Пятница, 17 мая, 2024
18.1 C
Бишкек

Лейлек районунда 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы курулуп жаткан 150 орундуу мектеп пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы сметалык баасы 84 млн. 516 миң 332 сомду түзгөн аталган объекти республикалык бюджеттин эсебинен жана Мамлекеттик казына облигациялары тарабынан каржыланган.

«Мектеп заманбап шартта курулуп, эки кабаттан турат. Бүгүнкү күндө курулуш-монтаждоо иштери бүткөрүлүп, тапшыруу алдында турат», — деп айтылат маалыматта.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар