Суббота, 27 апреля, 2024
8.1 C
Бишкек

Кадамжайда 104 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда 104 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын текшерүүнүн жүрүшүндө айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй турган жер тилкеси аныкталган.
Анын негизинде, мыйзам бузуучулуктарга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 634 млн 536 миң 916 сомдук жалпы аянты 104 га жер аянты А.Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар