Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн сунуштардын жана суроо-талаптардын аткарылышын чагылдырган электрондук кырдаалдык картаны тааныштырды.
Маалыматтык система Курултай учурунда келип түшкөн кайрылууларды гана камтыйт жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу максатында чектелген жеткиликтүүлүккө ээ. Ар бир иш-чаранын аткарылышы этап-этабы менен көрсөтүлөт.
Белгиленгендей, Курултайдын жыйынтыгы боюнча эң көп кайрылуулар дал ушул министрликке келип түшкөн. Министрлик Министрлер Кабинетинин түзүмүндө Курултай боюнча электрондук системаны иштеп чыккан жалгыз мекеме болуп саналат. Система «Агросмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлгөн.
2025-жылга карата III Элдик Курултайдын делегаттарынан түшкөн кайрылуулардын негизинде 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылган, 360 иш-чара (88%) аткарылуу баскычында. Аткарылбаган иш-чаралар жок.
Кайрылуулардын 60 пайызы ирригацияга, 23 пайызы ичүүчү таза сууга байланыштуу. Бул багыттар стратегиялык мааниге ээ болуп, учурда туруктуу көзөмөлдө турат. Ичүүчү суу долбоорлорунун ишке ашуу мөөнөтү орточо 3–3,5 жылды түзөт.


