Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилди

0
15245

Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтин билдиришинче, станциядагы реконструкциялоо иштери толугу менен аяктаган. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСиндеги модернизацияланган төртүнчү гидроагрегаттын, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи гидроагрегаттын иштешине расмий старт берди.

Маалыматка караганда, төртүнчү агрегаттын ишке кириши менен Токтогул ГЭСинин мурдагы 1200 мегаваттык кубаттуулугу модернизациядан кийин 1440 мегаваттка жетти. ГЭСтеги жаңылоо иштери 2021-жылы башталып, ар бир агрегатты алмаштырууда 60 мегаватттан кошулуп, жалпы 240 мегаватт кошумча кубаттуулук алынган.

Ошол эле учурда Үч-Коргон ГЭСинин экинчи агрегаттын ишке киргизилиши 9 МВт кошумча кубаттуулук берди. Буга чейин 2024-жылы алгачкы агрегаты толугу менен жаңыртылып, дагы 9 МВт кошулган болчу. Калган эки агрегатты 2026-жылы реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Бардык төрт агрегат жаңыртылгандан кийин ГЭСтин кубаттуулугу жалпы 36 МВтка жогорулайт.

Министрлик белгилегендей, ГЭСтерди модернизациялоонун башкы максаты — энергетикалык кубаттуулукту жогорулатуу жана станциялардын ишенимдүүлүгүн арттыруу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз