Россия Кыргызстандын стратегиялык маанилүү өнөктөшү

 

Кыргыз Республикасынын
Россия Федерациясындагы Атайын
жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Кубанычбек БОКОНТАЕВ

               Жакынкы арада ишке ашырылуучу маанилүү окуянын — Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында Кыргызстан менен Россия түбөлүк достор жана союздаштар деген бекем ишенимимдин негизин түзгөн ойлорумду окурмандардын кеңири чөйрөсү менен бөлүшкүм келет.

Россия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп саналат, ал мамлекет менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда артыкчылыктуу мамиле түзүлгөн. Бул саясат Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет жана анын тышкы саясаттагы артыкчылыктарында туруктуу бойдон калууда.

Быйыл биз 2000-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул документтин ырааттуу ишке ашырылышы ишенимдүү союздаштык мамилелердин жаңы моделин түзүүгө мүмкүндүк берди жана жемиштүү эки тараптуу кызматташтыкты сапаттык жактан кеңейтүүгө өзгөчө шарттарды түздү. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер тарыхый жактан калыптанып калган достук байланыштарга, өз ара урматтоо-
го, бири-бирин колдоого, бекем маданий-гуманитардык байланыштарга жана жалпы баалуулуктарга негизделген. Ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү эки өлкөнүн элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деп эсептейбиз.

1991-жылдан башталган Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхынын жылдарында, Россия Федерациясы менен өз ара ишенимге, урматтоого жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген эң жогорку деңгээлдеги кызматташтык ырааттуу түрдө курулуп, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жатат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда ар дайым толук түшүнүшүү жана ишеним өкүм сүрүп келгенин, мында эч кандай саясий пикир келишпестиктер же карама-каршылыктар болбогонун кубануу менен белгилесек болот. Бизди стратегиялык өнөктөштүгүбүздү чыңдоо, ошондой эле андан ары жылдыруу боюнча жалпы каалоо-ниет бириктирип турат.

Албетте, эки өлкөнүн Президенттери Садыр Нургожоевич Жапаров менен Владимир Владимирович Путиндин ортосундагы өзгөчө ишенимдүү мамилелердин кыргыз-орус кызматташтыгынын прогрессивдүү өнүгүшү жана алга жылышы үчүн эбегейсиз зор маанисин белгилебей коё албайбыз.

Биздин мамилелерибиздин азыркы деңгээлине таасир эткен төмөнкү жетишкендиктерди айта кетүү зарыл деп эсептейм. Булар: Кыргызстандагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу жаатында, мунай жана мунай зат продуктыларын жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык келишимдердин түзүлүшү жана Россия – Кыргызстан өнүктүрүү фондунун түзүлүшү.

Экономикалык кыйынчылыктардын жана саясий өзгөрүүлөрдүн шартындагы өлкөбүздүн тарыхындагы оор жылдарда Россия биздин өлкөгө материалдык, көп учурда акысыз жардам көрсөтүп келе жатканын ыраазычылык менен белгилегим келет. Ошол эле учурда, азыр биз туруктуу өсүү жолунда экенибизди жана Кыргызстандын экономикасынын ыкчам өнүгүүсүнүн фонунда орусиялык өнөктөштөрүбүздүн жардамы экономикабыздын негизги тармактарын модернизациялоого жана өз ара пайдалуу инвестициялар жана кызматташтык, анын ичинде жогорку технологияларды жана инновацияларды колдонуу аркылуу өлкөбүздүн өндүрүштүк жана өнөр жайлык потенциалын толук ишке ашырууга багытталганын баса белгилейм.

Ошону менен бирге Россия Федерациясынан келген түз инвестициялардын көлөмү да жылдан жылга көбөйүүдө. 2024-жылга карата бул көрсөткүч рекорддук көрсөткүч экенин, болжол менен 279 миллион долларды түзөрүн белгилей кетүү керек. Россиянын бизнес коомчулугунун Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууга болгон кызыгуусунун өсүп жатканын жана биз тараптан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча, анын ичинде ар кандай салык жана административдик жеңилдиктер аркылуу көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык темасына токтолсок, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн жыл сайын өсүп жаткан деңгээлин белгилебей коё албайм. Өткөн жылы ал 3,8 миллиард доллардан ашкан, ал эми быйылкы өсүү темпин эске алганда, биз 5 миллиард долларлык максатыбызга ишенимдүү түрдө жакындап келе жатабыз, пайдаланыла элек потенциалдарыбызды эске алганда, бул көрсөткүч эки өлкө үчүн дагы чек эмес.

Тараптар өкмөттөр аралык кызматташуунун бардык куралдарын активдүү колдонушууда. 1997-жылы түзүлгөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россиялык комиссиясы (ӨАК) жакында эле 26-жыйынын өткөрүп, ийгиликтүү иштеп жатат. Региондор аралык кызматташтык динамикалуу өнүгүүдө. Кыргызстан Россиянын 81 аймагы менен түз байланыштарды түзгөн, алардын 80%дан ашыгын Москва, Санкт-Петербург, Татарстан Республикасы жана Москва, Оренбург, Свердловск, Самара жана Челябинск облустары түзөт. Региондор аралык деңгээлде 40тан ашык келишим түзүлгөн. Жыл сайын өтүүчү Кыргыз-россия-лык аймактар аралык конференциясы аймактар аралык байланыштарды, анын ичинде бизнес ортосундагы диалогду күчөтүү үчүн маанилүү аянтча жана курал катары кызмат кылып келе жатат.

Ал эми тармактар боюнча алганда, Кыргыз Республикасындагы эң ири инвестициялык долбоор тоо-кен тармагында ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул Жерүй кенин иштетүү. Кен казып алуу долбоору тоо-кен казып алуу, инфраструктура жана кайра иштетүүчү жайлар комплекси руданы казып алуудан алтын өндүрүүгө чейинки өндүрүш циклин толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Энергетика тармагындагы кызматташтык өзгөчө маанилүү. Россия жаратылыш газынын, мунайдын жана мунай зат продуктыларынын негизги жеткирүүчүсү болуп саналат жана акыркы жылдары Кыргызстанга сезондук электр энергиясын жеткирүү көбөйүүдө. Гидроэнергетика тармагында, ошондой эле жылуулук, күн, шамал жана гидроэлектр станцияларын камтыган энергетикалык инфраструктураны куруу жана модернизациялоо жаатында өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыгы ишке ашырылууда.

Транспорт тармагында эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы түз каттамдардын саны жана географиясы жылдан жылга көбөйүп, кеңейүүдө. Учурда Россиянын республикабыздын темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна катышуусу каралууда. Андан тышкары, соода көлөмүнүн олуттуу өсүшүн жана өлкөлөрдүн ортосундагы жер үстүндөгү жүк ташуулардын көбөйүшүн эске алуу менен, жаңы транспорттук-логистикалык маршруттарды түзүү боюнча иштер
улантылууда.

Негизи, Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын ачуу долбоорлору артыкчылыктуу болуп саналат. Келечекте биз Евразиядагы эл аралык транспорттук коридорлорго жана маршруттарга толук туташууну көздөөдөбүз.

Азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда. Россия Кыргыз Республикасына азык-түлүк, дан, үрөн жана жер семирткичтердин негизги жеткирүүчүсү болуп саналат. Ошол эле учурда, Россия Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын – эт, сүт, балык, мөмө-жемиштердин эң ири импорттоочусу болуп саналат жана биз бул жеткирүүнү көбөйтүүгө даярбыз.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыктын эң динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири – эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги маданий-гуманитардык кызматташтык. Бул жааттан алганда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилибиз менен бирдей кеңири таралган жана өнүгүп жаткан орус тилинин негизги, бириктирүүчү ролу өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

Гуманитардык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты катары билим берүү салттуу түрдө эки тараптуу күн тартибинин олуттуу бөлүгүн ээлейт. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия жогорку билим берүүнүн негизги багыты бойдон калууда, анын ичинде жыл сайын россиялык тараптан квота орундарын бөлүштүрүү аркылуу кыргызстандык жаштарыбыз Россия-да билим алышууда. Эки өлкөнүн Президенттеринин Кыргыз Республикасында 9 орус тилиндеги мектеп куруу боюнча кеңири масштабдуу, социалдык жактан маанилүү демилгеси ырааттуу түрдө ишке ашырылууда, алардын үчөө 2027-жылга чейин окуучулар үчүн эшигин ачат деп пландаштырылууда.

Ошондой эле дагы өзгөчө мааниге ээ болгон иш-чара – Кыргыз-Россия Славян университетин илимий-техникалык жактан модернизациялоо, алдыда боло турган сапар учурунда окуу жайдын кампусун куруу боюнча Макулдашууга кол коюу пландалып жатат. Биз эки өлкөнүн билим берүү системаларынын алдыңкы тажрыйбаларын интеграциялоого негизделген бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзө баштадык, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарыхын чагылдырган тарых окуу китептерин шайкеш келтирүү боюнча иш алып барууга кириштик. «Чет өлкөдөгү орус мугалими» гуманитардык долбоору, ошондой эле бул жааттагы башка бирдей маанилүү билим берүү долбоорлору, анын ичинде Россотрудничество жана «Евразия» фонду тарабынан иштелип жаткан долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы маданий байланыштар активдүү өнүгүп, жылдан жылга кеңейип бара жатат. Айрыкча 2024-жылы Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн жана 2025-жылы Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын Маданият күндөрүнүн ийгиликтүү өткөрүлүшүн белгилей кетүүбүз абзел. Андан тышкары, маданияттар аралык диалог театрлар, музейлер жана чыгармачыл топтор аркылуу, ошондой эле эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн музыкалык долбоорлорго, сынактарга, фестивалдарга, көргөзмөлөргө, форумдарга жана башка маданий иш-чараларга катышуусу аркылуу комплекстүү түрдө иш жүзүнө ашырылууда. Маданий алмашууга болгон суроо-талаптын ачык мисалдарына россиялык көрүүчүлөрдүн  кыргызстандык «NOMAD» триосун колдоосу кирет, алар «Интервидение» аталашындагы ири масштабдуу музыкалык сынагында экинчи орунду ээледи, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктардын жыл сайын «Борбордук Азия романсиадасына» катышуусу да кирет, анда тогуз жаштагы Арсен Мухтарбеков үстүбүздөгү жылы С. Есениндин поэзиясына негизделген романсты эң мыкты аткарганы үчүн баш байгени жеңип алган.

Учурда биз иштеп жаткан маанилүү биргелешкен долбоор – Москвада кыргыз илим жана маданият үйүн ачуу планы. Бул долбоордун ишке ашырылуусу өлкөлөрүбүз менен элдерибиздин ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө салым кошот деп ишенем.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын биргелешип белгилөөнүн глобалдык маанисин да  өзгөчө айтып кетсек, булардын  ичинде  9-майда Москвада өткөн Жеңиш парадына кыргыз аскер кызматкерлеринин катышуусу, көптөгөн майрамдык иш-чаралардын жана эскерүү иш-чараларынын өткөрүлүшү, ошондой эле Улуу Жеңиштин тарыхый мааниси боюнча бирдиктүү позицияны көрсөткөн дүйнөлүк жана аймактык деңгээлдеги маанилүү билдирүүлөрдү кабыл алуу, тарыхый эстеликти сактоо жана коргоо, ошондой эле фашизмди даңазалоо жана аны актоо боюнча бурмаланган терс маалыматтарга жол бербөө. Фашизмди жеңүү – бул биздин элдердин биргелешкен жетишкендиги жана өлкөлөрүбүз үчүн жалпы тарыхый мурас, ал кыргыз-орус мамилелеринин негизги өзөктөрүнүн бирин түзөт. Бул контекстте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдиктерин эскерүү боюнча аракеттер уланып жатканын баса белгилөө зарыл. 2023-жылы биз Аскердик даңк шаарындагы Ржевде согуш учурунда курман болгон кыргыз жоокерлеринин эстелигин ачтык жана мындай иштерди андан ары да улантуу ниетиндебиз.

Эмгек миграциясы кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү аспектиси бойдон калууда. Россиянын Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, учурда Россия Федерациясында 530 000ден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны жашайт. Мурунку жылдарга салыштырмалуу алардын санынын төмөндөө тенденциясы байкалганы менен, негизинен кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө жана тиричилик жумуштарына болгон муктаждыктарына байланыштуу, Россия Федерациясы кыргыз жумушчуларынын кызматын эң көп пайдалануучу өлкө бойдон калууда. Евразиялык экономикалык биримдиктин жана башка эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдердин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилген артыкчылыктар, тилдик тоскоолдуктун жоктугу жана маданиятка жана жергиликтүү шарттарга оңой ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү биздин жарандарыбыздын Россияны жумуш менен камсыз кылуунун негизги булагы катары тандоо-
сунун негизги факторлору болуп саналат.

Ошол эле учурда эки өлкөнүн ортосундагы чечилбей келе жаткан маселелер дагы бар экендигин жана булар боюнча тиешелүү иштер эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары жана тышкы иштер мекемелери аркылуу жүргүзүлүп жаткандыгын да белгилеп кетем. Акыркы жылдары биз Кыргыз Республикасынын жарандарына юридикалык жардам көрсөтүү жана ар кандай мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде документтештирүүнү камсыздоо үчүн Россиядагы консулдук катышуубузду бир топ кеңейттик. Учурда Россияда чет өлкөлөрдө эң көп сандагы кыргыз дипломатиялык миссиялары, анын ичинде Элчилик, Екатеринбург, Казань, Новосибирск жана Санкт-Петербургдагы Башкы консулдуктар, ошондой эле Красноярск, Владивосток, Якутск, Сургут, Иркутск жана Южно-Сахалинск шаарларындагы элчиликтин кеңселери жайгашып, иштеп жатат.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча айтсак, кыргыз тарабы жаңы геосаясий реалдуулуктарды эске алуу менен чыныгы натыйжаларга жетүү үчүн россиялык тарап менен иштөөдө комплекстүү мамилеге басым жасайт. Биздин өлкөлөрдүн алдында бардык колдонула элек механизмдерди натыйжалуу пайдалануу, бар болгон потенциалды толугураак ачуу жана ишке ашыруу, ошондой эле бардык эки тараптуу жана көп тараптуу маселелерди ишеним жана өз ара түшүнүшүү атмосферасында, өз ара пайдалуу улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, союздаштык мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн нугунда чечүү милдети турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз