Касым-Жомарт Токаев менен Дональд Трамп кайрадан украина боюнча сүйлөштү

0
3428

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз кызматы — Акорда маалымдады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкө башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди жана эл аралык кырдаалды, анын ичинде Украинадагы абалды кеңири талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев быйыл ноябрда Вашингтонго болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды Казакстан толук аткарууга берилгендигин ырастады.

Мамлекет башчысы украин кризисин жөнгө салуунун татаалдыгына токтолуп, аймактык маселелер негизги орунду ээлеп, реалдуу кырдаалды эске алуу менен эки тараптан тең компромистерди талап кыларын белгиледи. Ошону менен катар, Казакстан бардык тараптарды сабырдуулукка, ийкемдүүлүккө жана кесипкөйлүккө чакырып, тынчтык формуласы боюнча изденүүнү улантууга үндөдү.

Токаев Казакстан ортомчу болууга умтулбаса да, зарыл болгон учурда ак ниеттүүлүк негизинде сүйлөшүүлөр үчүн аянтча берүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле ал Дональд Трамптын лидерлик сапаттарын жогору баалап, анын эл аралык аскердик жаңжалдардын айрымдарын жөнгө салууга жана АКШнын ички потенциалын чыңдоого жетишкенин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Дональд Трампты өзүнө ыңгайлуу убакта Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырып, бул визит тарыхый мааниге ээ болоруна ишенимин билдирди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз