Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Чолпон СМАНОВА: “Сандарга аң-сезимдүү түрдө көңүл буруу керек”

Айрым адамдар туулган күнгө  жана башка белгилүү даталарга көңүл буруп, татыктуу түрдө белгилөөнү жактырса, башкалар буларга өзгөчө деле көңүл бурбайт. Ошентсе да, бүгүнкү күндө бардык жашоосун сандардын таасири менен жашаган адамдар да жок эмес. Бул боюнча биз  азыноолак маалымат алуу максатында нумерология боюнча адис Чолпон СМАНОВА менен маектештик.

– Нумерология боюнча түшүн­дүрүп берсеңиз?

Нумерология чоң илимдердин бири болсо да 1970-++1980-жылдары атеисттик көз караштын алкагында таанылбай көмүскөдө калган.  Биз бүгүнкү күнгө чейин
Пифагордун таблицасын окуп келебиз. Окумуштуу Пифагор 6000 жыл мурун нумерология боюнча илимди түптөп кеткен. Албетте, ошол убакта эле адамдар кайсы убакта кандай иш кылса туура болот деп сандар менен эсептеп, жашашкан.

Нумерологиянын да түрлөрү бар. Мен классикалык пифагордук нумерология менен иштейм. Анда алгач адамдын психологиялык портретин анын туулган күнү, жылынын сандары менен түзүп алабыз.

Эгер адамдын психоматрицасында кандайдыр бир сандар жетишсиз болсо бул – кармалык  милдет. Адам өзүнө-өзү жардам берип, сырттан жардам күтпөй, ичинен өзүн күчтөөсү керек.

Биз бирөөгө жардам берерден мурун өзүбүзгө жардам бергенди үйрөнсөк. Мисалы, аялдарды ала турган болсок, бала төрөп, балага тарбия берүү, жолдошуна убакыт бөлүү, тойго барып эл менен мамиле түзгөндү да билүүсү керек. Аялдар эмоция менен жашасак да, ички интуиция, эс тутумубузду окуу менен өнүктүрүп турсак,  60-70 жашта да тунук акылда калууга болот.

Эгер биз өз эс тутумубузду терс эмоциялар менен толтура берсек, жакшы эмоцияларга орун калбай, интуициябыз жабылып, төмөнкү вибрацияга түшүп калабыз. Биздин апаларыбыз “Ай, менин эс тутумум начар болуп, эчтекени эске тута албай калдым, мурункулар эсимде жок” деп калат го. Ал эмнеден? Албетте, убактысын бирөөнү ушактоо, көрө албастык, терс эмоциялар менен өткөргөндүгүндө. Биз 80 жашка чыксак да аң-сезимибизди туура багытка жумшап, пайдалуу маалымат, жакшы эмоциялар менен толтуруп турсак, жаш кездегидей аң-сезимди сактап калабыз.

– Нумерология жашообузга кандай таасир берет?

– Нумерология менен өзүңдүн күчтүү жана алсыз жактарыңды аныктап, кайсы багытта, кандай жумуш менен алек болуу керектигин аныктап билсе болот. Кээ бир адамдарга бул жакшы жардам берет. Мисалы, жашоодон ордун таба албай жүргөн адамдар кандай жумуш менен алек болсом, бул меникиби, же меники эмеспи деп изилдеп, жолун таап алса болот.

– Нумерологияда инсанды жана тагдырды талдоо үчүн кандай методдор колдонулат?

Нумерологияда адамдын туулган күнү, жылын бир сандуу санга алып келип, кошумча формула менен психоматрицага алып келебиз. Бул жактан адамдын жашоосундагы болгон жагдайларды аныктап чыкса болот. Биздин жашоо 49 жылга чейин бөлүнөт. 49 жашка чейин адам баласы бир сыр белги менен жашайбыз. Бул жылдар ичинде үй-бүлө күтүп, балалуу болобуз, кесиптик жактан калыптанабыз. Анан 50 жаштан кийин башка сыр белги  активдешет. Биз ошол сыр белгини колдонушубуз керек. 50 жаштан кийин адам физикалык жактан эле өзгөрбөстөн, ички жан дүйнөсү өзгөрүп,  кесибин ийгиликтүү алмаштыра алат. 50 жаштан кийин адам бардык жыгынан өзгөрүүгө дуушар болот. Эгер адам 49 жашка чейин жашоодо өз багытында жашап, жакшы тажрыйба алып жашаса, ал дагы 49 жылга чейин
жашай алат. Албетте, ар бир адамдын бул дүйнөгө келген, кеткен күнү да
болот.

50 жаш юбилейлик жаш деп билбей эле той өткөрө беребиз. А чындыгында 50 жашты аң-сезимдүү түрдө белгилеп, жаңы жашоого багыт алсак болот. Адамдын жашоосунда өйдө-ылдый болгон мезгилине жараша алардын жашоодон ала турган сабактары болот. Албетте, адамдын жашоодо өйдө-ылдый болгон учуру болбой койбойт.

– Нумерология адамдарга чечим чыгарууга же келечекти болжолдоого жардам бере алабы? Мисалы, балдарыбызга “Сен бул кызга үйлөн же бул балага турмушка чык”, – деп айтып калабыз го.

– Бүгүнкү күндө биздин ата-энебиз айтып жүргөн адаттар таасир бербейт. Азыр элдин, балдардын ой жүгүртүүсү такыр башка. Эгер балдардын билими, ой жүгүртүүсү төмөн эле болбосо. Бардык жерде социалдык тармактардан маалыматтарды алып жатышпайбы. Эгер баланын кыялы катуу, анын психоматрицасында 5 саны болсо, ал ата-энесин укпай, өзүнүн чегин коргой билет. Эгер кыздарга ата-энеси “Жашың өтүп баратат, эртерээк турмушка чык”, – деп кыйнай турган болсо, биз ал кызга нумерология боюнча эсептеп беребиз. Эгер нумерологияда эркектин төрт 1 саны болуп, кыздын эки 1 саны болсо, алар бардык жагынан төп келген түгөйлөр боло алышат.

Энергетикалык жагынан карасак 2 саны энергиянын булагы болуп саналат. Үчтөн ашык 2 саны бар адамдар эмоционалдуу болуп саналат. Эгер кыялы, энергетикалык жагынан төп келишпей, үй-бүлөгө карамдуулук жагы, темпераменти жагынан төп келишип турушса, бир үй-бүлө  болуп жашаса болот. Аялдын үй-бүлөгө карамдуулугу төмөн, бирок эркектин үй-бүлөгө карамдуулугу жогору болсо, бул жакшы көрсөткүч. Себеби, аялдын үй-бүлөлүк абалга ылайыкташып кетүү табияты жогору. Эгер эркектин үй-бүлөгө карамдуулугу төмөн, аялдын үй-бүлөгө карамдуулугу жогору, аялдын психоматрицасында 1 санынан бирөө бар болсо, эркектин көп кемчиликтерине көзүн жумуп жашайт.

Идеалдуу түрдө бири-бирине төп келип жашагандар болбойт. Идеалдуу мамилени жаратуу үчүн түгөйлөр кемчиликтин үстүндө иштөөсү кажет.

– Нумерологияда  кайсы сандар эң маанилүү жана эмне үчүн?

Нумерологияда ар бир сан маанилүү. 1 саны мүнөз үчүн жооп берип, максат
коюуга жардам берет. 2 саны энергияга жооп берип, булар коммуникабелдүү болуп, өз кызыкчылыктарын жогорулатып турушат. 3  саны чоң максаттарга жетүүгө жардам берип, чыгармачыл адамдар болушат. 4  саны ден соолук үчүн жооп берип, бул сандагы адамдардын ден соолугу мыкты. 5 саны күчтүү логикалык сапатка жооп берет. Аялдар үчүн бир 5 саны болсо жакшы. Эгер эки-үч 5 саны болсо бул, эркектин саны болуп эсептелет. Бул эркек мүнөздүү аялдар болуп саналат. Эки-үч 5 саны бар аялдардын күйөөсүнүн мүнөзү жумшак болушу кажет.

6 саны физикалык күчтүн саны. Бул адамдардын логикасы күчтүү болсо да жалкоо болушат. Булардын жашоодогу максаты – кыйынчылыктарды жеңип, аракет жасоосу керек. 7 саны ийгиликтин саны. Эки 7 саны бар адамдар – ар дайым ийгиликтин толкунунда болушат. Бирок, ал адамдар өзүнүн алдындагы ийгилигин көрө албаса, алар ийгиликтин азабын тартышат. Эгер адамдын 7 саны көп болсо, алар “ийгилик мага өзү келиш керек” деген адамдар. Эгер 7 саны жок болсо, алар “Өзүм гана жасашым керек”, – дешет. 8 саны жоопкерчиликтин саны болсо, 9 саны эс-тутумдун саны.

– Нумерологиянын жардамы менен кандай маселелерди чечсе болот?

– Бардык маселелерди чечсек болот. Сандардын жардамы менен адам өзүнүн күчтүү жактарын пайдаланып, көптөгөн маселелерди чече алат. Адам өзүнүн күчтүү жактарын табуу үчүн эң жок дегенде бир китепти алып окуп, же бир курсту окуусу кажет.

Мен деле 42 жашка чейин эки жогорку билимдүү болгом. Өзүм орус филологиясын бүтсөм да, бир күн да мугалим болуп иштеген эмесмин. Андан кийин юрист кесибинде билим алып, көп жыл бул тармакта иштедим. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кийин базарда иштеп, 4 кыздын апасы болдум. 41 жашымда  өзүм үчүн өнүгүүнү тандап, жашоомду түп тамырынан өзгөрттүм. 46 жашымда нумерологияга кокусунан келип, өзүмдүн жашоодогу миссиямды билип, аны улантуу максатында 48 жашымда үчүнчү билимимди психология жаатында алып, 50 жашымда магистрдик диссертациямды жактап, ар дайым изденүүдөмүн.

– Нумерология менен кыргыз элинин каада-салтында окшоштуктар бар бекен?

Мен ар дайым кыргызча макал-лакаптарды нумерологиядагы сандар менен салыштырам. Мисалы нумерологияда 7 саны ийгиликтин саны болсо, кыргыздарда деле “Жетинин бири Кыдыр”, “Жети өлчөп бир кес” дейт го. 9 саны – алдын ал сезе билүү, үчтөн көп 2 саны болсо сезе билүүнүн коду. 5 саны көп болсо бул адамдар психологдор болушат. 21 күн бою  биз жакшы сөздөрдү айтып, адаттарыбызды калыптандырсак болот. 40 күндөн кийин биз ошол адаттар менен жашап, 90 күндөн кийин ошол биздин дайымкы жашоо адатыбыз болуп калыптанат.

– Азыр сандарды колдонуп жашагандар барбы?

– Сандарга биз сөзсүз түрдө көңүл бурушубуз керек. Көпчүлүгүбүз колдонсок да, аң-сезимдүү түрдө колдонбойт экенбиз. Биз туулган күн, жаңы жыл, 8-Март майрамы менен калыптанган түрдө жашап, көнүп калганбыз. Пифагор айткандай, дүйнөнү сандар башкарат. Нумерологияда мүчөлүү жаш 23 жарым жашта башталып, 25 жарым жашта бүтөт. Мүчөлүү жаш туулган күнгө жарым жыл калганда башталып,  мүчөлүү жаштан кийин вибрация дагы жарым жылга уланат.

– Сандар 2024-жылды эмне дешет?

– Бул жылдын  саны – 8. Бул сан –  адилеттүүлүктү билдирет. 2024-жылы көп өзгөрүүлөрдөн коркпой, кабыл алуу керек. Бул жылы жаңы маалыматтарды, адамдарды кабыл алуу жакшы жыйынтыгын берет. Эки 4 төрт саны ден соолукту кароону да эскертет. Карма жылы  деп – буга чейинки  7 жылда кандай жашасак, ошол жылдардын жыйынтыгын көрөбүз. Эгер буга чейин туура эмес иш кылган болсоң, анын кайтарымы болбой койбойт. Эки 4 саны жогорку агрессияны жаратат. Ошондуктан, коммуникациялык байланышты күчөтүп, кылдат мамилени сактообуз кажет.

Маектешкен Кенже ОСМОНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар