ЖККУ саммитине катышуу үчүн Беларусь, Казакстан жана Тажикстан президенттери Бишкекке келишти

0
19327

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин 27-ноябрда, бүгүн өтө турган сессиясына катышуу үчүн мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Бишкекке келе баштады.

Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда конокторду Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды. Ар бир делегация үчүн кызыл килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилип, кыскача концерттик программа көрсөтүлдү.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте өтүп, Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз