Жылкы жылында дүйнөнүн көп өлкөсүндө президенттик, парламенттик жана муниципалдык шайлоолор өтүп, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги ири окуялар күтүлүүдө.
Мажарстандагы парламенттик шайлоо Евробиримдик үчүн талылуу маселе
Мажарстанда апрелде парламенттик шайлоолор өтөт. Венгрияны 1998-2002-жылдары башкарган, 2010-жылдан бери кайрадан жетектеп келе жаткан премьер-министр Виктор Орбандын оңчул консервативдик «Фидес» партиясы жеңишке жетеби же дүбүртү катуу чыга баштаган Петер Мадьярды жактаган оппозицияга утулабы деген собол Мажарстанды гана эмес, Европаны, бери жакта Россияны түйшөлтүп туру. Виктор Орбан Евробиримдикти кыйла түйшүккө салган саясатчы. Москва менен ымаласы жакшы, орус-украин жаңжалы, аны жөнгө салуу маселелери, миграция, демократиялык стандарттар боюнча Орбандын көз караштары Евробиримдигинин позициясына көп учурда дал келбейт, ал тургай карама-каршы. Баш министр Орбан Венгрия Евробиримдиктен чыкпайт, бирок биримдик өзүнөн өзү ыдырайт деп эсептейт.
“Тиса” партиясынын жетекчиси, башкы оппозиционер Петер Мадьяр Европага көбүрөөк ыктаган жана европалык баалуулуктарды жактаган саясатчы. Ушул шайлоо Мажарстандын Евробиримдикке, Россияга карата позициясын аныктай турган чечүүчү учур.
Швециядагы праламенттик шай-лоого тышкы күчтөр коркунуч жаратууда. Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон дал ушинтип жазды Х платформасына. Социалисттердин, либералдардын, христиан демократтарынын жана орточулдардын коалициясын жетектеген баш министр Кристерссон сентябрда өтө турган шайлоолордон кооптонуусун көптөн бери жарыялап келет. Германияны жана башка өлкөлөрдү мисал кылып, Россия же башка мамлекет тарабынан гибриддик чабуулга кабылып, шайлоо кампаниясына, эн негизгиси электораттын тандоосуна доо кетет деп эсептейт Швециянын өкмөтү. Швециядагы шайлоо Евробиримдик былтыр киргизген санарип кызматтар жөнүндө мыйзам жана “Демократиянын калканычы” демилгеси үчүн чоң сыноо болмокчу. Бул демилге Кремлдин кибер кийлигишүүсүнө каршы аракеттер программасы болуп эсептелет дейт Брюссель. Ал эми Швециядагы оппозициячыл демократтар жана оңчулдар Евробиримдикти жактыра беришпейт.
Дания: шайлоо жана Гренландия санаасы
Дания Королдугунда 2019-жылдан бери бийликтеги социал-демократтар кооптонуп турат. Көпчүлүктүн көөнү үчүн жасалган иммиграцияга каршы кескин чаралар премьер-министр Метте Фредериксендин рейтингин анча жогорулата албады. Бирок Даниянын бийлигин да, оппозициясын да санааркаткан нерсе – Гренландия. АКШ президенти Дональд Трамп шайланары менен Гренландияны сатып алам же тартып алам деп жар салгандан бери даниялыктарда уйку жок. Венесуэланын президентин баса калып кармап кеткенден кийин АКШнын Арктикадагы коопсуздугу үчүн Гренландияны күч менен болсо да алам дегени ого бетер элдин үрөйүн учурду. Суверендүү мамлекеттин башчысынын өз өлкөсүндө туткундалып кетиши эл аралык укуктар иштебей, БУУнун Уставы, адамзат кан жана тер менен жараткан, макулдашкан принциптер улагага сүрүлүп, эми биротоло айылдан алыс кубаланышы мүмкүн экенин айгинелеп турат. Эч ким эч нерсе кыла алган жок. Муну көргөн Дания кантип тынч уктасын.
Еврозонадагы алгачкы жылында болгарлар президентин шайлайт
1-январдан тартып Болгария еврону колдоно баштады. Олигархияга жана бийликтеги коррупцияга каршы элдик толкундоолордон соң өкмөтү кызматтан кетти. Өлкөдө президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт. Ага чейин же ага удаа парламенттик шайлоо өтөөрү да күтүлүүдө. Ушул шайлоолор Болгария кептелген сая-сий туңгуюктан чыгарат деп эсептешет жергиликтүү саясатчылар. Еврозонага кирген экономика шыр эле кадам шилтеп кетиши кыйын, демек социалдык нааразычылыктар уланышы ыктымал.
Словения менен Латвияда парламенттик шайлоолор
Мартта Словенияда, октябрда Латвияда парламенттик шайлоо өтөт. Словениянын оңчул оппозиция Демократиялык партиясы азыр парламентте көпчүлүктү түзгөн “Эркиндик үчүн кыймылына” жана премьер-министр жетектеген солчулдар партиясына негизги атаандаш болору күтүлүүдө. Мындан тышкары, жаңы күчтөр да жарышка чыгып, абсолюттук жеңишке жетиши кыйын, демек шайлоодон кийин да өкмөттү куроо бир топко созулат дешет аналитиктер.
Латвияда азыркы премьер-министр Эвик Силиней жетектеген партияга атаандаш Улуттук альянстын рейтинги жогору экенин соңку сурамжылоо көрсөттү. Бирок электораттын маанайы жайкы булуттай туруксуз. Балтика боюндагы бул өлкө да шайлоого таасир этүүчү IT системасын жакшыртуу жана маалымат коопсуздугун камсыздоо менен катуу алектенүүдө.
Эстониянын парламенти быйыл жайдын этегинде же эрте күздө президентин шайлайт.
Германия, Испания, Франция жана Италия: муниципалдык шайлоолор
Европанын төрт ири мамлекеттеринин аймактарында шайлоолор азыркы бийлик үчүн чоң сыноо. Аталган мамлекеттердин борбор шаарларынын башчыларын шайлоодо бийликтеги партиялар калабы же башкалары утабы, ошого жараша бийликтин таасири аныкталмакчы. Быйылкы аймактык шайлоолор бул өлкөлөрдө өтүүчү парламенттик жана президенттик шайлоолор үчүн чечүүчү мааниге ээ.
АКШда конгрессмендер, сенаторлор жана губернаторлор шайланат
Быйыл 3-ноябрда Кошмо Штаттарда америкалыктар Конгресстин 435 мүчөсүн, Сенаттын үчтөн бирин (35 орун) жана 36 штаттын губернаторун шайлайт. Тарифтер, иммиграция, инфляция, тышкы саясат шайлоо кампаниясында башкы темалар болот. Трамптын тышкы саясий кадамдары, импорттук салымдары шайлоого тушташ оң же терс үзүрүн бере баштайт.
Демократтар учурда өтө алсыздыгын көрсөтүп, Трамптын администрациясына тиш кайрый албай турат. Албетте, Конгресске жана Сенатка демократтар арбын шайланган күндө деле Трампка туруштук бериши проблема, бирок жигердүү, шайдоот оппозиция пайда болуп, демократтардын арасынан күчтүү лидер чыкса, президенттик шайлоодо республикачылардын башын оорутмагы турулуу иш. Америкадагы быйылкы парламенттик жана болочоктогу президенттик шайлоолордун жыйынтыгы дүйнөгө катуу таасир этеринен эч ким күмөн санабайт.
Бразилияда октябрда президенттик шайлоо өтөт. Азыркы мамлекет башчысы жана кайрадан президенттикке аттанууга ниети бекем Луис Инасиу Лула да Силванын рейтинги жогору. Мурдагы президент Жаир Болсонару дисквалификация болгондон кийин, консерваторлор менен оңчулдардан турган оппозиция бирдиктүү кандидат издеп турган чагы. Бразилия, Аргентина, Уругвай жана Парагвай бириккен соода-экономикалык уюму Меркосур Евробиримдик менен жыйырма жылдан бери даярдалган келишим түзүүгө жакындап калды. Былтыркы жылдын аягында буга чейин келишимге каршы Париж менен Рим макулдугун бергенсиди. Латын Америкасынын эң ири өлкөсү Бразилия-дагы президенттик шайлоо регион үчүн гана эмес, Россия, Кытай, АКШ жана албетте, Европа үчүн чоң мааниге ээ.
Колумбияда да президенттик шайлоо болмокчу. Азыркы президент Густаво Петро мыйзамга ылайык кайра талапкер боло албайт. Учурдагы бийликке атаандаш кансерваторлор менен орточул күчтөрдүн талапкери бийликке келсе өлкөнүн саясий багыты өзгөртүлөт. АКШ илгертеден бери наркозаттардын ири экспертору Колумбияга наркотрафикке айыптап президент Мадурону байлап-матап кеткендей ыдык көрсөтөбү же Венесуэланын нефтисиндей Вашингтон кызыга турган кен байлыгы жокпу, аны мезгил көрсөтөт.
Перуда соңку жылдары улам бийлик алмашып, саясий туруксуздук уланууда. 2026-жылы өтө турган шайлоо бийлик институттарын бекемдеп, элдин ишенимин жогорулатабы же туруксуздук өнөкөт бойдон калабы деген суроо өлкөнү түйшөлтүп турат.
Португалия, Конго, Гамбия ж.б. бир катар мамлекеттерде президенттери шайланат.
Еврейлер парламентин шайлайт
Кенедей жерди ээлегени менен ааламга таасири чоң, террористтерди жок кылмакчымын деп бир топ мамлекеттин аймагын аткылап, тегерете курчаган араб өлкөлөрүнө моюн бербеген Израиль парламентин шайлайт. Жакынкы Чыгыш, Иран, Россия, АКШ жана Европа бул шайлоого кылдат көз салып турат. Салбаганда кантет, еврейлер дүйнөлүк саясатта жана финансылык системада чечүүчү роль ойноп келген, ойной бермекчи.
Мамлекеттик дума
Россияда сентябрда Мамлекеттик думага депутаттар шайланат. Учурда “Единая Россия” абсолюттук көпчүлүктү түзөт. Албетте, үч жылдан бери созулган орус-украин жаңжалы, Россияга салынган санкциялар жана аларга байланышкан социалдык-экономикалык маселелер электоратка кайсы бир деңгээлде таасир этет. Бирок ошол эле согуш орус коомун бириктирип, кескин кадамдардан тартынтып турат. Россия парламентине шайлоо ички саясий ландшафтты кескин өзгөртө албайт, кокустуктар болбойт дешет орус аналитиктери.
Украинада шайлоо качан болору белгисиз
Украинада президенттик шайлоо орус-украин жаңжалы уланган
сайын ого бетер актуалдашты. Москва президент Зеленский легитимсиз, анткени кайра шайланбастан, согушка шылтап бийликте өзүм билемдик менен отурат деп эсептейт. Трамп да Путиндин бул пикирин ачык колдобосо да, Украинада бийлик легитимдүү болушу керек деп кыйыр колдойт. Украин конституциясына ылайык, согуш маалында шайлоо өтүүгө болбойт, бирок Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп кеткен. Ал өзү деле бийликтен кетүү ниетин билдирген. Арийне, согуш токтой элек, тилекке каршы. Демек, президенттик шайлоо өткөрүүнүн мыйзамдуу негиздери жана шайлоонун мөөнөтү суроо бойдон калууда. Украин бийлиги шайлоонун мөөнөтүн так айта элек, ал тургай, бир чечимге келе элек. Ошентсе да шайлоочулардын тизмесин тактоо, шайлоо мыйзамдарын жана процедураларын кайра карап чыгуу аракеттери көрүлө баштаганы быйылкы жылы да өтүшү мүмкүн экендигин кыйытып турат.
Ошондой эле быйыл 7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Арменияда абал жеңил эмес. Евразия экономикалык бирлигине мүчө, бирок убайын көрө элек. ЖККУга таарынычы чоң, Азербайжан менен тынчтык келишими түзүлдү. Андан тышкары, быйыл парламенттик шайлоолор Эфиопияда, Алжирде, Жаңы Зеландияда, Угандада, Бенинде, Мьянмада, Коста-Рикада, Таиландда, Вьетнамда, Лаосто, Непалда, Гаитиде өтмөкчү. Кипрде да жаңы парламент шайланат. Айтмакчы, быйыл Кипр Евробиримдикке төрагалык кылат. Ал эми Бангладеште парламенттик шайлоо конституциялык референдум менен бирге өткөрүлөт. 2011-жылы Көз карандысыздыкка жетишкен Түштүк Суданда биринчи жолу парламенттик шайлоо өтмөкчү.
Быйыл 5-февралда СНВ-3 Келишими күчүн жоготот. Жарыша куралданып, жаңжалдар кычаган бу заманда стратегиялык куралдарды чектөө боюнча жаңы келишимдин түзүлүшү арсар.
Жылдын башында, тагыраагы 6-22- февралда Италияда (Миланда Кортин-д’Ампеццодо) Кышкы олимпиада оюндары, мартта Паралимпиада оюндары өтөт.
Быйылкы Евровидение ыр-күү конкурсу (70-ирет) Венада майдын ортосунда өтөт. 12-февралда Вена операсына арналган бал өтөт. Ал эми футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-19-июлда АКШ, Канада жана Мексикада болот.
Адаттагыдай эле Венецияда, Бразилияда карнавалдар, Париж менен Миланда мода көргөзмөлөрү ж.б. маданий окуялар болжолдонууда.
Быйыл июнь айында “Ынтымак Ордонун” демилгеси менен интеллектуалдардын бүткүл дүйнөлүк форуму, ошондой эле 31-августтан 6-сентябрга чейин VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Айтмакчы, интеллектуалдардын бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүү идеясынын авторлорунун бири – жалпы улуттук “Кыргыз Туусу”
гезити.
Сыргак ЭСЕНБЕК


