Кыргыз ренессансы – кайталанабы?

Азыркы ааламдашкан дүйнөдө Кыргызстандын орду жана ролу кандай? Эгемендүүлүктүн 35 жылы бизге эмнелерди берди, эмнелерди жоготтук? Улуттук адабиятыбыздын абалы кандай? Улуттук өнөр кандай өнүгүп жатат? Анимациянын абалы кантти? Театрчы? Архитектурабыз улуттук эс тутумду жоготууга багыт алган жокпу? Улуттук аң-сезимибиз кантти? Илим туура багытта өнүгүп жатабы?

Өткөн жумада өткөн “Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу”  чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын  улуттук форуму мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде талкууга жем таштады жана мындай жыйындар туруктуу жана ар кандай форматта өтүп турушу керектигин тастыктады.

Соцтармактарда форум өз ишин ийгиликтүү аяктаганын белгилешип,  өз пикирлерин айткандар арбын болууда.

Алардын бири Дабыт Абдылбары уулу фейсбук баракчасына:

“Өсөр элдин балдары бирин-бири баатыр» дейт. Ар ким өз ишине тың болуп, аракетин көрсө, мээнет кылса, калыс сөзүн айтса, жетишсиз тараптар болсо объективдүү пикири менен көрсөтсө, майда-чүйдө маселелерге көз жумуп коюп, туура бараткан чоң багытка дем-күч берсе, сүрөсө, кыргыз ренессансы жаралбаска дагы кандай себеп бар?!  Таланттуу, өнөрлүү, күжүрмөн адамдар — ата журттун нукура байлыгы. Адам капиталы кыргыз өлкөсүнүн эң башкы ресурстарынын бири. Кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечеги — алдыда», – деп жазды.

Башкалар да форум ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, «…Чыгармачыл-илимий интеллигенцияда “мен мамлекетке эмне бере алам?” – деген түшүнүккө караганда “мамлекет мага эмне бере алат?” — деген түшүнүк үстөмдүк кыларына күбө болдук. Эң башкысы эл үмүт кылган, бирок өздөрү итке минип, көздөрү кежигесине өтүп кеткен интеллигенция элди ойготуп, ойлонтуп, алдыга жетелеп, жол көргөзүп, улутка дем жаратканга өздөрү жарамдуубу? Ушул маселе улуттун учурдагы чоң көйгөйү болууда…» деген олуттуу ойлорун айтышты.

Демек, форумдун жүрүшү жана анда айтылган сөздөр эч кимди кайдыгер калтырган эмес. Башкаларды билбейм, мага мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин слайддан «Токмоктогу балдар үйүндөгү  сүрөттү” көрсөтө берип: “Биз ар дайым кечээги өткөн чагыбызга сереп салып, андан сабак алып, анан алдыга умтулганыбызда гана жаңылбайбыз деп ойлойм. Береги сүрөттөгү Үркүндө ата-энелеринен, жакындарынан ажырап, Кеңеш өкмөтү уюштурган жетимдер үйүнө корголоп келишкен балдар, Токмоктогу балдар үйүндө жылаңайлак, өкмөт тараткан жалаңкат көйнөкчөн, курсактары чала тоют, кара тоголок балдардын мууну тарыхый жоопкерчиликти абийирдүүлүк менен көтөрүп, Кыргызстандын урматына жан-дилден кызмат өтөшкөндүгүн, Ата-Журттун өрчүп-өнүгүшүн мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке жеткиришкендигин эсибизден чыгарууга эч акыбыз жок. Алардын арасынан Алыкул Осмонов, Абдрасул Токтомушев, Болот Мамбетов, Болот Юнусалиев, Баян Аламанов, Саткын Сасыкбаев жана башкалар сыяктуу кандай гана залкар адамдар чыккандыгын жакшы билесиздер. Мына ушундай аталарыбыз Кара-Кыргыз автоном облусун түптөп чыгышкан, мына ушул инсандар кыргыз реннесансын жаратышкан. Алар “түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыздын” улуу үлгүсүн көрсөтүшкөн” дегени ушул азыр да кулагымда жаңырып турат.

Ошол муунга салыштырмалуу алардан кийинки муундар Кыргызстан үчүн эмне жасадык. Айына 200-300 миң сомдон төлөп, балдарыбызды жеке менчик мектептерден окутуп жатабыз. Курсагы ачпасын деп, чөнтөгүнө күнүнө 500 сомго чейин салып беребиз. Бул балдарыбыздан кандай муун өсүп чыгып, келечеги кандай болоор экен?

Айтор суроолор көп. Жооп жок.

КР музыка ишмерлер союзунун өкүлү Курмангазы Азыкбаев: “Эстрадалык-жаз театрын Бишкек жана Ош шаарларында түзүүгө” караганда, улуттук уңгу, улуттук дем, улуттук аң-сезим тууралуу көбүрөөк айтты. Уңгу десе көптөр буга көп маани бере беришпейт. Сөздүн уңгусу болгондой эле, ар бир адамдын аң-сезиминин да уңгусу болот. Маселе ошол уңгунун маңызы кандай, кеп ошондо? Дагы бир олуттуу жагдай, уңгуга эмне уланат, бул да ойлончу маселе. Адатта, сөздүн уңгусуна уланды мүчө уланганда сөздүн маа-ниси өзгөрбөйт. Ал эми сөздүн уңгусуна куранды мүчө уланганда сөздүн мааниси түп-тамырынан өзгөрүп кетет. Демек, улуттук аң-сезим үчүн кандай улуттук идеяларды көтөрөбүз, улуттук адабият, улуттук искусство кандай болот, кандай жол менен кетебиз, мына ушулар маанилүү”, – дейт.

Архитекторлор союзунун өкүлдөрү Уланбек Айжигитов менен Мамасыдык Амыркулов “Кыргызстандын тарыхый архитектурасын сактоо жана заманбап курулушта улуттук кодду киргизүү”, “Кыргыз архитектура ренессансынын дарбазасы – анын этноархитектурасынан башталат” деген темада ой-пикир, сунуштарын айтышты.

Президент Садыр Жапаров: “Тарыхый-мурас жайларды сактап калуу – бул жөн эле закондорго таянып иш жүргүзүү эмес, ошол тарыхты, маданиятты жаратып кеткен ата бабаларга таазим этүү” – дегени ар бирибиздин эсибизде чыгар.

Архитектуралык тарыхый-маданий мурастар бул ошол доорлорду тактап бизге сакталган тарыхый эстелик. Тилекке каршы, Кыргызстандагы тарыхый- мурас жайларды коргоп ишке ашырууда, бүгүнкү күндөрү көптөгөн көйгөй маселелери жаралып баштаганын айтып коюуга тийишпиз.

Борбор калаабыздагы чыгыш архитектурасынын үлгүсүндө салынган Ош базарын жана кыргыз калпагын элестеткен “Кыял” элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмесинин имаратын алалы. Бүгүн шаар бийлиги Ош базарын шаардын сыртына көчүрүп, базардын ордун паркка айландырабыз деп жатат. Чынын айтканда муну менен келишүүгө болбойт.

Архитекторлордун өкүлдөрү айткандай, архитектура – бул элдин жүзү. Кыргызстандын архитектуралык мурастарын сактоо жана жаңы курулуштарда улуттук өзгөчөлүктү чагылдыруу – бул замандын талабы гана эмес, улуттук милдет.

Форумда белгилүү обончу Атайбек Бөдөшов да жакшы сүйлөдү. Атайбек аба кийинки жылдары мектеп программасынан музыка сабагы алынып салынганына кейиди. “Бешик ыры бекерчиликтен келип чыккан эмес. Кыргыздар ыр, обон ымыркайга аябагандай таасир берерин, ыйлаганда соороторун, атүгүл, обондун ыргагына жараша кыймыл-аракет кылып, акыл-эси өсө баштарын билишкен. Бекеринен балдарга бала бакчадан музыкага үйрөтүшпөйт. Бекеринен союз мезгилинде мектептерге милдеттүү түрдө музыка сабагы киргизилген эмес. Музыка сабагын жоюп салуу менен, балдардын көңүлүндөгү комуздун кылы үзүлүп салгандай абалда калганы талашсыз”.

Театр аркылуу тарых жаратып жаткан таланттуу режиссёр балабыз Уланмырза Карыпбаев: “Өлкөдө театр көп болсо түрмөлөр аз болот” дегени логикалык жактан Атайбек абанын айткан оюн улаган сөз болду.

Улуттук обондор, комуз күүлөрү жаңырып, театр көбөйсө, анда спектаклдер коюлуп, эл агылып барып, улуттук аң-сезим ошончолук өсөт, улуттук биримдик ошончолук чыңалат.

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев билим жана мугалимдин кадыры маселесине токтолуп, билим, мугалимдин статусу жана мамлекеттин өнүгүүсү тууралуу маанилүү мисал келтирди. Анын айтымында, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин оор абалга туш болгон Япония мамлекетин кыска убакыт ичинде өнүктүрүүнүн негизги сыры билимге басым жасоодо болгон. Япон жетекчилери мугалимдин кадыр-баркын жогорулатып, мугалимдерге жогорку айлык, дипломаттык деңгээлдеги кол тийбестик жана мамлекеттик эң жогорку урмат-сый көрсөткөн. Натыйжада билим берүү системасы күчөп, өлкө өнүгүү жолуна түшкөн.

Нарын облусунан келген Сыдык Иманалиев “Сүрөө маданияты – улуттук биримдиктин философиясы” экенине токтолду. Ооба, сүрөө да маданият, болгондо да улуттук маданият. “Манас” эпосундагы “Каныкейдин Тайторуну чапканы” эпизоду бул сүрөө маданиятынын үлгүсү эмей эмине?!!

Улуттук форумдун алкагында айтылган уңгулуу ойлордун бири адабият, искусство жана илимий интеллигенцияга мамлекеттик стипендия чегерүү идеясы болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда спортчулар гана мамлекеттик камкордукка алынган. Алар үчүн стипендия бар. Ошол эле учурда, адабият, маданият, искусство жана илим чөйрөсү мындай камкордуктан куру калышкан.

Ошол эле кыргыз сүрөтчүлөрүн алалы. Алардын арасында дүйнөлүк бийиктиктерди багынтып, көркөм сүрөт өнөрүндө кыргыз ренессансын жараткандар аз эмес. Тилекке каршы, булардын бири да мамлекет тарабынан камкордукка алынган эмес. Атүгүл чет өлкөлөрдөгү сапарын, көргөзмөсүн өздөрү каржылап, баарын өз чөнтөгүнөн каржылашат. Натыйжада, алар жараткан картиналар чет өлкөлүк музейлердин жана жеке коллекционерлердин энчисине жана менчигине айланууда.

Кино тармагындагылар тууралуу деле ошону айтууга болот. Алар деле чет өлкөлөрдө өткөн кинофестивалдарга катышуу үчүн өз чөнтөктөрүнөн төлөөгө аргасыз. Акын-жазуучулардын, илимий интеллигенциянын абалы деле ошол.

Улуттук форумда эң көп көтөрүлгөн маселе – «илимий иштерди жактоо үчүн талап кылынган scopus макалаларын жокко чыгаруу» идеясы болду. Бекеринен окумуштуулар илимий иштерди жактоо үчүн талап кылынган scopus макалаларын жокко чыгаруу тууралуу сунуш айтышкан жок. Бечара жаш окумуштуу scopus  журналдарынан бир макала чыгаруу үчүн 180-300 миңдин тегерегинде акча төлөөгө тийиш экен. Бул эмне деген абсурд?! Кыргыз тили жана адабияты, же кыргыз тарыхы тууралуу жазылган илимий макалаларды scopus журналдарына чыгарып кереги кимге?

Кыскасы, форум ренессанс, кайра жаралуу урааны астында өттү. Эми ошол айтылган ойлор турмушка канчалык ашат, кыргыз ренессансын жарата алабызбы, аны убакыт көрсөтөт.

 Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз