук, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги жогору бааланып, СССРдин «Ардак» белгиси ордени, үч медалы, КР ЖКнын төрт ардак грамотасы жана башка көптөгөн ардак грамота, дипломдор жана төш белгилери менен сыйланган. Ал К.Карасаев атындагы сыйлыктын лауреаты.

Абабыздын басып өткөн байсалдуу өмүрү жана эмгек жолу көптөргө үлгү. Тилек Ишемкулович ата-журтубуз үчүн мындан ары да албан-албан ийгиликтерди жарата беришин чын жүрөктөн жана ак-дилибизден каалап кетебиз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Акыркы гезиттер

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп болгону талашсыз. Анткени,...

«Бала ырысы” жаңы жөлөк пулу ата-энеге кандай жардам берет

           Кыргызстанда балдарды социалдык жактан колдоонун жаңы түрү киргизилгени турат. Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк...

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной торговле, поэтому любое...

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн өнүгүүсүнүн азыркы этабына...

Кыргызское ускорение

Источники, пределы, риски        За последние пять лет Кыргызстан прошёл через фазу, которую уместно называть не просто ростом, а ускорением. Среднегодовые темпы увеличения ВВП в 2022–2025 годах превысили...