Кыргызстанда дагы пробиотиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралууда

0
8398

Бүгүн, 19-декабрда Токио шаарында өтүп жаткан “Борбордук Азия + Япония” бизнес-форумунун алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров JFR Co. Ltd. компаниясынын жетекчиси Номибицу Акай менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстанда адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугун жакшыртуу максатында пробиотиктерди өндүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Айрыкча япон сапат стандарттарын жана JFR Co. Ltd. компаниясынын технологияларын колдонуу маселеси талкууланды.

Ошондой эле тараптар агроөнөр жай секторуна заманбап биотехнологиялык чечимдерди киргизүү, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары биотехнология тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз