Кыргызстанда эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу иши жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, президенттин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү туруктуу айдоочулук күбөлүктөр жаңы үлгүдөгүсүнө акысыз алмаштырылат.
«Айдоочулук күбөлүк боюнча суроолор көп болуп жаткандыктан, кыскача маалымат берейин. Декабрь айында айтылгандай эле, 2026-жылдын 15-январынан 15-февралына чейин эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. Ошондуктан убакытты өткөрбөй, барып алмаштырып алыңыздар», — деп белгиледи Туманбаев.
Белгилей кетсек, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2025-жылдын ноябрынан тарта бериле баштаган. Эски туруктуу күбөлүктөрдү жаңыларына Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен алмаштырууга болот.


