Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаОш шаарында Литванын Ардактуу консулдугу расмий ачылды

Ош шаарында Литванын Ардактуу консулдугу расмий ачылды

Бүгүн Ош шаарында Литванын Ардактуу консулдугунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактык өкүлчүлүгү кабарлады.

Иш-чарага президенттин өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, Литванын башкы консулу Шаруне Кубилюте жана ардактуу консул Медербек Орумбаев менен жолугушту. Кенжебаев Медербек Орумбаевди Литванын Оштогу ардактуу консулу болуп дайындалганы менен куттуктап, бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдай турганын белгиледи.

Литва тарапка Ош облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчө айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана туризм тармактары боюнча маалымат берилди.Тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, билим берүү жана маданий-гуманитардык долбоорлорду активдештирүү багытында кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар