Воскресенье, 5 мая, 2024
19.1 C
Бишкек

Көлдүк дунган туугандар

Ысык-Көл облусунда көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз бул жолу дунган элинин жашоосу, салт-санаасы менен  таанышууну көздөдүк.

Ырдык айылында 3000дин тегерегинде адам же 700 түтүн эл бар. Көпчүлүгү дунгандар болгон менен кыргыз, калмак, казак, уйгур, өзбек, сыяктуу башка улуттар 150 жылга жакын убактан бери ынтымакта жашап келишет. Учурда айылдын мектебинде жалпысы 600дөн ашуун окуучу окуса, анын ичинен дунган окуучуларга эне тили боюнча (дунган тили) жумасына бир жолу сабак берилет.

Айылдын тарыхына кайрылсак, 1877-жылы августта  дунган улутундагы 1116 адам Юсупов Хазирет деген руханий жетекчинин баштоосу менен  Кытайдан келип, тарыхый аты Маринск деп аталган ушул айылды түзүшкөн. Алар биринчи жолу келгенде, Омск губернаторуна жер сурап барышат. Ошол күнү губернатор кыздуу болгон экен. Ал: “Менин кызымдын аты Марина, кайсы жерге айыл түзсөңөр ошол жерди анын атынан койгула”, – деп сунуштаган дейт. Ошондон кийин бул жер алгач Маринск айылы деп аталган экен. Губернатор алардан “Силер эмне деген элсиңер, эмне менен алектенесиңер?” деп сураганда алар өздөрүн кытайлык мусулмандар деп тааныштырып, “биз жер иштетебиз, жашылча айдап, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз. Бизге жер керек” дешиптир.  Ошентип, алар уруксат алгандан кийин жерди суунун салмагы аркылуу издешкен дейт. Аксакалдардын айтуусунда, алар Каракол, Ак-Суу, Дыйшын суусун таразага салып, жер тандашкан. Бирок, мында кандай сыр бар – бул табышмак.

Келгиндер кийин айылды “Эрдэх” деп аташкан. Дунган тилинде бул “Экинчи капчыгайдын суусу” дегенди түшүндүрөт. Алардын айтуусунда, Каракол суусу биринчи капчыгайдан агып чыкса, Ырдык айылына келген суу экинчи капчыгайдан агып чыгат. Кийин бул сөз кыргыздардын тилине ылайыкташып “Ырдык” деп айтылып калган.

“Биздин жер кумдак. Суу Кызыл жардан кумду алып келет. Андыктан, пияз жакшы өсүп, сабиз жылмакай болот. Жерге суу да, жер  семирткич да жакшы сиңет, кыртышы бат кургайт, тез-тез сугарасың”, – дешет. Азыр бул айылда бардык дан өсүмдүктөрү, жашылчанын түрлөрү, жүсай, жүгөрү жана башка өсүмдүктөр айдалат. Караколдуктарды жашылча менен Ырдык, Конкин айылдары тейлейт деп бекер айтылбаса керек.

137 жыл мурда кытайлык Маньчжуро-Цин династиясына каршы куралдуу көтөрүлүштүн башчыларынын бири болгон Юсуп Хазирети кытайлар кубаттуу техникаларды алып келе баштаганда, элди ээрчитип Көлгө келген дейт. Ырдыктыктар аны чөлдө дуба окуп суу чыгарган касиеттүү адам деп билишет экен.

2017-жылы айылдын 140 жылдыгы өткөрүлүп, маданият үйүнүн жанына ошол биринчи капчыгайдан чыккан суунун жээгиндеги таштардын бирин алып келип, Ырдык-Таш деген эстелик орнотулган.

Негизи эле, дунган этносу жер шаарындагы эң жаш этнос болуп саналат. Анын жаралышы VII кылымдын экинчи жарымына таандык. Улуттун өсүшү Улуу Жибек жолунун гүлдөп-өсүшү менен  байланышкан. “Дунган” (тунгэн) этноними хуэйцзулар Кытайдын чыгышынан жана борбордук райондорунан Синьцзянга көчүп келе баштаганда пайда болгон. “Дунган”деген сөздүн өзү “Чыгыштан келген киши” дегенди билдирет.

Ошентип, элеттиктер менен баарлашып, мен тааныган немец тили мугалими Дагазиев Люшур ага каза болгонун угуп, капа болдум. Себеби, ал “Дүйшөн агай” делип, өзү немец тилинен сабак берсе да, кыргыз тилин окутууга көп көңүл бөлүү керектигин айтып жүрчү. Анын “Кыргызстан элдеринин достугу” урааны алдында 5 айылдын бардык этносун бириктирген ыр, бий фольклордук ансамбль түзүп, айыл жаштарынын маданий эс алуусун уюштурсакпы деген тилеги бар эле.

Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Медербек Султановдун билдиришинче, айылда ар бир жанга 46 соткеден жер бөлүнгөн, бул айылда жалпысы 1400 гектар суу баскан жери бар.

Дунган туугандар республикадагы башка дунган улутундагылар менен тыгыз байланышта. “Хуэймин бо”, “Минжын бо” аталган гезиттер дунган, орус тилдеринде чыгып турат.

Эң кызыктуусу, айылда 100 жылдан ашык жашаган курулуштар бар. Бийиктиги 6 метрге жакын зор дарбазаны көрүп таң каласың. Мурда ушундай кытайлар салган дарбазалар көп болчу экен. Азыр бирөө гана, аны “кызыл китепке киргизиш керек” деген пикирлер да болгон. Биздин пикирибизче “кызыл китепке” кирбесе дагы, мындай маданияттын үлгүлөрү жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө   болушу керек.

“Там үстүнө там салган”, – деп Манас-та айтылмакчы, кабаттай салынган кытай архитектурасын чагылдырган чатырчасы бар айылдагы фельдшердик пункттун, дунган ресурстук борбордун өмүрү да 100 жылдан узак. Бир да мык колдонулбай,  ашталып жасалган бул жай мурда бирөөнүн турак үйү болсо керек. Себеби, алгач бардык үйлөр ушундай болчу дешет. Айылдык этно-тарыхый музейдин директору Дагазиев Ли Мин музейде өтө көп экспонаттар бар экенин айтат. Анда ар түрдүү документтерден сырткары буюм-тайымдар, кийим-кечелер коюлган жана туристтер көп келген жай.

Эзелки калыбында сакталып калган дагы бир үй бар. Үйдүн алдында чоң устундар менен тургузулуп, үстү оюу түшүрүлгөн жыгачтар менен жабылган, негизинен калемпир жайып кургатып,  көлөкөлөп олтурганга ылайыктуу жай салынган. Өңү өчөйүн деп калган оймо-чиймелер жалпысынан гүлдөй көрүнгөнү менен, анын арасынан куш, анар, балык, бугу, ажыдаардын сөлөкөтү даана таанылат.

Албетте, дунгандар жөнүндө жазып, дунган уксузун, популярдуу “ашлянфу” жөнүндө кантип айтпай коебуз?  Көлдүн айтылуу “ашлянфусу” ушул Ырдыктан тараган деп айтылат. “Лең” – салкын. “Фын” крахмал. Ошондо, бул тамактын аты “ленфын” Ал эми “аш” деген муунду кыргыздар кошуп алса керек дейт мындагылар.

Эң кызыктуусу, булардын белгилүү уксузу улпактан жасалат. Бул боюнча ар бир кожойкенин өз сыры бар. Ал сыр оңой менен айтылбайт, өлсө, башы менен кошо кетет дейт кай бири.

“Акылдуу келиндер кайнененин өнөрүн өздөрү үйрөнүп алат. Биздин энебиздин 7 келини бар, энебиз уксузду өзгөчө жакшы жасаганы менен, алардын эч кимиси ал өнөрдү алып кала алган жок”, –  дейт дагы бири.

Дагазиев Ли Мин аганын айтуусунда, учурда айылда 2 гана  байбиче уксуз жасашат экен. Ал тамашага сала: “Азыр бул бизнеске айланды, эми анын жасалышы дагы да чоң сырга айланат”, – дейт.

Дунгандардын салт-санаасы бизден көп айырмаланат. Башка майрамдардын баарынан “Айт” майрамын улук деп эсептешет. Ал эми үйлөнүү үлпөтү кызыл түйүнчөк менен башталат. Дунгандарда ак түс аза күтүүнү билдирсе, кызыл кубанычты сыпаттайт. Андыктан кызыл түйүнчөктү жуучулар кызга көтөрүп барышканы, эгер кыз жигитти жактырса, аны бошотуп берери, жактырбаса кайра эле кайтарып коерун айтып берди.

Бир кызыгы, жаңгак, кант, чай сыяктуу нерселер салынган ушул түйүнчөк бир эле жолу келбей, 3 жолу келгенде гана, кыз жана күйөө тарап чогулуп сүйлөшөт экен. Ырдыкта кыздын макулдугу үйлөнүү үлпөтү беш кызыл түйүнчөк менен барып бүтөт.

Аларда кызга калың көп сурабаган менен, жигит тараптан кызга, анын туу-гандарына алтын зергер буюмдар көп берилет. Үч күн мурун кыз жакындары менен сый дасторкон үстүндө чай куюп берип, ошол жерде кайын журтка кандай мамиле кылуу керектигин тереңирээк билет. Тойдо дасторконду бир аял тейлеген менен, эркектер тамак ташып берип турат.

Айтор, бул эл мусулманчылыкты тутунуп, өз салтын сактап калган.  Кытайдын байыркы тили менен сүйлөшөт. Азыркы кытайлар алардын көп сөзүн түшүнө бербейт. Башкысы аз эл болсо да, тилин унуткан эмес.

Жазуучу, журналист, акын, филология илимдеринин кандидаты, дунган таануучу Фатима Машинхаева учурда  “Манас” эпосун Мар Байжиевдин орус тилине котормосунан дунган тилине биринчилерден болуп которуп жаткан экен. “Манасты которуу бир күндө эле башталып кеткен жок. Эки жолу котором деп, токтотуп койгом. Үчүнчү жолу Кытайдан Жусуп Мамайдын чөбөрөсү жолугуп калып, аны менен сүйлөшүп, анан манас таануучу, түркологдор менен кеңешип, украин тилинде котормосун окуп, которууга бел байладым. Буга чейин Ч.Айтматовдун легенда жана жомокторун которуп, бет ачарын жасагам. Эпосту которуу боюнча жазуучулар союзунан, “Манас” академия-сынан кеңеш алдым. Албетте, татаал иш, бирок, жылдын аягында биринчи бөлүгүн аяктайм”, – дейт ал.

Ушу айылдын 200 уулу Улуу Ата Мекендик согушта согуш талаасында курман болгон. Деги эле, бул айыл сыймыктанган белгилүү уул-кыздары арбын. Алардын бир нечесин атасак: дунгановед-лингвист Юсуп Янхеев, илим кандидаттары Хусейин Бугазов, Абдрахман Дагазиев, Сафар Малянчиков, Зухра Алиева, профессор Фатима Макеева ж.б.

Жумагүл   БАРКТАБАСОВА,
«Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар