Воскресенье, 19 мая, 2024
15.1 C
Бишкек

Олимпиадалык коло медаль ээси Александр Абушахметов

Александр Абушахметов 1954-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз спортунан таалим, тарбия алып, чоң спортто ийгиликтерге жетишти. Фехтование өнөрүнүн шпага түрү боюнча ал жеткен бийиктикке азырынча эч ким жете элек.

Кылыч чабышуу өнөрү өзгөчө талантты, шык-жөндөмдү талап кылат. Ички маданият, гармония, сезимталдык, сергектик да болушу зарыл. Александрда мындай сапаттардын баары бар эле. Себеби ал театрды, опера, балетти сүйчү. Учурунда баскетбол жана велоспорт менен да машыккан. Анан бир спортту тандап, андан майнап чыгарып, өзүн көрсөтүүнү самады.

Баскетбол командалык оюн болгондуктан андан суурулуп чыгуу, эл аралык аренага таанылуу кыйын эле. Велоспорттун түйшүгү да оңой эмес. Анан калса техникалык жабдуулары, спорттук велосипеддин өзү да кымбат. Саша жети өлчөп, акыры фехтования спортун тандап алды. Бул спорт жандүйнөсүнө да жакын сезилип, орто кылымдардагы батыш өлкөлөрүндөгү рыцарлардай каармандык көрсөтүүнү самады. Анын спорттун бул түрүнө кызыгып калуусуна башкы түрткү – бир жолу ата-энесинин курбусу Виктор Войченконун үйүнө мейманга барып калышы болду. Ал фехтования боюнча машыктыруучу эле. Анын үйүндөгү мелдештерде жеңип алган медалдарын, байгелерин, дипломдорун кызыгып карап, төргө илинип турган шпаганы кармалап көрдү.

– Шпага менен машыгып, өзүңдүн күчүңдү сынап көргүң келеби? – деди шпаганы кармалап, кызыгып турган Сашага Виктор Васильевич.

– Албетте, машыгууну каалайм. Мен дагы атактуу үч мушкетердой баатыр болгум келет, – деди Саша токтолбой. Себеби Сашанын атасы да жаш кезинде фехтования менен машыгып,  белгилүү устат Виктор  Войченко менен теңтуш эле.

– Вениамин, сен жетпеген бийиктиктерге уулуң жетсин. Кан тартат деген ушул. Мына сенин жолуңду жолдоп, Сашаң таанымал спортчу болсун. Келишимдүү бою да узун жигит болгон тура.  Жаңы жылдан баштап келсин, – деди В.Войченко.

Сашанын сүйүнүчүн айтпа! Шпаганы алып, өзүн рыцарлардай сезип, балалык таттуу кыялдардын кучагында калды.

1967-жылы жаңы жылды тосушуп, кышкы каникул башталаары менен Бишкектеги Ленин атындагы (учурда Кожомкул) спорт ордосундагы фехтование ийримине катыша баштады. Тубаса шыңга бойлуу болуп, буга чейин баскетболго катышкандыктан башка балдарга караганда өзүнүн шамдагайлыгы, чапчаңдыгы менен айырмаланып, ыкмаларды бат өздөштүрүп, бир дагы машыгууну калтырган жок. Техникалык көнүгүүлөрдү да тажабай аткарып, бутуна бекем тура баштады.

Анын чыдамкайлыгы, машыктыруучу көрсөткөн каталарын оңдоого болгон аракети, бир нече саат болсо дагы бардык ыкмаларды үйрөнүүгө дилгирлиги устатына майдай жакты. Айрым балдар бир нече жолу «укол» алгандан кийин чыдабай ыйлап же кийинки машыгууга келбей калышчу. “Укол дегени” фехтованияда атаандашынын аны сайып, упай алганы. Саша «укол» алып, эти ооруса дагы чыдап, булчуңдарын чыңдап, каталыктарынан сабак алып, чеберчилигин жогорулатуунун үстүндө иштеди. Бош убакытысында спорт ордосуна келип, машыгуусун үзгүлтүк кылбады.

Мындай талбаган аракеттин акыбети кайтып, машыкканына жарым жыл өтпөй  респуб-
ликалык биринчиликте байгелүү орунду ээлеп республиканын атынан 1968-жылы мектеп окуучуларынын Бүткүл союздук спартакиадасына катышты. Натыйжа жаман болгон жок, алтынчы орунду ээлеп, өзүнө ишеним жаратты.

1970-жылы социалисттик мамлекеттер арасындагы эл аралык турнирде уландар командасынын катарында күмүш медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып,
адистердин көңүлүн бурду.

Ошол эле жылы СССРдин чемпионатында алтын медалга ээ болуусу, аны СССРдин  жаштар курама командасынын катарына кабыл алынуусуна жол ачты. 1971-жылы федерация жетекчилери аны СССРдин жаштар тандалма командасынын катарында дүйнө чемпионатына катышууга ишеним көрсөтүштү. Александр ал ишеничти актап, Канадада өткөн жаштар арасында дүйнө чемпионатында күмүш медалды жеңип алып, адистердин ишеничин актады. 19 жаштагы Александр Абушахметовго «СССРдин эл аралык даражадагы спорт чебери» деген ардак наам ыйгарылды. Салт катарында, ал убакта мындай ардак наамга баралына жетип, 25-26 жаш куракка барганда гана ээ болушчу.

Жыл өткөн сайын Сашанын чеберчилиги жогорулап, 1973-74-жылдары “Таллин кылычы” эл аралык мелдештеринде, мыктылардын сабына кошулуп, күмүш байгени камсыз кылган. Ошондой эле ал «Алтын шпага» байгесин утуп, эл аралык аренада Кыргызстанды тааныткан.

Александр Абушахметов СССРдин тандалма командасынын курамында 1976-жылы Монераль олимпиадасына катышып, өлкө намысын коргогон. Ошол учурда ал СССРдин тандалма командасынын мүчөсү катары дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарды ээлеп, мыкты спортчулардын сабында турган. Ошентсе да, аны олимпиадалык командага акыркы саналуу күндөр калганда гана кошушкан. Себеби, СССРдин спорт жетекчилери аны өтө жаш, анан дагы көздөгөнүн бербеген кежир жигит дешип, ишенбей турушканда, устаттары анын таламын талашып, коштурушкан.

Чынында эле устаттары жаңылышкан эмес экен. Канадада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда Александр командалык эсепте СССРдин командасына коло байге утуп берүүгө салым кошту. Анын мындай ийгиликтерге жетүүсүнө даңазалуу устаттар Александр Дизендроф менен Владимир Дониндин салымы зор болгон. Алар айыгышкан салгылашуу учурунда туура чечим чыгарууну, учурду, атаандаштарынын каталыктарын жаза кетирбей, дароо чабуулга өтүп, упай алууну, шпага чабышуунун терең сырларын үйрөтүшүп, чыныгы рыцарь кылып тарбиялашкан.

Анын спорттогу ийгиликтери уланып, 1977-жылы Таллинде өткөрүлгөн СССРдин чемпионатында да баш байгеге арзып, алтын медаль тагынган. 1981-жылы СССРдин чемпионаттарында жеке таймашууларда жеңүүчү аталган.

1978-жылы Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте өткөн дүйнө чемпионатында СССРдин тандалма командасынын катарында намыс талашып, коло медаль тагынган.

1978-жылы Дүйнө кубогунда баш байгенин ээси болсо, ошол жылы Германиянын Гамбург шаарында өткөн дүйнө чемпионатында дагы командалык эсепте СССРдин күмүш байге утуп, экинчи орунду ээлешине салымын кошкон. Ал эми 1979-жылы Австралиянын борбор шаары Мельбурн шаарында СССРдин жылдызы жанып, шпага түрүнөн командалык эсепте дүйнө чемпиону аталып, бул жеңишке салым кошкон Александр да алтын медалдын ээси болгон.

1980-жылы Москва олимпиадасында кыргызстандык Александр Абушахметов фехтованиенин шпага түрү боюнча командалык таймашууларда өнөр көрсөткөн. Ал жыйырмадан ашуун атаандаштарынан озуп, командалык эсепте коло медалдын ээси болгон.

Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Москва олимпиадасынан кийин ал СССРдин баш калаасында биротоло калып, эл аралык турнирлерге катышкан. Москва олимпиадасынан беш жыл өткөн соң чоң спорт менен коштошуп, атактуу ЦСКА спорт клубунда машыктыруучу болуп, ондогон мыкты спортчуларды тарбиялап, шпага чабышуунун сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, аларга бай тажрыйбасын бөлүшкөн.

Өкүнүчтүүсү – болуп-толуп турган 41 жаш курагында 1996-жылы жүрөгү токтоп, Москвада каза болгон. Чоң спорт, көп жылдар машыгуу, ой-санаага батырган мелдештер анын ден соолугуна таасирин тийгизип, энергия, күч-кубатын алып койсо керек.

СССРдин тандалма командасынын устаты Павел Колобков: «Александр техникалык-тактикалык ыкмаларды мыкты аткарчу. Ал өз учурунун чыгаан спортчусу, адамкерчилиги бийик мыкты инсан эле. Менин фехтования спорту менен машыгуума ал себепкер болгон,  – деп эскерет.

Анын кыргыз спортуна кошкон салымы, кыргызстандыктар тарабынан дайым эскерилип келет.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар