Азербайжан Арменияга темир жол аркылуу мунай продуктуларын жөнөттү. Бул акыркы он жылдардагы алгачкы мындай экспорт болуп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу жолунда маанилүү кадам катары бааланууда. Бул тууралуу расмий булактар маалымдашты.
Азербайжандын AnewZ басылмасынын маалыматына ылайык, бейшемби күнү мамлекеттик SOCAR мунай компаниясы өндүргөн АИ-95 маркасындагы бензин жүктөлгөн 22 темир жол цистернасы Арменияга Грузия аркылуу жөнөтүлгөн. Жалпы жүк көлөмү 1 210 тоннаны түзөт. АИ-95 — жогорку сапаттагы бензин болуп саналат.
Эки тараптын расмий өкүлдөрү бул жеткирүү жөн гана саясий билдирүүлөр менен чектелбестен, тынчтыктын жана кызматташуунун практикалык экономикалык пайдасын көрсөтүп турганын белгилешти.
Белгилей кетсек, күйүүчү майды жөнөтүү тууралуу макулдашуу 28-ноябрда Азербайжандын түндүк-батышындагы Габала шаарында жетишилген. Анда Азербайжандын вице-премьер-министри Шахин Мустафаев Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян менен жолугушкан.
Бул кадам аймакта ишенимди бекемдөөгө жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.


