“Мурас” комплексиндеги батирлер ээлерине өз убагында берилет

Президент Садыр Жапаров “Мурас” турак жай комплексиндеги 1080 батирди тапшыруу аземинде комплекстеги 2688 батир белгиленген мөөнөттө өз ээлерине берилерин билдирди.

Аталган комплексте жалпы 39 блоктон 4754 батир курулат. 2024-жылы 510, 2025-жылы 476 батир курулуп, ээлерине тапшырылган. Комплекс заманбап жашоо үчүн бала бакча, мектеп жана унаа токтотуучу жайлар менен камсыздалган.

Президенттин айтымында, бул турак жай саясатынын ырааттуу жана туура багытта ишке ашырылып жаткандыгынын далили.

Бүгүн, Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндө жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир өз ээлерине тапшырылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз